Баткендеги чек ара чырына себеп болгон дубал

Кыргызстандын Баткен аймагындагы чек ара тилкесиндеги кыргыз-тажик жарандары ортосундагы чатак боюнча эки тараптуу иликтөө иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кырдаал туруктууу экенин айтып, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Чек арадагы чатакта эки тараптан ондогон кишилер жыйылып кетип, таш атышкан. Үйлөрдүн, унаалардын терезеси сынган фактылар бар. Чек ара чатагына кыргызстандык жаран дубал тургузуп жатканда тажик айлындагылар ага каршы болуп, ошондон чыр чыгып кеткен деп айтылды.

Бул үйдүн кожейкеси Ажарбүбү Баянованын айтымында, Tажикстандын айлындагылар таштандыларды таштай бергендиктен короосун дубал менен тосуп коймок болгондо, ушундай окуя орун алып кеткен.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул аймактагы чек ара тилкеси тактала электигине байланыштуу үйлөр шахмат түрүндө жайгашып, маселе терең дейт. Ошондуктан азырынча түшүндүрүү иштери менен гана ар кандай чыр-чатактарды алдын алууга мүмкүн.

Тажикстандын чек ара конуштары менен кыргыз айылдарынын ортосундагы маал-маалы менен чатакташуулар орун алат. Өзгөчө жер жана суу, жол маселесине байланышкан чыр-чатактар жаз айынан тарта күчөп баштайт. Чыр-чатактардын көбү Тажикстандын Баткен аймагындагы Ворух анклавынын тегерегинде чыгат.

Кыргыз тараптын айланма жолдорду салуу аракетине тажик конуштарындагы тургундар каршылык көрсөтүп, чек арачылар атыша кеткен окуялар болгон. Жыл башында Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапары менен барган учурда өлкө жетекчилери, чек араны тактоо иштерин жандантуу боюнча макулдашканы айтылган. Эки өлкө ортосунда ондогон жылдан бери чечилбей келе жаткан талаштуу тилкелер көп.

Тектеш темалар