Жаңы баш прокурор чырлуу иштерди кайра карап чыгат

Сүрөттүн автордук укугу official

Баш прокурор кызматына президент сунуштаган Ѳткүрбек Жамшитовду Жогорку Кеңеш бекитти. Жаңы баш прокурор токтоп калган жана резонанстуу кылмыш иштерин кайра карап чыгууну убада кылууда.

Резонанстуу иштер

Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда депутаттар биринчи кезекте прокуратура органдарынын өзүн коррупциядан тазалоону жана негизсиз токтотулган коррупциялык иштерди карап чыгууну талап кылышты.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ошондой коррупциялык иштердин айрымдарын санап берди.

"Кыргызтелеком". Кечээ мен сизге катты окуп бердим. Баш прокурордун орун басарынын жоопкерчилигин караш керек. "Мамлекетке 35 миллион сом чыгып келген" дейт да, экинчи сүйлөмдө"иш кыскартылган, жоопкерчиликке тарта турган эч ким жок" дейт. Ушу кантип болсун. Аба майданы боюнча. Ал жерде 2 миллион турган тамак даярдоо блогу 12 миллионго алынган",-деди Алмамбет Шыкмаматов.

Баш прокурор болуп бекиген Ѳткүрбек Жамшитовко «Республика» партиясынын лидери Ѳмүрбек Бабанов менен «Кыргызстан» фракциясынын мурдакы лидери Канат Исаевге козголгон кылмыш иштерин саясатташтырбай акыйкат карап чыгуу жөнүндө өтүнүчтөр айтылды.

Ѳткүрбек Жамшитов өз кезегинде резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгарууну убада кылды.

Соттолгон саясатчылардын иштери

Баш прокурор резонанстуу коррупциялык кылмыш иштерин кайрап карап чыгууну убада кылып жаткан чакта өлкөдө соттолгон саясатчылардын кылмыш иштерин дагы кайра карап чыгуу аракеттери жанданууда. Биринчи кезекте коррупциялык иштер менен айыпталып соттолгон «Ата Мекен» партиясынын лидери Ѳмүрбек Текебаевдин, ЖКнын мурдакы депутаттары Нариман Түлеевдин, Карганбек Самаковдун иштери жөнүндө сөз болуп жатат.

Image caption Жарандык коомдо Текебаевдин кылмыш ишин саясий куугунтук катары карап жатышат.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Ѳмүрбек Текебаев орус ишкеринен бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, өткөн жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган. Анын жактоочулары Ѳмүрбек Текебаевдин пара алганын тергөө да, сот да далилдей алган эместигин айтып келатат.

Текебаевдин ишин кайрап карап чыгуу зарылдыгын соңку жолу Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун айтып чыкканы, бул маселенин президенттин өзү менен же ага жакын чөйрөдө талкууланып жатканын билдирет деп жатышат. Анткени «Бир Болдун» лидери соңку убакта президент менен жакын мамиледе болуп жатканы белгилүү.

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев Кытайдан автобус алып келүү ишинде коррупцияга барган деп он бир жылга соттолуп, өзүнүн эле эмес, ата-энесине, жакындарына катталган мүлкү дагы мамлекетке алынган. Нариман Түлеевдин өзү дагы, анын жактоочулары дагы бул иш жогорку бийликтен болгон саясий буюртма деп жатышат.

"Тергөөдө эч кандай документтерге таянышкан эмес. Кытайдан алып келген автобустардын документтерин, анын котормолорун тергөөгө алышкан эмес. Экинчиден, мен Сапарга (экс-премьер-министр) киргенде дагы "бул ишти биринчи көзөмөлдөйт, биринчи менен чыр-чатагын бүтүрсө эле, эч кимдин иши жок деп айткан,-дейт Түлеевди коргоо комитетинин өкүлү Урмат Акунов.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин өзүнүн командасын түзүүнү күч органдарынын жетекчилерин жана өкмөттү алмаштыруудан баштады. Ошол эле учурда Жогорку Кеңеште президентке ыктаган чоң коалиция түзүлдү. Февраль айында президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, күч органдары өздөрү коррупциянын уюгуна айланып калганын сынга алган.

Саясатташкан кылмыш иштерин кайра карап чыгуу боюнча Жогорку Кеңештин өзүндө дагы депутаттык демилгелүү топ иш алып барууда. Алар саясатташкан кылмыш иштери боюнча чыккан сот чечимдеринин баарын кайра электен өткөрүүгө Жогорку Кеңеш аркылуу жол ачуу керек деп жатышат.