"Ата Мекен" Баш прокурорго ишеним көрсөтпөйт

Indira Joldubaeva Сүрөттүн автордук укугу Official

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы Башкы прокуратуранын 2017-жыл үчүн отчетун канаттандыраарлык эмес деп таанып, Баш прокурорго ишеним көрсөтпөө чечимине келди.

Фракция Индира Жолдубаеванын резонанстуу коррупциялык окуяларга тийиштүү чара көрбөгөнүн айыптап, анын ишмердигин дыкат иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун берди.

Баш прокурор Индира Жолдубаева өзү оппозициялык фракция жыйынына ден соолугуна байланыштуу келбей, отчетту анын орун басарлары берди.

Прокурорго төрт собол

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттарга отчет бергени келген Башпрокуратура өкүлдөрүнө кайрылып, отчет менен тааныш экендиктерин айтып, башкысы мамлекетке миллиардаган чыгым алып келди делген төрт-беш резонанстуу окуялар боюнча башкы көзөмөл органы кандай чаралар көргөнү тууралуу кызыкты.

Ал суроолор Жогорку Нарын каскадын куруудагы, "Манас "аэропортундагы азыкблокту сатып алуудагы, Максим Бакиевге таандык 48 коттеджди 12 гектар жери менен менчиктештирүү, "Кыргызтелекомго" байланыштуу "Хуавей" компаниясы менен келишим түзүүдөгү жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу көз боемочулуктар тууралуу болду.

Отчет бергени келген Баш прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков "Жогорку Нарын" каскадын куруудагы 37 миллион доллардын үчтөн экисинин эсебин табуу маселесинде Баш прокуратура юридикалык баа бергидей, "мынча акча желди же мамлекетке мындай зыян болду деген бүтүм" жок экендигин айтты.

"Ал эми Максим Бакиевдин мулкүн менчиктештирүүдө Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан бааны туура эмес бычылганы үчүн кылмыш иши козголгон. Учурда ИИМде ал кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерселерди айта албайм. Кызыктуу нерселер азыр четинен такталып атат",-деди Казаков.

Чиновник "Хуавей" кытай компания менен келишим боюнча Баш прокуратура Коопсуздук кеңешинин чечими боюнча кылмыш иши кайра тергеле баштаганын, бир айдын ичинде анын жыйынтыгы боюнча коомчулукка маалымат берилерин да айта кетти.

Резиденциядагы үйдүн суроосу

Башкы прокуратуранын өткөн жылдагы ишмердиги тууралуу отчетту талкуулоо учурунда оппозициялык фракция мүчөлөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик резиденцияда салды делген турак жайы боюнча да кызыгышты.

Сүрөттүн автордук укугу Sdpk.kg

Каныбек Иманалиев Кыргызстандын төрү - мамлекеттик резиденция экенин белгилеп, мамлекеттик территорияга үй салууга негиз берген документтерге кызыкты.

"Резиденция - бул мамлекеттик территория. Ошол жерге чет элдик спонсорлордон 1 миллион доллар алып үй салганга кимдин акысы бар? Кайсы мыйзам же акт боюнча укук бар? Андан болсо эртең Маевский деле үй салып алсын. Анча болду Баш прокуратурага имарат салалы ошол жерге. Ширшовдон акча алып, Жогорку Сотко үй салалы. Кайсы документ же токтомдун негизинде үй салынды?"- деп суроо берди Каныбек Иманалиев.

Прокуратура өкүлдөрүнүн бул суроого жообу кыска болду. Андай документ же токтом жок деген жооп айтылды.

Фракция депутаттары ошондой эле камактагы "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаевге күнү-түнү видеокозөмөл орнотуунун зарылдыгын сурашты.

Жыйын соңунда жалпы фракциялык чечим кабыл алып жатып, депуттар пленардык жыйында Башпрокурор былтыр өлкөдөн болгон резонанстуу окуялар боюнча ачылган кылмыш иштери тергелип бүткүчө өлкөдөн чыкпасын деген сунуш парламенттин кароосуна киргизилмей болду.

Башпрокуратура отчету РАЖда да колдоо таппады

"Республика — Ата Журт" фракциясы да бүгүн Баш прокуратура отчетун карап, документке ичи чыкпады. Башында фракция мүчөлөрү Индира Жолдубаеванын өзү жок отчетту талкуулоодон баш тартып, бирок маселе добуш берүүгө коюлуп, Башпрокуратуранын былтыркы жылдагы ишмердиги каралды.

Жыйынтыгында фракция көпчүлүк добуш менен отчетту канаттандырарлык эмес деп тапты.

Чечим кабыл алынгандан кийин депутат Руслан Казакбаев отчет менен таанышпай туруп чечим кабыл алуу туура эместигин белгилеп, Индира Жолдубаеванын саламаттыгы жакшырганда деле отчетту караса болорун айтты.

Бирок фракция мүчөлөрү отчет аларга күн эрте таратылганын белгилешип, кесиптешинин пикири эске алынган жок.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар