Эмилбек Каптагаев: 2010-жылы 7-апрелдин кечинде гана абактан чыктык

2010-жылдагы апрель окуясы учурунда Бишкектеги негизи аянтка кылкылдаган эл чогулуп жаткан чакта, бир нече оппозициялык саясатчылар УКМКда кармалып турган.

Эмилбек Каптагаев Сүрөттүн автордук укугу social media

Би-Би-Си коомдук ишмер, ошол кездеги окуялардын чордонунда жүргөн саясатчы Эмилбек Каптагаевди маекке тартып, сиз ушунчалык чукул бурулуш болуп кетет деп күттүңүз беле?,-деп сурады:

Эмилбек Каптагаев: Менде мынчалык чукул бурулуш болуп кетет деген ишенич жок эле. Бирок бул баары бир бир жеринен сөзсүз үзүлөт деп ишенгем. Ошондуктан бул жылдары сынып калган жокпуз, тик турдук. 2009-жылы оппозиция дагы жок калган учур болду. Ага чейин 2007-жылы Феликс Куловдун митингин кууп тараткандан кийин, 2008-жылы оппозициянын бир дагы жыйыны же митинги өткөн эмес. 2009-жылы оппозиция эки гана жолу курултай өткөрдүк. Бирөөсү, спорт сарайында, экинчиси, орус драм театрында өттү. Андан башка эч нерсе кыла алган жокпуз. Оппозиция жаңы саясий шартка ыңгайлаша албай бытыранды болуп туруп калды. Бир жагынан ишеним да жок турдук. Себеби, 2005-жылы революциянын башында жүрдү деген А.Бекназаров, Ө.Текебаев, Р.Отунбаева баштаган саясатчылар четте калып, ал эмес куугунтукка кабылган эле. Соңунда 2009-жылы гана оппозициянын башы биригип, "Бириккен элдик кыймыл (БЭК) " түзүлдү.

Би-Би-Си: Ошол чоң окуялардын алдында эле бийлик "Ынтымак" курултайын өткөрүп, баары жакшы баары туура болуп жатканын айтты эле. Бийликтин бул кадамы тескери натыйжа жараткан жокпу?

Эмилбек Каптагаев: Ошол курултайды өткөрөбүз дегендин өзү элди абдан козутуп койду. Себеби алар курултайга даярдык көрөбүз деп, бийлик аймактардан эл жыйынып, элди өзү козгоп алды. Мындан улам биз дагы буга жарыша эле элдик курултай өткөрөбүз деп чыктык. Бийликтин курултайына чейин эле "Форумдун" алдында оппозициялык саясатчылар курултай өткөрүп, бийликке электр энергиясы, Бакиевдин тууган-уругу, телеком сыяктуу эң орчундуу жети талапты койдук. Анан бийликтин курултайына келгенде эл күтүп күтүп калды. Бул ошол жети маселеге жооп айтылат го деген күтүү, үмүт эле. Бирок 23-24-марттагы "Ынтымак" курултайында баары теңирден-тескери чыкты. Анда жооп бермек турсун курултайдын жыйынтыгында Бакиевге каалаганыңды кыл, баары жакшы деген чечим чыкты. Ошентип элдин үмүтүнө суу себилди. Ошондо эл "булардан эч нерсе күтпөш керек турбайбы" деп, бийликтен толук түңүлгөн эле.

2010-жылы 7-апрели

Би-Би-Си: Бийлик алмашып аткан кандуу 6-7-апрель күндөрү сиз өзүңүз кайда элеңиз? Кандай аракеттерди көрүп жаттыңыздар, сиздер тарапта эмне болуп жатты?

Эмилбек Каптагаев: 3-апрелде БЭКтин борбордук аткаруу комитети түзүлүп, ага төрайым катары Роза Отунбаева дайындалды. Жалпы оппозиция Отунбаеваны лидер катары таанып, жалпыбыз ал кишини алдыга коюп калдык. Төрайымга орун басар катары А.Атамбаев, Ө.Текебаев, Т.Сариев, абакта жатканына карабай И.Исаковду дагы кошуп, А.Бекназаров, мен, Д.Чотонов сыяктуу 6-7 киши тандалып жаңы иш баштадык. Бийликтин курултайынын жыйынтыгытигиндей болуп калган соң, биз "7-апрелде жалпы республика боюнча жер-жерлерде аймактык курултайларды өткөрүп, 17-марттагы талаптарды, бийликтин жообун жана андан ары эмне кыларыбызды талкуулайбыз" деген чечим кабыл алганбыз. Ар кимибиз ар кайсы аймактарга бөлүнүп, 3-апрель күнү координацияны баштадык. План боюнча 7-апрель Бишкекте "Форумдун" алында курултай өтмөк. Борбордо башка жерде эч кандай жыйын белгиленген эмес. 6-апрель күнү кечки саат сегиз жарымдарда Иса Өмүркулов, Туратбек Мадылбеков, мен, Кенешбек Дүйшөбаев 7-апрелдин күн тартибин, келгендерди кабыл алуу, коопсуздук тартип сыяктуу маселелерди талкуулап жатканбыз. Бир учурда эле бет капчандар, Улуттук коопсуздук кызматкерлери, милициялар келип төртөбүздү тең алып кетишти. Камашты, таң аткыча сурак бердик... Таңкы саат алты жарымдарда менин айыбымды угузуп, камерага камашты. Мен ошентип эки айга камалдым. Таласта болгон жаңжал жана мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярдык деген айып менен камашты. Ошо боюнча эч нерседен кабарсыз олтуруп калдык.

Би-Би-Си: Ошол учурда сизге кандай ойлор келди?

Эмилбек Каптагаев: Таластагы 6-апрелдеги жаңжалды камалганга чейин эле телефон аркылуу угуп, билген элек. Ошонун баарын көрүп-билип жаткан соң бийликтен мыйзамдуулук, акыйкаттык дегенди күтүп болобойт эле. Кеминде 10-15 жыл камайт деген эле ой болду. Таң атканча сурак бергендиктен уктап калыптырмын. Түшкө жуук ойгонгон окшойм. Ойгонсом, элдин чуусу алыстан угула баштады. Бирде жакындап, кайра алыстап кетип жатты. Сыртта жаандын катуу жаап жатканын угуп турдум. Мен камалган камерада терезе эмес, кенедей эле бир жылчыгы бар экен. Араң эле угулат. Бир убакта тарс-турс граната жарылганы, ок атылганы угула баштады. Көп өтпөй эле күзөтчү келип арткы эшиктен бизди Эркиндик бульвары тарапка чыгарды. Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Артыков, К.Дүйшөбаев, Т.Мадылбеков, мен, Болот Шер болуп 7-8 киши чогуу чыктык. Болжолумда 7-апрелдин кечки саат алты жарымдар чамасы болсо керек. Саат жетиге жуук аянтка келдик. Аянт кайнап турган экен. Сүйлөп, элге кайрылганга мүмкүн болгон жок. Эмне кылабыз деп турганда, эски аянтка баралы деп сунуш чыгып калды. Ошондон эски аянтка барып, элдин шары менен азыр өкмөт отурган имаратка кирип кеттик. Саат жети жарымдарда чогулдук. Роза Исаковна ошол жерде экен. Эл оппозиция лидерлери акылдашып алсын деп бизге шарт түзүп берип, бөлмөгө киргизип, каалганы жабышты. Ошентип биз биринчи жолу чогулуп, мындан ары эмне кылабыз деп акылдаштык. Биринчиден аянтта эмне болуп жатат? Эртеден бери элди ким баштап жүрөт? Ошонун баарын тактайлы дедик. Себеби, камактан жаңы чыгып эч кимибизде так маалымат жок эле. Мүмкүн болушунча элди "партия курамы, жерине карап топ-топко бөлүп баштайлы" деген чечимге келдик. Сырка чыгып элди топторго чогулта баштаганда саат сегиздерде Роза Исаковна чалып калды: "Биз Акүйгө баратабыз. Тарых музей тараптагы күн чыгыш жак бетине келип кал" деди. Барсам Роза эже, Кеңешбек Дүйшөбаев, Темир Сариев турган экен. Мен кошулуп төрт киши кирдик.

7-апрель, Ак үй...

Би-Би-Си: Тактап айтып берсеңиз, Ак үйгө кирип барганда сиздерди кимдер тосуп алды, ким кабыл алды?

Эмилбек Каптагаев: Кирип барсак, биринчи кабатта куралданган аскер толтура экен. Лифт менен биз жетинчи кабатка чыгып бардык. Өкмөт башчы Д.Үсөнов, М.Суталинов, ошол кездеги баш прокурор Э.Сатыбалдиев, Курманбек Бакиевдин кеңешчиси Н.Токтоматов, ИИМдин орун басары жана Коргоо министри Б. Калыевдер отурушуптур.Баары үрпөйүп олтурду. Биринчи эле Д.Үсөновдун оозунан "БТР менен Ак үйдү атканды токтоткула" деген сөз чыкты. 10-15 мүнөт сүйлөштүк. Д.Үсөнөв "БТР менен атпагыла" дегенин 4-5 жолу кайталады. Мен өзгөчө белгилеп айтып коюшум керек. Көрсө, УКМКдан бизди чыгарып аткан учурда балдар БТРди ошол короодон айдап чыгып кеткен экен. Мына ушул БТРдин аятка келиши 1917-жылы Орусиядагы ыңкылапта Аврора-Крейсеринин атылганында эле өтө чоң роль ойноду. Себеби, аянттан туруп кош пулёмот менен ак үйгө тийгизбей ок аткан экен. Ошондо куралчан аскерлер, милиция ак үйгө кире качкан тура. Бул чечүүчү учур болгон. Сүйлөшүү эмне болду дегенде, Д.Үсөнов ар кайсыны айтып, тигиндей-мындай дей баштаганда эле Роза Исаковна: "токтоткула, силердин күнүңөр, ишиңер бүттү" деди. "Кырчунун баарын кырдыңар, аянт толо эл, оорукана канжалаган кишиге, ок тийген жарадарларга толуп кетти" деп токтотту. Азыр бир сааттан кийин түн кирет. Мына ошондо жаалданып турган элдин агымы кайда барат, эмне кылат силер да биз да эч ким жооп бере албайт. Мамлекеттин бүтүндүгү эмне болот? Азыр да эл үмүт кылып күтүп турат. Президент да, өкмөт да толугу менен бийликтен кеттик деп жарыя кылгыла" деп талап койду. Ошондо Д.Үсөнов: "мен мына азыр десеңер да дароо жазып бергенге даярмын. Бирок президент үчүн жооп бере албайм" деди. Роза Исаковна айтты, мына капталыңда кабинетте эле отурбайбы бар айт, сүйлөш. Жарым саатта жооп бербесеңер эл бул жакка каптап кирет" деп, анан биз чыгып кеттик.

Би-Би-Си: Сиздер кирип барган учурда деле барымтага алуу, камоо ыктымалдыгы чоң эле да?

Эмилбек Каптагаев: Тобокелчилик абдан чоң болчу. Ичинен бизди камап же өлтүрүп коюшу деле мүмкүн эле. Бирок биз ал убакта элдин атынан кирип талапты айтууга милдеттүү болчубуз. Себеби, миңдеген элдин атынан уюшкан күч же баш-көз болгон эч ким жок экенин түшүндүк. Элдин баары оппозиция лидерлерин бошоткула деп күтүп турган. Эгерде биз камакта жаткан учурда, кайсы бир саясатчылар, кийин ооз көптүрүп сүйлөп жаткан генералдар элди баштап, аянтка барса, кеп башка эле да. Генералдар "мына атсаңар бизди аткыла" деп тизилип турса аларды эч ким атпайт эле. Түрмөдөн чыккан күндө дагы биз аларга барып, мына элди баштап, элди сактап аткан экенсиздер. Мындан ары биргелешип эмне кылабыз деп, биз да аларга кошулат элек го. Эч кимиси жок. Мына ошондой шартта 14 киши жоопкерчиликти моюнубузга алдык.

Би-Би-Си: Жарым саат убакыт берген экенсиздер, окуя андан ары кандай уланды, эмне деген жооп алдыңыздар?

Эмилбек Каптагаев: Муну кийин билдик. Биз чыгып кеткенден кийин он мүнөттөй өтүп арткы эшиктен чыгып, 3-4 жол тандабас менен куралчан топтун коштоосунда Бакиевдер чыгып кеткен экен. "Алдынан чыкандын баарын аткылап чыгып кетти, мына аэропортко баратат" дегенди биз ошол элдин өзүнөн уктук. Андан кийин эле Роза Исаковна менен Темир Сариев кирип Д.Үсөнөвдун өкмөт толук отставкага кетти деген арызын алып чыкты. Саат тогуздун тегереги эле. Мына ошондон кийин биз маалымат каражаттары аркылуу "өкмөт отставкага кетти, бийлик качты, бийлик элге өттү, эл ишенген бийлик түзүлөт" деп айта баштадык.

Би-Би-Си: Учурунда Курманбек Бакиев Кыргызстандан чыгып кетти деген кабар тарап бүдөмүк болуп калып калган эле. Бирок бир нече ай мурун эле Казакстанда көрсөтүлгөн даректүү тасма аркылуу мурда кыргыз коому билбеген айрым маалыматар ачыкка чыга баштады. Анда Бакиевдер Ош, Жалал-Абадга кантип барып жайгашканы, ал жактан кантип чыгып кеткени, буйруктар кандай берилгени да айтылды. Мисалы бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү, казак президенти Н. Назарбаев АКШдан телефон чалганы сыяктуу маалыматтарды сиз убагында билген белеңиз?

Эмилбек Каптагаев: Жок, биз түздөн-түз бул жараяндын ичинде болдук да. Күндө түнкү саат он экиден саат экиге чейин Убактылуу өкмөт жыйын өтчүбүз. Анда бир күндө эмне иштер жасалды, кайсы тарап чала болуп жатат, кайсы жерге күч керек болуп жатат дегенди талкуулачубуз. Бул сайын өтүп турду. 15-апрелде Бакиев Ошту басып алам деп барып баса албай калгандан кийин ал кайра Жалал-Абадга барды. Ошондо талдоочулар, Россия, Казакстан, АКШнын мамлекет жетекчилери дагы, "эгерде силер азыр ушундай учурда К.Бакиевди өлкөдөн чыгарып жибербесеңер, абдан кооптуу, мындан ары мамлекттин мамлекет болуп сакталышы, мамлекеттин бүтүндүгү деген маселе кыйын болуп калат" деп айтып жатышты. Ошондо ЕККУ өзү биздин кепилдик менен Бакиевге тийбей, үй-бүлөсү менен чыгарып бергиле деп сунуш кылды. Биринчи, Бакиев жана бир туугандары дешти. Биз каршы чыктык. Үй-бүлөсү дегенде, мен анын үй-бүлөсү эбак эле чыгып кетпеди беле дедим. Көрсө кийинки бүлөсү бар турбайбы. Мен аны чынын айтсам билген эмесмин. Ушул учур абдан жооптуу болду. Себеби, эгерде 500-600 куралчаны менен К.Бакиев өлкө түштүгүндө олтурса, бир жума өтүп-өтпөй куралчандар дагы кошулмак. Бул жактан айрым депуттаттар араң эле турган. Азыркы Украина же Ливиядагы окуялар сыяктуу курчуп кетмек. Ушул маселени талкуулаганда, Роза Исаковна муну так айтты. Ушул талкуу болуп жатканда А.Атамбаев дагы чыга качты. "Мен муну талкуулабайм. Жоопкерчилик ала албайм" деп баары чыгып кеткенде Роза Исаковна жалгыз калды. Жанында мен анан Кеңешбек Дүйшөбаев калдык. Ошондо Роза Исаковна "К.Бакиевди өлкөдөн чыгарыш керек, мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги үчүн жоопкерчиликти өзүм алам. Кийин чамабыз жетсе жазалап аларбыз. Кудай маңдайга жазганын көрөт, макул чыгарабыз" деди. Ошондо ЕККУ К.Бакиевди алып чыгып, анын кызматтан кеттим деген арызын алып келип беребиз деп кепилдик берди.

2010-жылы 7-апрели Сүрөттүн автордук укугу BBC Sport

Би-Би-Си: Демек, ЕККУнун өкүлү К.Бакиев менен алдына-ала сүйлөшүү жүргүзгөн экен да?

Эмилбек Каптагаев: Ошол учурда ЕККУ да, Назарбаев же башкалары биз менен кандай сүйлөшсө, К.Бакиев менен ошондой эле сүйлөшүп жатты да.

Би-Би-Си: Саясатчы, инсан катары жеке таарыныч же саясатчынын ылдый-өйдө кадамдары болушу мүмкүн да. Ошолорду четке калтырып, калыс, жыйынтыктап айтканда 2010-жылдагы революция дейбизби, ыңкылап дейбизби максатына жеттиби?

Эмилбек Каптагаев: Жемиши сөзсүз болду. Муну азыр да сезип жатабыз. Өзгөрүүлөрдүн шартында, жараянында жашап жатабыз. Эң биринчиси референдум аркылуу конституциялык реформа жасадык. Бакиевдер сатып жиберген же мына ушулар мыйзам чегинде Бакиевдердики делген кырктан ашуун мүлктү улутташтырдык. Коомдо жаңы саясий маданияттын калыптанышына жол ачтык. Биз көнүшүбүз керек. Элдин тандоосуна ылайык бийлик түзүлүшү керек дедик. Бийлик колдо турганда каалагандай калчап коюуга болот эле. Бирок Роза Исаковна элдин тандоосуна коёлу деди. Сөзүм кургак болбосун, шайлоодо "Ата-Журт" партиясы жеңип келди. Спикер, өкмөттүн көбү "Ата-Журттан" болду. Бул жаңы саясий маданияттын калыптанышынын башаты болду. Эки жолу шайлоо аркылуу президент алмашып, эки жолу парламент шайланды. Өзгөрүү дегенди абага салыштырса болот. Аба бар же жогун билбей дем ала беребиз. Качан гана муунтканда аба керек турбайбы дейбиз. Бирок бул жерде сөзсүз айта кетүү керек. Атамбаев бийлигинин соңку жылдары эмне себеп болду, кандай идеяга жетеленди аны билбейм. Сөз эркиндигин чектөө, өзүнүн пикири келишпеген саясатчыларды мамлекттин, укук коргоо органдарынын күчүнө салдып зордуктоо жагына баш уруп кирип кетти. Менимче, мунун өзү убактылуу көрүнүш. Анткени биз азыр жаңы шартта жашап жатабыз. Президент жаңы. Бир топ жакшы ойлорду айтып жатат. Парламент бар. Буга чейин парламент өз укугуна ээ болгон да жок. Буга чейин паламентти бир короого камап алып эле каалаганын чечтирип жатты да. Эми азыр өз укугу менен өз ыйгарым укугундагы ишти баштаса сегиз жыл мурун түзүлгөн саясий системанын артыкчылыктарын, өзгөрүүлөрдү көрөбүз. Биз 2010-жылы Баш мыйзам түзүп берген саясий түзүмдө жашай элекпиз. Биз ошого жаңы-жаңы келе жатабыз.

Би-Би-Си: 2010-жылга окуяга себеп болгон жагдайлар тууралуу көп эле айтылып, талданып келе жатат. Сидин пикир кандай?

Эмилбек Каптагаев: 2009-жылдан тарта эл толкуп баштаган. Себеби, адамга коомдо, жашоодо, жеке жашоодо тирек болуп турган чоң күч бар. Бул - үмүт. Бул өтө зор күч. Үмүт үзүлгөн соң, баарын күтүүгө болот. Адамдын өз жанын өзү кыйып жибергени, мына ошол өзүнөн үмүтү үзүлгөндө жасаган кадамы десек болот. Ушул сыяктуу эле коомдун да үмүтү үзүлүп калган. Мисалы, ишкерлер келечекке үмүтү жок калган. Себеби, кенедей жылтыраган бир нерсе болсо эле жонунан сылап тартып алып коюп жатты. Саясатчылардын да үмүтү үзүлгөн. Себеби, саясий жол, саясий жараяндар менен бийликке келүү мүмкүн болбой калды. Бакиевдердин үй-бүлөсү кандай чечсе ошондой болмок. Шайлоолор да маанисин жоготкон. 2007-2009-жылдагы шайлоолор протоколдук негизде гана өтүп келди. Элдин добушу деген эч нерсеге татыбай турду. Ушул сыяктуу жагдайлардан эл ичи толкуп, келечектен шоола көрбөй калган чакта "аа кыңк эткен киши жок, бийликти толук колго алдык" деп турду. Керек болсо М.Садыркуловду баш кылып өрттөп, далайлардын көзүн тазалатып салды. Дал ушул М.Садыркуловду өрттөп жиберген окуя кыр аша турган кыйын учур болуп калган. Себеби, эч ким эч нерсе дебей жым-жырт туруп берди. Ошону көрүп бийликтин көзү тумандады да каалагандай калчоого толук киришти. Электр энергиясын кымбататтуу, электр тармактарын арзан баада өздөрү сатып алуу, байланыш операторлоруна кошумча төлөм киргизүү сыяктуу иштерге ач көздүк менен батыл киришти. Ошентип элдин чыдамынын чегине жеткирип салышты. Ошол абал 2009-жылдын этеги, 2010-жылдын башына туш келди.

Эмилбек Каптагаев 2010-жылы апрелде Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп, кийин президенттик аппаратты жетектеген.

Тектеш темалар