Абдил Сегизбаев УКМК төрагалыгынан кетти

Абдил Сегизбаев Сүрөттүн автордук укугу official

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.

Абдил Сегизбаев мындан үч жыл мурун Бусурманкул Таабалдиевдин ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчылыгына келген эле.

Президент ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору Болот Сүйүмбаевди дагы арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошоткону белгилүү болду.

Сүрөттүн автордук укугу official

Мындан үч күн мурун Сооронбай Жээнбеков УКМК жетекчисин жана Антикоррупциялык кызматынын директорун кабыл алып, "2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарылышы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу маалыматын" укканы кабарланган эле. (AbA)

Тектеш темалар