Жасалма бойго бүтүрүү Кыргызстанда дагы мүмкүн

Кыргызстанда экстракорпоралдык уруктандыруу аркылуу балалуу болгондор жыл сайын өсүүдө.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда экстракорпоралдык уруктандыруу аркылуу балалуу болгондор жыл сайын өсүүдө. Европа, ошол эле жакынкы Азия өлкөлөрүндө мындай ыкма кадимки көрүнүш катары кабылданып калган болсо, Кыргызстанда жагдай башка. Көпчүлүк түгөйлөр муну купуя сыр катары жашырышат.

ЭКО менен жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын, табигый жол менен төрөлгөн балдардан эмне айырмасы бар? Кыргызстанда алардын саны канча?

Биз мына ушундай бүлөлөрдүн айрымдары менен жолуктук.

Image caption Биз мына ушундай бүлөлөрдүн айрымдары менен жолуктук.

Айгеримдин турмушка чыкканына беш жылдан ашкан. Бирок түгөйлөр табигый жол менен балалуу боло алышкан эмес. Бул бүлөө дарыгерлерден тартып, элдик табыптарга чейин кайрылып, барбаган жери калган эмес. Акыры түгөйлөр экстракорпорлык уруктандыруу ыкмасын колдонууну чечишкен. Сунуш Айгеримдин жолдошу тарабынан түшкөн. Учурда түгөйлөр Али аттуу эркек балалуу болушуп, Айгерим жолдошу экөөнүн кубанычында чек жок.

"Көпчүлүк "балаңар патология менен төрөлүп калат" деп бизди кооптондурушту. Бирок тобокелге бардык. Тескерисинче баламдын өрчүшү жакшы. Дарыгерлерге келип кеңеш алып турабыз",-дейт Айгерим.

Экстракорпоралдык уруктандыруу түгөйлөр дыкат медициналык текшерүүдөн өткөн соң жүргүзүлөт. Жалгыз бой энелер дагы донор аркылуу балалуу боло алышат. Алгач аял УЗИге түшүп, анын эне болуу мүмкүнчүлүгү аныкталат.

Гормондору текшерилип, бир ай аралыгында түгөйлөр анализ тапшырат. Атайын дары-дармектерди, витаминдерди колдонушат. Буга эки айга жакын убакыт сарпталат.

Андан соң аталык жана энелик урук клеткалар алгач атайын микроскоп аркылуу бириктирилет.

Түйүлдүк инкубатордо 5-6 күн өстүрүлгөн соң, эне жатынга салынат. Жыйынтыгы он күн аралыгында белгилүү болот. Бишкектеги жеке менчик ЭКО клиникасындагы эмбриолог Башак Каракоюндун айтымында, каалагандар түйүлдүктү тоңдуруу жолу менен 5-10 жылга чейин сактап коюп, андан кийин деле колдонсо болот.

"Биз 300гө чукул үй-бүлөгө жардам берүүгө аракет кылдык. Кайрылгандардын бардыгы 100 пайызга балалуу болушат деп айтуудан алыспыз. Мындай жетишкендик дүйнө тажрыйбасында дагы жок. Бирок жасалма уруктандыруунун 40-50 пайызы өз жемишин берет",-деди эмбриолог Башак Каракоюн.

Image caption Дарыгерлердин айтымында, ЭКО жолу аркылуу балалуу болуу оңой-олтоң иш эмес. Ага абдан чоң аракет, ишеним жана эң башкысы сабырдуулук керек.

Дарыгерлердин айтымында, ЭКО жолу аркылуу балалуу болуу оңой-олтоң иш эмес. Ага абдан чоң аракет, ишеним жана эң башкысы сабырдуулук керек. Эненин жатынына көпчүлүк учурда үч түйүлдүк салынат. Алардын үчөө тең жатындан орун алып, үч эм төрөгөн учурлар дагы жок эмес. Түйүлдүк орун албай калышы дагы мүмкүн. Мындай учурда бардыгын кайра башынан баштоого туура келет. Кош бойлуу болгондон кийин 25 пайыз түшүп калуу коркунучу бар. Мындай көрүнүш жасалма уруктандыруу эмес, табигый жол менен болгон кош бойлуулук учурунда дагы кездешет.

"Эко жолу менен төрөлгөн балдардын табигый жол менен төрөлгөн балдардан эч кандай айырмасы жок. Ден-соолугу чың, акыл-эси толук балдар төрөлөт",-дейт акушер-гинеколог Айнура Касымалиева.

Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулованын айтымында, Кыргызстанда жасалма жол менен уруктандыруу ыкмасы совет доорунда эле башталган. Учурда бир мамлекеттик жана төрт жеке менчик клиникалар жасалма уруктандыруу жолу аркылуу түгөйлөргө жардам берип келет.

Бирок алардын кызматын колдонуу үчүн кеминде 4-5 миң доллар сарпталат. Клиникалар өкмөт тарабынан бекитилген буйруктун негизинде иш алып барышат жана Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлдөп турат. 2017-жылга чейин Кыргызстанда тукумсуздук менен жабыркаган миңден ашык түгөй, тиешелүү клиникаларга кайрылган. ЭКО жолу аркылуу төрөлгөн балдардын саны 80-90го жетип калган. Ал эми башка мамлекеттерден жасатып келгендер дагы жок эмес. Өлкөдө жасалма жол менен төрөлгөн алгачкы бала азыр 19 жашта. Белгилей кетчү жагдай Кыргызстанда жалгыз бой аялдарга балалуу болууга уруксат берилген эмес.

Айгерим жолдошу экөө дагы балалуу болууну эңсешет. Бирок, алгач тун уулу Алини аман-эсен чоңойтуп алсак деп тилек кылышат.

"Коркпостон экстракорпоралдык уруктандыруу ыкмасын колдоно беришсин. Менде дагы башында коркуу, күмөн саноо сезимдери болгон. Бирок азыр медицинада ЭКО ыкмасы бар экенине ыраазымын",-деди Айгерим.