Өкмөттүн экономикалык саясаты кандай болот?

Мухамметкалый Абулгазиев мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун отставкасынан кийин премьер-министрликке келди Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Абулгазиев мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун отставкасынан кийин премьер-министрликке келди

Жаңы өкмөттүн экономикалык планы коомчулукка жарыялана элек. Бирок буга чейинки премьер-министрдин билдирүүлөрүнөн улам Абулгазиевдин өкмөтү экономикада агрардык тармакка басым жасары белгилүү болуп калды.

Дүйшөмбүдө Абулгазиев өкмөт мүчөлөрү менен жумушчу жыйын куруп, өкмөт алдындагы биринчи кезекте чечүүчү милдеттерди атады.

Агрардык тармакка артыкчылык берилет

Жаңы премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөтү экономикада айыл-чарба тармагына, энергетикалык системаны реформалоого жана социалдык өнүктүрүүгө басым жасайт.

23-апрелде өткөн өкмөттүн жыйынында премьер-министр "Биримдик, ишеним жана жаратмандык" программасын ишке ашырууда биз учурдагы өтө зарыл чечилчү коомдогу көйгөйлөрдү камтышыбыз керек. Программа Кыргызстандын 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүү стратегиясы менен интеграцияланышы керек",- деди.

Жаңы өкмөт экономиканы көтөрүп, коррупцияны жоюу үчүн электрондук мекеме аралык "Түндүк" системасын жана "Акылдуу шаар" долбоорлорун ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурмакчы.

Ошондой эле көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн салык жана бажы тармактарында түзүмдүк өзгөрүүлөрдү ишке ашырат.

Инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлүп, инвестиция корголот деген менен өкмөт азырынча ал кандай ишке ашат деталдуу көрсөтө элек.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Мухаммедкалый Абылгазиев энергетикалык системаны реформалоо аркылуу, ачык-айкындуулук менен элдин ишенимин кайтарууга өзгөчө маани берип жатканын да белгиледи.

Экономикада экспортко да басым жасалып, бул үчүн жергиликтүу фермер жана дыйкандарга колдоолор көрсөтүүлөт.

"Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү жана алардын турмуш-тиричилиги акыл-чарбасына тыгыз байланышкан. Бул жаатта айыл чарбасындагы иштиктүү активдүүлүктү кеңейтүүгө байланышкан багыттар артыкчылыккка ээ болушу керек. Мында өкмөт тарабынан өзөктүк милдеттер турат: иригацияга; таза суу менен камсыздоого; каржылоонун жеткиликтүу болушуна; технологияларды тартууга, сатууга жана кайра иштететүүгө көмөктөшүүгө жана айылдык инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурмакчыбыз",- деген эле жаңы премьер 20-апрелдеги өкмөттү бекитүү боюнча парламент жыйынында.

Алдыга ушундай милдеттерди койгон жаны өкмөт башчы "Биримдик, ишеним жана жаратмандык" программасын ишке ашыруунун деталдык планын иштеп чыгууга көрсөтмө берди.

Өкмөт экономиканын эбин табабы?

Ошентсе жаңы өкмөттүнэкономикалык саясаты азырынча бүдөмүк болууда. Алалы өкмөт Кумтөр маселеси боюнча позициясын же тышкы карызды жою боюнча планын ачыктай элек.

Анын үстүнө курамында экономист адискөйлөр жок жаңы өкмөт экономиканы кантип көтөрүп кете алат суроолор жаратууда.

"Сиздин биринчи вице-премьер министриңиз куруучу экен, экинчиси- милиционер, үчүнчүсү-географ, төртүнчүсү - тарыхчы. Экономиканын кантип эбин тапканы жатасыз?", -деп суроо салган эле өкмөттүн курамын бекитүү боюнча парламент жыйынында депутат Рыскелди Момбеков.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жаңы өкмөттүн курамына жаңы эки вице-премьер жана төрт министр кирди

Буга Абылгазиев өзү каржы тармагынан келгенин, командасында аким болсо да бир экономист жана мурда Экономика министри болуп иштеп кеткен Олег Панкратовдун бар экенин жүйөө келтирип, үчөөлөп экономиканы "аракет кылып тартарын" жооп айткан эле.

Бирок мурдагы вице-премьер, экономика министри Олег Панкратов кайрадан эле экономика тармагына келгени көптөгөн суроолорду жаратты.

Өкмөттү бекитүү боюнча парламент жыйынында депутаттар, ал тургай Панкратов Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген келишимди түзүүгө барганын да эске салышты.

"Азыркы өкмөттүн экономика тармагына жооп бере турган адамдары 2013-жылы ушул эле тармакта иштеп кеткендер. Ал жылдары экономика кандай өнүксө, эми алдыда деле ошондой нерселерди күтсө болот. Өкмөттүн программасын оозеки эле уктук, тексти жарыялана элек. Бирок жалпы ниети боюнча Кыргызстан аградык өлкө бойдон кала берет го деген ой келип атат", -деди экономист Искендер Шаршеев.

Анын пикиринде бүгүнкү күнү агрардык тармакка артыкчылык берүү менен экономикада секирик жасоо күмөн болуп турат.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт 19-апрелде парламент тарабынан отставкага кетирилген.

Тектеш темалар