Жусуп Абдрахманов жөнүндө документалдуу фильм тартууга конкурс жарыяланды

Жусуп Абдрахманов Сүрөттүн автордук укугу Wikipedia

«Аскар Салымбековдун фонду» коомдук фондусу кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик-коомдук ишмери Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган киносценарий боюнча даректүү фильмди тартуу үчүн кинорежиссерлор арасында конкурс жарыялады.

Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү киносценарийди "Манас" университетинин окумуштуусу Бакыт Орунбеков жазган. Киносценарий Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын көркөм кеңеши жана кыргыз тарыхчылары тарабынан жактырылган.

Конкурска катышууну каалаган кинорежиссерлор режиссердук сценарийди, даректүү фильмге кетүүчү чыгымдарды, фильмди тартуунун мөөнөттүк иш планын көрсөтүшү керек.

2018-жылдын 1-июлуна чейин Аскар Салымбеков фондусуна тапшырып, белгиленген күнү өз идея-сунуштарын коргошот.

Абдрахманов Жусуп — кыргыздардан чыккан советтик мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинини биринчи төрагасы (1927—1933). Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган.

Кыргыз өкмөтүнүн башында турган кезинде борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзөт. Сталинге эки жолу кат жазып, Кыргыз АССРин союздук республикага айландыруу маселесин кайталап койгон. Кийин анын бул аракеттери улутчулдук деп бааланып, 1937-жылы камакка алынган. Саясий айып тагылып, 1938-жылы атылып кеткен.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар