Кытайдын талабынан улам Африкада эшектин териси баалуу пил сөөгүнө теңелди

Британиялык Economist журналы Кыргызстанда эшек бизнеси тездик менен өнүгүп жатканы тууралуу жазды.

Эшек

Сүрөттүн булагы, THOMAS WARNACK/AFP/Getty Images

Басылма Кытайдын талабынан улам Африкада эшектин териси баалуу пил сөөгүнө теңелип калганы тууралуу кеңири токтолот. Айталы, Кенияда 2009-жылдан бери эшектин саны эки эсе кыскарып, өлкөдө 900 миңдей эле эшек калган дейт Economist.

Кытайлар эшектин терисинен "эцзяо" аттуу салттык даары жасашат. Аны косметикада дагы колдонсо болот. 1990-2000-жылдары Кытайдын экономикасы өсүп, эшектин терисинен жасалган даарыга талап кескин күчөгөн. Талаптан улам 2016-жылы Кытайда беш миллион гана эшек калган. 1990-жылдары өлкөдө 11 миллион эшек болгон экен. Айырманы салыштырып көрүңүз?

Кытай эшектин терисин негизинен Африкадан импорттойт. Андан улам Кенияда эшектин баасы 325 пайызга өстү. Ботсванада 2011-жылдан 2016-жылга чейин эшектер 60 пайызга кыскарган.

Учурда Кытайга чектеш Кыргызстан менен Индияда дагы бул бизнес тез өнүгүүдө деп жазат Economist. Индияда 2015-2016-жылдары эшектин саны 20 пайызга кыскарды. Кытайга чектеш мамлекеттерден тышкары, алыскы Түштүк Америкадагы өлкөлөр дагы эшектин терисин Кытайга жөнөтүп жатат.

"Бул жерде жакыр жашаган дыйкандарды күнөөлөсө болбойт. Бирок көп учурда эшекти саткандар дыйкандар эмес. Кытайларга негизинен уурдалган эшектер сатылууда. Дал ушул көрүнүштөн улам 15 мамлекет эшектин соодасын чектеди. Африканын бир нече мамлекети эшектин экспортуна толугу менен тыюу салды".

Ал эми жаныбарларды коргогон уюмдар Кытайды дагы эшектин соодасына чектөө киргизүүгө үндөп келет. Бирок Кытайдын орто катмары арасында "эцзяого" талап өсүп жаткандыктан, Бээжин тескерисинче бажы төлөмдөрүн беш пайыздан эки пайызга кыскартты.

Кыргызстандагы эшектер дагы оор жагдайга кабылдыбы?

Соңку жылдары Кыргызстанда "эшек бизнеси" деген түшүнүк пайда болду. Өлкөнүн аймактарында эшектерди сатып алып, атайын жайларга камап, кийин Кытайга өткөргөн көрүнүштөр күчөгөн.

Маселен, 2015-жылы 63 миңдей эшек катталса, эки жылдын ичинде 43 миңге чейин кыскарганын Улуттук статистика комитети ырастаган. Ошол эле учурда айылдарда эшек уурулук күчөдү дейт укук коргоо органдары. Эшек уурдагандар "мал уурулук" катары катталгандыктан бул жерде статистиканы келтирүү кыйыныраак болот.

Мурда кыргыз баласы эшекти улоо катары колдонгону менен башка мал-жандыктарга салыштырмалуу баасы өтө төмөн болчу. Кийинки жылдары баасы дагы өстү.

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстандагы жергиликтүү басылмалар эшектерди чогулутуп камап салган атайын жайлар тууралууу тасмаларды кез-кезде көрсөтүп калат.

Кыргызстандагы жергиликтүү басылмалар эшектерди чогулутуп камап салган атайын жайлар тууралууу тасмаларды кез-кезде көрсөтүп калат. Жакында эле Жалал-Абад аймагындагы ушундай жай тууралуу материалдар жайнап чыкты.

Кайсыл бир учурда коомдук тамактануучу жайлар "эшек этин колдонот" деген маалымат чыгып, эл арасында уу-дуу жаратканы бар.

Атайын мекемелердин уруксаты менен мындай бизнес менен алектенгендер эшектерди атайын жайларда бир нече убакыт кармап, ветеринардык текшерүүдөн кийин Кытайга ташып өтөөрү айтылып жүрөт. Бул бизнести көбүнесе кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары жүргүзөрү тууралуу дагы кабарлар бар.

Эшекке байланышкан чуу жакында Кыргызстанга коңшулаш Өзбекстанда орун алды. Коомдук тамактануучу жайларда эшек эти пайдаланылганы тууралуу маалыматтар тараган. (AbA)