Алайкууда абал турукташты

Алайкуу өрөөнүндө калың кар түшүп үч айыл өкмөтүнүн тургундары жарыксыз жана байланышсыз калды Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Алайкуу өрөөнүндө калың кар түшүп үч айыл өкмөтүнүн тургундары жарыксыз жана байланышсыз калды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө калың кар түшүп, аймактагы үч: Алайкуу, Кызыл-Жар, Ой-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары жарыксыз жана байланышсыз калды.

Соңку эки күн катары менен жааган кардын калыңдыгы 40 сантиметрге чейин жетип, жергиликтүү тургундардын айтымында эми ал кар ээрип, аймакта сел жүрүү коркунучу чыкты.

"Шаршемби, бейшемби күндөрү катары менен кар жаады. Жарыгыбыз кар башталган кечинде өчүп, ошондон бери жок. Калын жааган кар эми ээрип, сууга айланды. Жолдор жабык болууда, "кар түшөт, таш түшөт" деп борбор жакка эч ким каттай элек", - деди Би-Би-Сиге Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Күйөө-Таш айылынын тургуну Курманбек Каракозуев.

Ал Алайкууда жааган кар эми ээрип, жерди суу каптап жатканын билдирди.

"Күн ачылып, кар ээрий баштады. Кыян суулар ага баштады. Жерге да суу сиңип кетүүдө, бирок андан калганы да суу кетип атат, чыла баары",- деди Курманбек Каракозуев.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов Алайкууда учурда абал турукташып калганын, жарыксыз калган айыл өкмөттөргө ушул тапта электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатканын Би-Би-Сиге билдирди.

"Кечээ Ой-Тал, бүгүн Кызыл-Жар менен Алайкуу айыл өкмөтүнө жарык берилди. Андан башка эч кандай маселе жок. Кар болгону 26 сантиметр жаады. Ал кадыресе эле көрүнүш, бүгүн кар ээрип кетти. Акыбал аймакта азыр жакшы", - деди Примберди Дыйканов.

Акимдин айтымында Алайкуудагы жергиликтуу элде азыр тамак-аш жана тоют менен эч кандай маселе жок.

Кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу аймагы райондун борборунан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Жолу татаал болгондуктан жаан-чачындуу учурларда жолдор бөгөлүп, сырт дүйнөдөн байланышсыз калган учурлары көп болот.

Кышындасы кар калың түшүп, жазында кар көчкү жүрүп, аймакка барчу жол бөгөлүп калганда тик учак менен азык-түлүк жана тоют жеткирген учурлар катталган.

Өрөөндө 18 миңдей калк жашайт, негизинен мал чарбачылыгы менен тиричилик өткөргөндүктөн жаз чыгар алдындагы карды калың жааганы чоң кооптонуу жаратат дейт жергиликтүүлөр. (EKa)