Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаарды» өз күчү менен ишке ашырууну чечти

«Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу өкмөт келишимден чыгууну чечти деп кабарлады өкмөттүн расмий сайты.

Сүрөттүн автордук укугу Adam Berry/Getty Images

"Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес. Азыркы тапта, долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти",-деп айтылат расмий маалыматта.

«Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок тең-инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдордогу коопсуздугун камсыздоо абалы татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», - деди Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсен Момункулов.

Сүрөттүн автордук укугу DAVID BECKER/GETTY IMAGES
Image caption Кыргызстандын өкмөтү 11-январда Huawei Technologies Co., Ltd компаниясы менен инвестициялык келишимге кол койгон эле.

Келишим күчүнө кире электигине байланыштуу, инвестициялык келишимдин аракетин жокко чыгарууда КР Өкмөтү кандайдыр бир юридикалык жана экономикалык кесепеттерге кириптер болбойт.

Кыргызстандын өкмөтү 11-январда Huawei Technologies Co., Ltd компаниясы менен инвестициялык келишимге кол койгон эле.

Ага ылайык, Huawei компаниясы Кыргызстанга дээрлик 60 миллион доллар инвестиция салып, "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырмак. Бирок долбоордун 100 пайыз ишке ашуусуна үч компания милдеттүү болгон.

"Акылдуу шаар" долбоору өлкөдөгү жол кырсыктарынын санын кыскартуу, кылмыштардын бетин ачуу жана террордук коркунучтарды алдын алууга багытталган.

Долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек - Ош, Бишкек - Чолпон-Ата жана борбор калаадан "Манас" эл аралык аба майданы көздөй кетүүчү чоң жолдорго видеокөзөмөл орнотулмак.