Сапар Исаков баштаган өкмөттүн өсүшү менен өксүгү талкууда

Премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү тарайт деген кеп кайрадан күч алды. Анткен менен өкмөттүн отчетун өткөн апталарда КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары колдогон. Өкмөт кетет деген кабарлар канчалык негиздүү жана өкмөттүн тарашына кандай себептер бар?

Өкмөттүн 2017-жылдагы ишинин отчетун Жогорку Кеңештеги оппозициялык үч фракция угуп жатат.

Премьер-министр баяндамасында өткөн жылы экономикалык өсүш 4,6 пайызга жогорулап, орточо айлык 6,7, пенсия 6,5 пайызга көбөйгөнүн айтты.

Депутаттар ар кандай тармактан сурап, сын да айтылды. Алар ГЭСтерди курат делген "Лигласс", "Акылдуу шаарды" курат делген "Хуавей" компаниялары менен келишимдин ишке ашпаганы Кыргызстандын аброюна шек келтиргенин айтышты.

Сапар Исаков инвесторлор талапты аткарбаса, келишимдерден чыгуу нормалдуу көрүнүш деп жооп берди:

"Лигласс өз милдеттерин аткара албай калды. Ошондуктан мен келишимди буздум. Бирок биздин бюджетте алардын алгачкы берген бир миллион 200 миң доллары калды. Азыр эки инвестор менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Башка мамлекеттерде да сүйлөшүү жүрүп, келишимге кол коюлгандан кийин бузулуп кеткен тажрыйба бар. "Хуавей" менен келишимге кол коюп, техникалык-экономикалык негиздемесин карап жатканда мен өзүбүз эле ишке ашырсак болот экен деген жыйынтыкка келдим".

Ал коррупция менен күрөшүү боюнча суроого жооп берип жатып, "жарым жылда ишке ашыруу мүмкүн эмес экен, ага каршы атайын система түзүш керек" деди Исаков:

"Баарын жүз пайыз аткара албайт экенсиң. Ар кандай себептер болуп калат экен, себептери бар. Бирок мүмкүнчүлүк берсеңер, алдыңарга келип 2018-жылдын отчетунда айтып берем. Азыр 2017-жылдын отчетун карап жатабыз, кечирип койгула".

Өкмөттүн отчетун мурдараак "Кыргызстан" жана Социалдык-демократия фракциясы жактырган.

Эми аны көпчүлүк коалициядагы үчүнчү фракция "Бир бол" карайт.

"Бир бол" фракциясынын мүчөсү Улугбек Ормонов өкмөттүн 2018-жылдагы иштерине көп суроо бар дейт:

"2017-жыл менен азыркы абалды алмаштырбашыбыз керек. 2017-жылда Бишкек жылуулук борбору боюнча гана маселе бар. Ал тууралуу депутаттык комиссия өз ишинин жыйынтыгын ушул жума алып чыгыш керек".

Коалициялык көпчүлүктөн "Бир бол" чыкса, өкмөт тарайт деген күбүр-шыбыр кептер парламенттен чыкты. Бирок Ормонов бул тууралуу айтуу кыйын дейт.

Ормоновдун сөзүнөн белгилүү болгондой "Бир бол" демек, өкмөттүн 2017-жылдагы ишине оң баасын бериши мүмкүн. Бирок өкмөт азыр 2018-жылдагы иши боюнча отчет бербейт.

Депутат Жанар Акаев Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги акыркы кадры Сапар Исаковду кызматтан кетирүү маселеси парламентте бышып жетилди деди Би-Би-Сиге.

"Парламентте Сапар Исаковду өкмөт башчылыктан алуу тууралуу кызуу сөз болуп жатат. Бул маселе ушу аптада, шаршемби же бейшемби кабыргасынан коюлат деп ойлойм. Экс-президент Алмазбек Атамбаев жок дегенде өзүнө таандык өкмөт башчыны сактап калуу аракетин көрүүдө. Бирок андай болбойт го", - деди Акаев.

Жанар Акаев 16-апрелде Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча Жогорку Кеңештин комитетинде өкмөт мүчөлөрүнүн алдында да бул тууралуу кыстара кетти:

"Мына мына кетет деп жаткан өкмөткө көп суроом же сунуштарым жок. Буюрса жаңы көмөт куралганда, менин абдан көп суроолорум жана сунуштарым болот. Ошондо сүйлөшөбүз".

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев өкмөттү отчет менен таратуу ою ишке ашпай калды дейт. Анткени ал оппозициялык фракция мүчөлөрүнүн да премьерди мактаганын эске алууда. Бирок ал башка жол менен болсо да өкмөт таратылганы калды деп эсептейт.

"Коалициядагы фракция каалагандай шылтоону айтып чыгып кете берет. Парламентте коалиция бузулса, өкмөт автоматтык түрдө кетет. Көпчүлүк коалициядан бир фракция чыгып кетсе, ал тарап, кайра коалиция чогултушка туура келет. Президент жаңы коалиция түзүүнү бир коалицияга тапшырат. Бирок Конституцияга кирген өзгөртүүгө ылайык, фракциянын чыгышы лидеринин жарыялоосу менен эле чечилбейт", - деди Молдалиев.

Сапар Исаков 2017-жылы 26-августа премьер-министр болуп келген. Ал ошол жылы президенттин аппаратын жетектеген. Андан мурда аппарат жетекчисинин орун басары, 2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарган.

Ал бир апта мурда президент кызматтан алган УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевди 16-апрелде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы кылып дайындады. Мындай кадамдарды президент менен ачык эле тирештин башталышы катары баалашууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар