Президент Жээнбековдун Анкара жана Брюссель сапары

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга расмий сапарынын алдында Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Женгиз Камилдин ишеним грамотасын кабыл алды. Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга расмий сапарынын алдында Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Женгиз Камилдин ишеним грамотасын кабыл алды.

Келерки жумада Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Түркияга жана жумуш сапары менен Евробиримдиктин борбору Брюсселге барат.

Президент Жээнбеков Анкарадагы сапарынын учурунда президент Реджеп Тайып Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым менен жолугат. "Сапардын башкы максаты - жогорку саясий сүйлөшүүлөргө жетишүү", -дейт кыргыз президентинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Бул сапар учурунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестиция, метрология жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө документтерге кол коюлат.

Президент Жээнбековдун 9-10-апрелде боло турган Түркияга сапарынын башкы максаты - мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги бузулган мамилени калыбына келтирүү экени калетсиз. Экс-президент Атамбаевдин учурунда Анкара менен болгон мамиле сууй түшкөнү белгилүү. Ишке ашпай калган төнкөрүштөн кийин Анкара АКШда жашаган динаятчы Гуленди күнөөлөп, анын колдоочуларын өткөрүп берүүнү жана "Себат" лицейлерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапты четке каккан.

Андан мурда түрк армиясы атып түшүргөн орус учагы боюнча Россия менен Түркиянын ортосунда жаңжал чыкканда Атамбаев Анкараны айыптап, ал эми Путинди жактап чыккан. Мындай жүрүштөн кийин Эрдогандын Атамбаев менен болгон мамилеси бузулган. Ошол себептүү 2016-жылы күзүндө Бишкекте Түрк саммити болбой калганы белгилүү.

Жээнбековдун Брюссел багытына токтолсок, 11-12-апрелде өтө турган бул сапар Лондондо мурдакы орус агенти Скрипаль кызы менен уулангандан кийин, Лондон менен Москванын ортосундагы дипломатиялык чатак курчуп, Лондонду колдогон Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү орус элчилерин кетирип жаткан учурга туш келди. Кыргызстан Россия менен саясий жана аскердик стратегиялык союздаш өлкө.

Бирок экинчи жагынан Евробиримдик менен да соода-экономикалык, гуманитардык байланыштары жакшы болуп турат. Ошондуктан Бишкек бул жерде Москванын да кычыгына тийип албай, Евробиримдик менен да мамилесин бузбагандай саясат жүргүзүүгө тийиш. Анын үстүнө азыркы учурда Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык жөнүндө жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (КС)

Тектеш темалар