Чеченстанга курал жөнөткөн деп АКШда кармалган кыргыз жараны тууралуу эмне белгилүү?

АКШда кармалган кыргызстандык жаран тергөө жыйынтыкталганча үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Виржиния штатынын Александрия шаарындагы ишти караган соттун кеңсесинен алынган маалыматка таянып "Азаттык" жазып чыкты.

Глок-17

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Глок" тапанчалары кимге жөнөтүлгөнү, азырынча айтыла элек.

Камакка алынган экинчи киши Казакстан жараны экени айтылып, ал камакта калган.

Кечээ күнү АКШнын Вирджиния штатынын Чыгыш округунун федаралдык прокуратурасы Чеченстанга мыйзамсыз курал жөнөтүүгө аракет кылган деп эки кыргызстандык жаран кармалганы тууралуу кабарлаган.

Алар 28 жаштагы Теңгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Эльдар Резванов экени айтылды. Кийин кармалгандардын бири - Эльдар Резванов казакстандык болуп чыкты.

АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлигинин тергөөчүсү Майкл Гручаш тергөө чогулткан илинчектер менен тааныштырган. Анын тергөө тобу бир катар айыптоолорду тагууда. Гручаштын айтымында, кармалгандардан сырткары дагы бир нече киши бул ишке катыштыгы болгонун таап чыгышкан.

Калган шектүүлөр чет элдик банктар аркылуу АКШга акча жөнөтүп турган. Каражатка курал-жарактын тетиктерин сатып алуу максаты болгон деди тергөөчү.

Прокуратура Резвановдун улутун кыргыз деп көрсөткөн, бирок Гручаш анын казак экенин айтты. 2016-жылы 6-7-декабрда Теңгиз Кыргызстан менен Орусияга төрт ирет жүк жөнөтүп, анда "Ашкана буюмдары" жана "Желим пленка" деп көрсөтүлгөн. АКШлык тергөөчүлөр бул курал болушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Тергөөнүн иликтөөсүндө маселен, 2017-жылдын 12-февралында Теңгиз Вирджиниядан эки FN Herstal үлгүсүндөгү, 10-майда 24 даана "Глок-17" жана 19 даана Gen 3, 5-октябрда Desert Eagle 357 калибирлүү тапанча сатып алганы көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Далил катары алынган үч кутуда Резвановдун манажасынын издери болгон деди тергөөчү Гручаш.

15-июнда ал Кыргызстанга учуп келип, 1-июлда кайра кайтып барган. Бирок бул сапардын максаты дагы шек жаратат деп белгиленет тергөө материалында.

Курал саткан Gun Dude дүкөнүнүн администрациясы Теңгиз кандай максатта курал сатып алганына кызыгып көргөн. Анткени ал 64 "Глок" тапанчасын сатып алган экен. Теңгиз Вирджинияда күзөт компаниясы бар экенин айткан. Иш жүзүндө эч кандай күзөт компаниясы болгон эмес.

Гручаштын айтымында, иликтөөнүн жүрүшүндө Теңгиз айдап жүргөн "Мерседес" унаасына соттун уруксаты менен радиомаягы бар жашыруун навигатор коюлган.

Тенгиз ойдон чыгарылган Дамир Мур деген атты колдонуп жүргөн, Эльдар Резванов өзүн Антон Ишутин деп тааныштырган деди тергөөчүлөр. Алар куралдын тетиктерин негизинен почта аркылуу жөнөтүп турушкан. Жакынкы почтанын кызматкерлери алар КМШга оор салмактагы кутуларды тез-тезден жөнөткөнү үчүн эстеп калышкан экен.

Почта аркылуу жөнөтүлгөн кутулардын бири "Грозный шаары, Бислан Межиевге" деп даректелген. Ал эми жөнөткөн кишинин ысымы Даяна Светова деп көрсөтүлөт.

Бирок жөнөткөн дарек менен барганда андай киши жашабай турганы белгилүү болгон. Тергөөчүлөр ырастагандай, мындай почтага жазылган даректерге сатылат деп жарнамага коюлган үйлөрдүн дареги жазылган. Шектүүлөр аларды риелторлор аркылуу табышкан.

Почта аркылуу жөнөтүлгөн кутулардын бирин тергөөчүлөр ачып көрүп, андан башка буюмдарга аралашып салынган курал-жарактын тетиктерин табышкан. Далил катары алынган үч кутуда Резвановдун манажасынын издери болгон деди тергөөчү Гручаш. Мындай жол менен көп сандагы жүктөр жөнөтүлгөнү айтылууда.

"АКШ уулумдун укугун бузбайт деп ишенем"

Сүрөттүн булагы, facebook

Теңгиз Сыдыков Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси, учурда "Республика" гезитин жетектеп жаткан Замира Сыдыкованын уулу деп айтылып жатат. Би-Би-Си мурдагы элчиге кайрылып, окуянын чоо-жайын сурады.

Би-Би-Си: Сиз уулуңуз менен акыркы жолу качан байланыштыңыз эле?

З. Сыдыкова: Бул окуяга чейин мен эки жума мурун балам менен чогуу болгом. Жаңы жылды да чогуу тосконбуз. Бул иш боюнча айтсам, мен баламдын досу деп айта албайм, мурун батирде чогуу жашаган казакстандык бала бар эле. Аны кармап кетиптир дегенден кандайдыр бир жардам керек болуп калабы деп адамгерчилик кылып барган экен. Мурун чогуу жашаган деген маалымат жалпы базадан чыкса керек. Ошондон улам маалыматтарды тактап чыкканга чейин аны да убактылуу кармашыптыр. Бирок аны кайсы бир жерден кармаган эмес, ал ошол жерге өзү барган. Ошол жерден адвокат жалдашыптыр. Жактоочу чыгып менин жолдошума баары жакшы болот, камсанабаңыз деп билдириптир. Азыр ал жакта түн болгондуктан таң атышын күтүп жатабыз .

Би-Би-Си: Демек азырынча уулуңуз ал жакта жалгыз эмес экен да?

З. Сыдыкова: Ооба, ал жакта атасы жана жактоочусу бар

Би-Би-Си: Сиздин улуңуз менен тааныш адамга Чеченстанга курал саткан деген айып коюлуп жаткан экен. Сиз буга чейин ушундай белги же аракеттерди байкадыңыз беле?

З. Сыдыкова: Жок эч качан андайды байкаган эмесмин. Менин балам жумушуна түз барып, түз келген бала. Анын үстүнө бир жыл мурун ал баладан бөлүнүп башка жакта жашап жаткан.

Би-Би-Си: Балаңыздын ишмердүүлүгү боюнча кыскача айтып берсеңиз

З. Сыдыкова: The George Washington университетин бүтүргөн. Кесиби экономист, 2-3 айдан бери IT компанияга ишке орношуп иштеп жүргөн.

Би-Би-Си: Бул ишти курал сатууга байланыштырып жатышкан экен. Бул жерде ок атуучу курал жөнүндө сөз болуп жататбы же бычак же ушул сыяктуу куралдарбы? Сиз ушул жагын тактай алдыңызбы?

З. Сыдыкова: Жок мен аны тактай алган жокмун. Андайды эч качан уккан да эмесмин. Мындай иш менен бизнес кылып жатат деп бир да жолу уккан эмесмин. Менин оюмча жалпы эле Орусия менен АКШнын ортосунда пикир келишпестик, тиреш болуп жатпайбы. Ошол жактан курал жиберип жатат деп бир нерсени таап чыгалы деген саясат болуп жатабы деп болжоп жатам.

Би-Би-Си: Эгерде башка бир жагдайлар чыгып, сиздер ойлогондой жыйынтык чыкпай калса, андан кийинки сиздердин кадамдарыңыздар кандай болот?

З. Сыдыкова: АКШ такай мыйзамдарды сактап келген. Алар ошол калыбынан жазбайт, уулумдун ишинде баары такталып, жакшы жагына чечилет деп ишенем.