"Ата Мекен": Абдил Сегизбаев жоопко тартылсын

Сегизбаев быйыл 7-апрелде өз арызынын негизинде УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Сегизбаев быйыл 7-апрелде өз арызынын негизинде УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы "Белизгейт" жаңжалын уюштурганы үчүн Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кылмыш жообуна тартылышын талап калып, Башкы прокуратурага расмий кайрылды.

Фракция бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинде айткан коррупцияга каршы күрөш боюнча аткарылып жаткан иш-чараларды карады.

Жыйында чулгандуу делген коррупциялык иштер боюнча талкуу жүрүп, анын ичинде "Белизгейт" деген ат менен таанылган иш негизги тема болду.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Баш прокуратура, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын төрага орун басарларына расмий кайрылып:

"Абдил Сегизбаевге мыйзам чегинде чара көрүлсүн. Кылмыш кодексинин 350 жана 304-беренелери бул жерде көрүнүп эле турат. Кандай гана жаап жашырбагыла, мына "кылмышка тартчу эч ким жок" дегендей жазып атпайсыңарбы. Бул резонанстык иш, бул ишти эч таштап койбойбуз",- деди фракция лидери.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Шыкмаматов: "Ата Мекенге"каршы бул саясий авантюра боюнча ишти аягына чейн чыгарабыз

Алмамбет Шыкмаматов 2016-жылы парламентте Абдил Сегизбаев баштаган топ "Белизден трасттык үч документ келди деп, анын негизинде оппозициялык партиянын үч өкүлүн "Мегакомдо" 23 миллион доллардан үлүшү бар деп күнөөлөшүп, чоң саясий авантюрага барышкан деди.

Алмамбет Шыкмаматов ошондой эле "Белизгейт" маселесинде мурунку баш прокурордун да жоопкерчилиги бар экенин айтып, "Кыргызстандын тарыхында баш прокурорлор мындай саясий авантюраларга аралашкан учурлар болгон эмес. "Матрешка гейтте" деле ишке башка кишилер тартылган эле" деп кошумчалады.

"Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы болгон. Ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев "Ата Мекен" фракциясынын үч депутаты: Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Альфа Телекомдун" 50 пайыз акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген эле.

"Бул жерде алар жазып атат. 2012-жылы 4-апрелде Саузфильд компаниясы, Максим Бакиевдин трасттык декларацияны түзүп атышат. Бул трасттык декларацияны керээз катары билсек болот. Анда үч белдүү кыргыз саясатчыларынын наамына жети-сегиз пайызы бөлүнүп берилгени жөнүндө айтылат. Бирок ал жерде шарт коюлуп атат. Ошол саясатчылар 2012-жылы улутташтырылган 49 пайызга кошумча 51 пайызын да сатууга көмөктөшсүн деп ачык эле жазылып жатат. Кеминде элүү миллион доллардан кем болбосун, кем болсо анда ишке ашпайт деп",- деген эле Сегизбаев 2016-жылы 16-ноябрда парламентте.

Мурунку президенттин ишенимдүү кадрларынин бири Абдил Сегизбаев жакында эле 7-апрелде өз арызынын негизинде УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар