Өкмөт отставкага кетти

Өкмөттүн 2017-жылдагы отчетун үч фракция кабыл алган жок, бирок серепчилер өкмөттү таратууга депутаттар башка жолду тандайт дешүүдө Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Өкмөттүн 2017-жылдагы отчетун үч фракция кабыл алган эмес

Кыргызстандын өкмөтү жаңы Конституция кабыл алынгандан бери биринчи жолу ишеним көрсөтүлбөй, кызматтан кетти. Парламенттеги коалициялык көпчүлүк сакталып, ага оппозициядагы "Республика-Ата-Журт" фракциясы кошулду.

Өкмөттү кетирүү боюнча жарлыкка президент саналуу сааттын ичинде кол койду.

Коалиция кеңейди

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алгандан кийин көпчүлүк коалициядагы үч фракциянын лидерлери президент менен жолукту. Анда коалицияны сактап калуу боюнча айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков коалициянын туруктуулугу мамлекеттин өсүшү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Коалициянын лидери Иса Өмүркулов бул жолугушууда коалицияга оппозициядагы "Республика-Ата-Журт" фракциясынын кирүү мүмкүнчүлүгүн айтты эле, саналуу сааттан кийин ал ишке ашты.

Аны көпчүлүк коалициядагы депутаттардын дээрлик баары колдоду.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев КСДПны оппозицияда калтырып төрт фракцияны биригүүгө чакырды. Ал Жогорку Кеңештин түштөн кийинки жыйынында мыйзамда коалицияны кеңейтүү деген түшүнүк жок, ал түзүлөт деди.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Өкмөттүн 2017-жылдагы отчету Жогорку Кеңеште каралууда

"Партиялар бири-бирине биригиши мүмкүн, ал эми апрламенттин табияты андай эмес. Мыйзамда жазылбаса, демек, уруксат деген парламентке жарашпайт. Бир фракцияны кошкон болбойт. Биз башынан туура эмес кетсек, келечегибиз жакшы болбой калат", - деди Масалиев.

Коалицияга "Кыргызстан", КСДП жана "Бир бол" фракциялары кирчү, "Республика-Ата-Журт" төртүнчүсү болду.

Коалиция бузулуу жолу менен өкмөттү кетирет деген кептер ордунан чыккан жок.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жолу менен аны кетирүү мамлекеттин тарыхында экинчи жолу, ал эми жаңы Конституция кабыл алынгандан бери биринчи жолу болуп жатат.

Сапар Исаков баштаган өкмөткө нааразылык

Сапар Исаковдун өкмөтү сегиз айдай иштегенден кийин кызматтан кетти.

Өкмөттүн 2017-жылдык отчетун коалициядагы "Кыргызстан" жана КСДП фракциясы жактырган.

Андан сырткары өкмөттү өзү да ишеним көрсөтпөгөн көпчүлүк коалиция түзгөн.

Бирок бүгүн ага 106 депутаттын 102си ишеним көрсөткөн жок. Бул КСДПнын жана көпчүлүк коалициянын дээрлик баары өкмөттү кетирүүгө макул болду деген.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

КСДП лидери Иса Өмүркулов коалиция өзү түзгөн өкмөттү коргош керек деген эч жерде жазылган эмес деди:

"Коррупциялык көрүнүштөрдү, ЖЭБди көрүп жатасыздар. Салыктарды чыгарып кетип жатса, 800 млн сомду чыгарып кетишкен, бул дагы чек эмес деп жатышат. Ошол эле учурда инвалид балдарга 400 млн сом таппай коюшкан. Ким жооп бериш керек? Өкмөттү биз шайладык эле деп көзүн карап отуралыбы? Ошондуктан биз ушундай чечим кабыл алдык жана туура деп ойлойм".

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сапар Исаков сөз сүйлөө өтүнүчү менен түштөн кийин Жогорку Кеңешке кайрылды, бирок андай мүмкүнчүлүк берилген жок.

Анын кеңешчиси Гүлнура Торолиева Фейсбуктагы баракчасына Сапар Исаковду жаштар, жөнөкөй жарандар жана бизнес колдорун билдирди.

"Шайлоолорду өткөрүү учурунда, кыргыз-казак чек арасындагы кризисте, ЖЭБдеги аварияда Исаков өзүнүн эң мыкты инсандык жана кризис-менеджерлик сапаттарын көрсөттү", - деп жазды ал.

Ал ошондой эле Исаков кыска убакытта "Таза коом", "Акылдуу шаар" демилгелерин ишке ашырганын кошумчалады.

Депутат Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына өкмөттү колдоп келгендердин баары анын кетишине добуш бергенин сынга алып, парламентте "макул" кнопкасын бардык маселелерде басуу кайрадан башталды деди.

Кандай өкмөт келет?

Жаңы өкмөт түзүлгөнчө азыркылар милдетин аткарып турат.

Мыйзамга ылайык, көпчүлүк коалиция премьер-министрликке талапкерди сунуштайт. Ал 25 күн ичинде өкмөт курамын сунуштап, программасы менен келиш керек. Ал парламенттен өткөндөн кийин президент үч күн ичинде бекитет.

Азыркы өкмөттү жана премьер-министрди кызматтан кетирүүгө эки себеп болгонун депутаттар айтышууда. Алар өкмөттүн иштеши жана премьер-министрдин президент менен мамилеси.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Көпчүлүк коалициядагы үч фракциянын лидерлери президент менен жолукту

Эл өкүлдөрү президент кетирген кадрды премьердин башка кызматка коюшун сынга алып, мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн эки лидердин тил табышып иштегени маанилүү дешти.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев келерки өкмөт фракциялар менен президенттин кызмат ордун соодалашуусунун негизинде гана түзүлөт дегенден алыстап, жакшылыкка үмүт кылып туралы дейт:

"Кайсы эле өкмөт жаман иштейин деп келет? Жакшы иштейли, уят болбойлу деп барарына мен саясат таануучу катары ишенем. Баары жегени эле барат дегенден мен алысмын. Үмүттү үзбөшүбүз керек. Бирок ал үчүн эркин басма сөздүн, жарандык коомдун, эң негизгиси президенттин позициясы ошого багытталыш керек".

Исакову башынан сындап келаткан саясий ишмер Эдил Байсалов келерки өкмөттөн да зор үмүт жок, бирок бул өкмөттүн деңгээли өтө эле төмөн болчу деди Би-Би-Сиге:

"Акылдуу шаар болобу же башка долбоорбу башталганына он жыл болгон. Ага Сапар Исаковдун тиешеси жок. Эми алар ансыз деле уланып, ишке аша берет. Келерки өкмөттөн албетте укмуш жашоону күтпөйбүз, бар нерсени бүлүндүрбөгүлө, сактап калгыла деген гана талап болушу мүмкүн".

Басылмаларда премьерлик кызматка келет дегендер арасында президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин аты аталууда.

Иса Өмүркулов коалиция премьерликке талапкерди жакын арада эле сунуштай турганын билдирди.

41 жаштагы Сапар Исаковдун өкмөтү отузга толо элек министрлерди камтыган жаштардын командасы катары сунушталган.

Ал "Таза коом" электрондоштуруу программасын, "40 кадам" өнүгүү стратегиясын жана башка ири долбоорлорду баштаган.

Сапар Исаков 2017-жылы 26-августа премьер-министр болуп келген. Ал ошол жылы президенттин аппаратын жетектеген. Андан мурда аппарат жетекчисинин орун басары, 2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарган

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар