С.Асанов: кийимдерди ЕАЭБ эмес, эми Европага чыгарыш керек

Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын жарманкеси

Бишкекте жергиликтүү товарлардын жарманкеси өтүп жатат. Ал жерде тигүү тармагынын продукциялары басымдуулук кылат. Би-Би-Си “Легпром” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Асанов менен маектешип, алгач тигүү тармагынын акыркы жылдагы өндүрүү көлөмү тууралуу сурады.

Сапар Асанов: Көрсөткүчтөр өсүп жатат. 2017-жылы жеңил өнөр жай тармагы боюнча алты миллиардга жакын продукция өндүрүлүп чыгарылды. Анын беш млрд. чамалуусу тигүү продукциясы. Ал эми 2016-жылы үч млрд 600 миңдин тегереги болчу.

Ишкерлер сапатка көңүл бура баштады. Көчө соодасы акырындан артта калган тарых болуп баратат.

Евразиялык экономикалык бирикменини ичинде гана калбастан, Евробиримдикке чыгабыз деген оюбуз болсо, өзүбүзгө койгон талап катуу болуш керек. Ишканаларды кайра куруп, алардын деңгээлине ылайыкташ керек.

Акыркы бир-эки жыл ичинде биздин ишканалар ири соода түйүндөрү менен иштей баштады. Мурда мындай жок болчу. Бир ишканабыз Санкт-Петербургдагы соода түйүнү менен 5,5 млн долларга, Москвадагы түйүн менен 1,5 млн долларга контракт түзүп иштеп жатат.

Би-Би-Си: Sela жана Zara бренддери бул жердеги ишканаларда тиктирет деген кабар чыкты. Кандай иштешип жатышат?

Сапар Асанов: Sela брендинин белгилүү өлчөмдөгү заказдарын алып, ушу тапта тигип жатышат.

Image caption "Легпром" ассоциациясынын башчысы Сапар Асанов жергиликтүү кийимдердин сапаты улам жакшырып келатат дейт

Дагы бир ишканабыз Германияга товар жөнөтө баштады.

Жыл сайын ушул маалда Бишкекте жарманкебизди өткөрүп келебиз. Бул биздин сезондун башталышы, жаздын, майрамдардын алды. Элге жакшы маанай да тартуулагыбыз келет. Андан сырткары өкмөттү көңүл бурдуруп, жасаган ишибизди көрсөтүп, жардам алсак деген максатта уюштурабыз.

Би-Би-Си: Жардам дегенде, экспорттун көлөмүн өстүрүүгө эмне тоскоолдук бар? Кыргызстан Европага экспорттоого ВСП+ макамын алганы эмне үчүн натыйжа бербей жатат?

Сапар Асанов: Мамлекет деңгээлинде ВСП+ чечилди. Биздин тармакка чынында уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

“Ыйлабаган балага тамак жок” дегендей биздин ассоциация 2005-жылдан тарта аракет кылып, бекитилген салык жана социалдык фонд төлөмдөрүн чечкенбиз. Ал боюнча мыйзамдарды, токтомдорду кабыл алып беришкен. Биз кайра-кайра ушуга тийбеңиздер деп келебиз.

Андан сырткары азыр бизге керектүү дизайнерлерди окуу жайлар даярдап берип жатат. Креативдүү жаштар бар, ар апта сайын жаңы дизайн ойлоп чыгып турушат.

Баага таасир эткен факторлор көп, ал электр энергиясы, орточо айылык акы, жана башкалар, анын баары бизде азыр жакшы. Мисалы, электр энергиясы салыштырмалуу арзан. Орточо айлык акы жогору эмес.

Кездемелердин көбү сырттан келет. Евразия экономикалык биримдиктин ичинде аны алып келгенге преференция бар.

Ушулардын негизинде биз атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай продукция чыгарабыз.

Би-Би-Си: Жеке ишкерлер, өндүрүүчүлөр салык жана соцфонд төлөмү алар үчүн өтө жеңил болбогондуктан ачык-айкын иш алып барууга тоскоол болуп жатканын айтышууда.

Сапар Асанов: Менимче бул туура эмес пикир. Биздикиндей жеңилдетилген салык менен соцфонд төлөмү эч кимде жок.

Ишкер өзүн гана ойлобой, мамлекетти да ойлош керек. Колунда иштегендердин эртеңкисин, социалдык камсыздандырылышын ойлош керек.

Ошону да төлөгүсү келбеген ишкер бул тармакта иштебей эле коюш керек деп ойлойм.

Би-Би-Си: Сиз өзүңүз тигүү тармагында иштедиңиз беле?

Сапар Асанов: Жок, бирок мыйзамдардын, токтомдордун баарынын автору менмин. Алар салык жана соцфонд боюнча эки мыйзам, эки токтом.

Мисалы, он тигүү машинаңыз болсо, айына эки миң сом, кийинки он машинага миң сом, цехте жалпы отуз машинаңыз болсо үч миң сом салык төлөйсүз. Анын 25 пайызын соцфондго төлөйт. Бул көппү? Менимче көп эмес.

Ар бир жумушчусуна патент алат, ал аймактардагы орточо айлыкка жараша. Айлыктын 40 пайызынан он эки пайызы соцфондго төлөнөт, он пайыз киреше салыгы төлөнөт.

Мындан башка бир дагы салык жок. Эшигиңди ач да, иште. Чыгарган продукцияңы эскпорт кыл.

Бирок өкмөт патент системасын жойбош керек. Эл аралык атаандаштыкка туруштук берип, кичине иштеп жаткан себебибиз ошол.

Мамлекеттин өнүгүү стратегиясына да киргизгенбиз. Агро-өнөр жайын түзүшүбүз керек. Пахтаны чийки боюнча сыртка сатпай, Кыргызстанда жип, кездеме чыгарсак ички дүң кирешеге салымы чоң болот.

Андан сырткары өндүрүш зоналарын, чоң-чоң ишканаларды түзүш керек.

Би-Би-Си: Токмоктогу ишканадан башка кездеме чыгарган жер барбы?

Сапар Асанов: Тилекке каршы Оштогу пахта иштетүү комбинаты, бул жактагы камволдук-нооту комбинаты жок болду.

Image caption Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын жарманкеси

Өткөн жылы “Текстиль Транс” деген кездеме ишканасы Токмокко ачылды. Биринчи фазасы ишке кирди. Эгер экинчи, үчүнчү фазасы кошулуп, план ишке ашса, абдан жакшы болот. Андан сырткары Кара-Балтага Түркиядан жана түштүккө Кытайдан инвестиция тартып, кездеме ишканасын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул ошол стратегияга кирген.

Союз учурунда койдун жүнү, меринос сорту 40 млн тоннага чейин чогултулчу. Азыр жүн өтө аз. Ошону жандандырып, көлөмүн кайра көбөйтө турган болсок, келечек жакшы болот.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Балдар кийимин Кыргызстанда кандай тигишет?

Би-Би-Си: Кыргызстандын кийимдери дүйнөлүк базарда кайсы өзгөчөлүгү менен ордун таба алат?

Сапар Асанов: Биздин эң негизги өзгөчөлүгүбуз патент системасы. Муну жокко чыгарбаш керек, ал баанын төмөн болушун камсыздайт. Экинчиси, сапат. Үчүнчүсү, Евразия экономикалык биримдигинин регламенттерине гана эмес, ишканалар Европанын талаптарына жооп бере тургандай болуш керек. Азыр толук санын айта албайм, бирок он чакты ишкана биримдиктен сырткаркы өлкөлөргө экспорттоп жатат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар