Нарын Айып: Баш прокурордун президентти коргоо милдети жок
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Нарын Айып: Баш прокурордун президентти коргоо милдети жок

Журналист Нарын Айып 2003-жылы кабыл алынган "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу" мыйзамы боюнча Жээнбековдун позициясын билүү маанилүү деп эсептейт.

Себеби буга чейинки президенттер так ушул мыйзамды саясий оппоненттерине, ММК өкүлдөрүнө каршы курал катары колдонуп келди. Жедеп эскилиги жетип, мыйзам кабыл алынгандан бери Баш мыйзам өзү эки ирээт жаңыланса да ал күчүндө кала берүүдө.

Өзгөчө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда аталган мыйзамга таянып Баш прокурор "президенттин беделине шек келтирди" деп журналисттер үстүнөн милллиондогон сомдорго доо арыздар менен сотко кайрылганы маалым.

Сөз эркиндиги, басма сөзгө кысым тууралуу журналист Нарын Айып Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.