Жээнбеков: Элдик революциянын идеяларын жана максаттарын турмушка ашырабыз

Сооронбай Жээнбеков Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстан 2010-жылдагы 7-апрелиндеги окуялардын сегиз жылдыгын эскерүүдө.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков элге жасаган кайрылуусунда: «Ушул күнү тарыхый бурулуш болуп, туӊгуюкка бараткан жолдон чыгып, жаркын келечекке багыт алганбыз. Адилеттикти туу туткан, чөгөлөп жашоого чыдабаган, кландык жана үй-бүлөлүк бийликти кабыл албай турган эл экенибизди дагы бир жолу далилдегенбиз.

Элибиздин жаркын келечеги, жакшы жашоосу үчүн эр-азаматтарыбыз канын да, жанын да аяган жок. Баатырларыбыз 2010-жылдын 7-апрелиндеги тарыхый күнү зомбулукка, адилетсиздикке каршы күрөштө бүт кыргыз элине сепил, түркүк болду.Тайманбас баатырларыбыздын күчү менен жаӊы турмушту, жаркын келечекти көздөгөн элдин аруу тилеги ишке ашты. Элдин бийлигин менчиктеп, элдин ырыскысын өз бүлөсүнө тартып берип, элди кул кылам дегендердин тилеги таш капты",-деп айтты.

"Элдик революциянын идеяларын жана максаттарын турмушка ашырабыз. Эң башкысы - Кыргызстан эч качан демократиялык багытынан тайбайт",-деди президент.

Ал ортодо "Аперль окуяларынын" активдүү катышуучулары болгон "Ата-Мекен" партиясы жөө жүрүшкө чыкты. Алар борбордук аянттагы "Эл эркиндиги үчүн" монументине гүл коюп, эскерүү иш-чараларын өткөрдү.

"Ата Мекенчилер" абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге, партиялашы Дүйшөнкул Чотоновго боштондук берүүгө чакырды. Ошондой эле сегиз жыл мурунку ыңкылап максатына жете электигин айтышууда.

2010-жылы 7-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин режимине каршы демонстрациялар учурунда 90го жакын киши мерт болгон. Элдик толкундоолор арты менен ошол кездеги президент Курманбек Бакиев бийликтен сүрүлүп, өлкөдөн качып чыгып кеткен.

7-апрель - «Элдик Апрель революциясы күнү» катары эскерлип келүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы Апрель окуяларында "Ала-Тоо" аянтында курман болгондордун элесине арналган "Эл эркиндиги үчүн" монументине гүл койду.

Кечээ күнү президенттин басма сөз кызматы: "Сооронбай Жээнбеков "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл коюу аземине катышат",-деп кабарлаган эле.

Бүгүнкү эскерүү иш-чарасына өлкөнүн экс-президенттери Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева чакырылганы айтылган.

Сүрөттүн автордук укугу official

Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаев көрүнгөн жок.

"Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, экс-президент Роза Отунбаева катышты. Гүл коюлгандан кийин курман болгондордун элесине арналып куран түшүрүлдү. Иш-чарага 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты",-деди президенттин басма сөз кызматы. (AbA)

Тектеш темалар