Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясында лидер алмашты

Парламентте КСДП-38, РАЖ-28, "Кыргызстан"-18, "Өнүгүү-Прогресс"-13, "Бир Бол"-12, "Ата Мекен" -11 мандатка ээ. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption ЖКда: КСДП-38, РАЖ-28, "Кыргызстан"-18, "Өнүгүү-Прогресс"-13, "Бир Бол"-12, "Ата Мекен"-11 мандатка ээ.

Парламентте "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери күтүүсүз алмашты. Шейшембинин кечинде фракция мүчөлөрү кезексиз жабык жыйынга чогулуп, Руслан Казакпаев фракция лидерлигин Жыргалбек Турусбековго өткөрүп берди.

Бул чечим эмнеге байланыштуу болгону бүдөмүк болууда.

"Кадимки ротация"

Айрым маалыматтар боюнча ЖКда олуттуу өзгөрүулөр күтүлүп, РАЖдын парламенттеги көпчүлүк коалицияга кошулуусу үчүн ушундай талап коюлган.

Бирок бүгүнкү парламент жыйынында "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты бул маалыматты четке какты.

"Маалымат каражаттарында бул тууралуу көп айтылып жатат. Бул фракция ичиндеги кадимки эле ротация. Мурдагы лидерибиз депутат катары кала берет. Биз ал кишини сыйлайбыз. Бул биздин ички маселебиз",- деди депутат Таабалды Тиллаев.

Фракция катчылыгынан билдиришкендей жаңы лидер үчүн 3-апрелдеги жыйында "Республика - Ата Журттагы" 28 депуттаттын 22си колдоп добуш берген.

Жыргалбек Турускулов 43 жашта. Нарын областына караштуу Жумгал айылында төрөлгөн.

Адистиги боюнча экономист жана юрист.

Эмгек ишмердигин 1996-жылы "Эмгекчил" акционердик коомунун сатуучусу катары баштаган. 1999-2010 жылдары "Строй-Арсенал" ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп эмгектенген. 2010-2013-жылдары «Чыгыш электро» акционердик коомунун башкы директору болуп иштеген.

2015-жылдан тарта Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты.

КСДПдагы ич ара тиреш - РАЖды талашка түшүрдү

31-мартта КСДПнын съезди өтүп, ал жыйында парламентте көпчүлүктү түзгөн бийликтеги фракцияда саясий эки уюл пайда болгону дааналанып калды.

Мындай жагдайда Жогорку Кеңеште депутаттарынын саны боюнча Социал-демократтардан кийинки эле орундагы РАЖ негизги фракциялардан болуп калды.

Бирок фракция эки: "Республика" (Өмүрбек Бабанов ) жана "Ата Журт" (Камчыбек Ташиев) партия өкүлдөрүнөн турары белгилүү.

Сүрөттүн автордук укугу Asanaliev
Image caption 2015-жылы өткөн парламентитк шайлоодо ""Республика" жана "Ата Журт" партиялары бириккен.

"Болуп болбой эле Руслан Казакпаев Бабановдун оң колу катары кабыл алынчу. Ошондуктан булардын таасирин биротоло жок кылыш үчүн мурдагы атажуртчу же аларга ыктаган адамдарды түртмөлөп жатышат. Анын үстүнө "Ата Журт" Ташиевдин жүзүндө азыркы бийликти президенттик шайлоодо колдоп чыгып Сузакта жана Жалал-Абадда жакшы добуш алып беришкен", - деди серепчи Сейтек Качкынбай.

КСДП парламенттеги көпчүлүккө доминанттык кылып башкарып турган фракция болгонуна карабастан ич ара тирешүүдөн улам чечүүчү маселелерге келгенде эми парламентте көпчүлүк добуш камсыздалбай калуу коркунучу бар.

"Президенттердин күнү парламентке түшкөндө"

Жанар Акаев Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири. Ал убагында парламентке КСДП тизмеси аркылуу келип, кийин партиялык багыттан четтегени үчүн Социал-демократтар катарынан чыгарылган эркин эл өкүлү.

Анын айтымында учурдагы жана экс президент тирешкен азыркы шартта парламенттин көпчүлүк бөлүгүнүн добушу эки тарапка тең зарыл болот.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Өкмөттү, Башпрокурорду алмаштырууда РАЖдын добушу чечүүчү ролду ойноп калышы мүмкүн"

"Өкмөттү таратууга кызыкдар тараптар бар, ошол эле маалда "ушул өкмөт калып иштесин" деп өкмөт аркылуу өзүнүн күчүн кармап турайын деген күчтөр дагы бар. Ушундай шартта парламент чечүүчү негизги ролду ойнойт. Ал эми РАЖдын 28 депутаты болуп атат. Өкмөттү, Башпрокурорду алмаштырууда бул добуштар чечүүчү ролду ойноп калышы мүмкүн",-деди КСДП катарына чыгарылган парламенттеги эркин депутат Жанар Акаев.

Анын айтымында бүгүнкү саясий кырдаалда башка бийлик бутактары Жогорку Кеңешке көз каранды болуп, өлкөдө парламентаризмдин белгилери байкалууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар