КСДП курултайы: жаңы саясий кырдаал

КСДП курултайынын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбеков жолукканы жөнүндө маалымат чыкты. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption КСДП курултайынын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбеков жолукканы жөнүндө маалымат чыкты. (архивдеги сүрөт)

31-мартта Бишкекте боло турган социал-демократтардын курултайы өлкөдөгү саясий жаңы кырдаалды жарата турган окуя катары каралып жатат. Бул курултайдын мааниси президенттик кызматтан кеткен Алмазбек Атамбаевдин чоң саясатка кайра кайтып келишинде эле эмес, өлкөдөгү эң кубаттуу партиянын жаңы шайланган президент Жээнбековго карата кандай саясий жолду же мамилени тандап ала турганында деп жатышат.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кетип жатканда сүйлөгөн сөзүндө эски саясатчыларды өзү менен кошо алып кетерин, бирок өзү кайтып келерин билдирген. Эми 31-мартта курултайда Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы катары кайрадан расмий шайланат. Курултайда партиялык курулуштун ички маселелери менен катар алдыдагы саясий күрөштүн стратегиясы аныкталат.

КСДП өлкөнүн соңку он беш жылдык тарыхында бир эмес эки президенттин бийлигин кулатууда чечүүчү ролду ойногон, соңку жети жылда бийликти мыкчып, оппозициянын ойронун чыгарган саясий күч катары таанылды. Ошондуктан Атамбаев бул партиянын бийлигин сактап калуу, анын потенциалын чыңдоо эле эмес,биринчи кезекте өзүнүн таасирин жоготуп албаш үчүн, өлкөдөгү саясий процессти башкарыш үчүн келатат.

Кызматтан кеткен президент башкаруучу партиянын жетекчилигине барган окуя Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Ошол эле учурда КСДП сүрөп алып чыккан Жээнбеков президент болуп башкарып жатат. Ошол себептүү жаңы саясий кырдаалдын түзүлүшү жөнүндө сөз болууда.

"Азыркы президент КСДПнын мүчөсү болгон менен ал Конституцияны сыйлап КСДПдагы мүчөлүгүн токтотту. Алмазбек Атамбаев лидер болуп биринчи катчы деп аташабы, башкача атайбы, ал партиянын уставына жараша болот. Азыр КСДП партиясында башка жагдай. Көбү жаңы президентке ыктап жатышат. Анткени жаңы президент өзүн түздөн түз КСДП менен байлаган жок. Бул жагдай дагы бар. Ошондой эле регионалдык дагы жагдай бар. КСДПнын ичинеде деле Атамбаевди катуу колдоп жаткандар көп, бирок ошол фракциянын өзүнүн ичинде дагы кээ бир президенттер жаңы президентке ыктап кеткенин көрүп-билип атабыз. Анализдеп атабыз биз дагы",-дейт Алмаз Акматалиев.

Сүрөттүн автордук укугу Sdpk.kg
Image caption Социал-демократтар жети жылдан бери башкаруучу партия болуп келатат.

Эки жолдун кайсынысы реалдуу?

Атамбаев башына келгенден кийин КСДП партиясы кандай саясий жолду тандап алат, ошого жараша өлкөдө саясий кырдаал өзгөрөт деп жатышат. Алмаз Акматалиевдин баамында, КСДПнын алдында эки жол турат:

"Биринчиси, КСДП жаңы президентти өзүнүн ичинен чыккан өкүлү катары, анын Атамбаевдин жолун улайм деген убадасын эске алып, анын коррупцияга күрөш жарыялаганын, региондорду өнүктүрүү ураанын, анын саясий багытын катуу колдой турганын жарыялашы керек. Анда биз мурдакы саясий жол уланып жатат деп билебиз, бул башка саясий кырдаалга алып келиши мүмкүн. Экинчи жол - жаңы президенттин саясатын сындоо. Атамбаевдин убагындагы жетишкендиктерди жокко чыгарып жатат, бул туура эмес, корруцияга каршы күрөш Атамбаевдин убагында башталган. Үй-бүлөлүк кландык бийликти Атамбаевдин убагында кулаткан, ошон үчүн коррупцияны улантыш керек деген ураандар Мискенбаевдин, Алмаз Курманалиевдин жазган макалаларында ачыктан ачык билинип калбадыбы. Бул экинчи жол".

КСДПнын курултайы өткөн жылдын этегинде эле жарыяланып, кайра-кайра жылдырылып келди. Анын себебин аналитиктер күчтүү саясий программалык документ даярдалып жатканында деп жатышат. Анда өлкөнүн бара турган саясий багыты, негизги саясий тренддер көрсөтүлөт. Кеп парламенттик башкаруу моделин өркүндөтүү жөнүндө болорун болжоо кыйын эмес. Анткени, өлкөнүн стратегиялык өнүгүү жолуна байланыштуу сөзүндө Атамбаев бара-бара толук кандуу парламенттик башкаруу моделине өтүү жөнүндө айтып келгени белгилүү.

Албетте, бул КСДПнын колунан бийликти чыгарбоо, өлкөнү ушул партия менен башкаруу деп дагы түшүнүү керек дешет. Президент Жээнбековдун "2040 Стратегиясын" апрель айына, курултайдан кийинки убакытка коюп жатканынын себеби дагы ушул жакта жаткандай.

Атамбаев Ѳкмөт башына келеби, же жаңы парламенттик шайлоо жарыяланабы, бул ошол стратегиялык максатка жетүүнүн тактикалык чаралары болуп саналат.