Сөз эркиндигин коргош үчүн күрөшүш керек

Мыйзамдар журналисттерди коргоо менен бирге алардын ишмердүүлүгүн этикалык жана башка нормаларга ылайык тескейт
Image caption Мыйзамдар журналисттерди коргоо менен бирге алардын ишмердүүлүгүн этикалык жана башка нормаларга ылайык тескейт

Кыргызстандагы бир катар журналисттик уюмдар менен басылмалар президентке кайрылуу жолдошту. Анда президенттен сөз эркиндигинин абалы, маалымат каражаттарын басымдан коргоо боюнча пикир билдиришин суранышкан.

“Сөз эркиндигин коргоо комитети” президенттин журналисттер менен басылмаларга карата мамилесин кубаттап жатат.

Ал ошол эле маалда басма сөздүн эркиндигин системалуу түрдө коргоого чакырууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков февралда 24.kg басылмасына койгон беш миллион сомдук доосунан баш тартса, апрелде бул сайтка жазган Кабай Карабековго коюлган ушундай суммадагы доодон баш тартты. Ага өлкөдөн чыгууга салынган тыюу да алынды. Ал өткөн жылы президенттик шайлоодон мурда жарыялаган макаласы үчүн шайлоо штабы Жээнбековдун аброюн коргоо үчүн сотко кайрылган. Журналист “Сочиге сапар. Мураскер эмнеси менен жакшы экенин Кремлге дагы түшүндүрүп жатышабы?” деген макаласы үчүн айыпталууда.

“Сөз эркиндигин коргоо комитетинин” төрагасы Адил Турдукулов чөлкөмдө салыштырмалуу сөз эркиндигине ээ деген Кыргызстандын аброю оңой келген эмес, ал үчүн күрөш жүргөн, ошону улантыш керек дейт.

“Сөз эркиндигин өнүктүрүү бийликке гана көз каранды эмес. Атуулдук коом, оппозиция, эркин журналисттер бийликти такай көзөмөлдө кармаш керек. Факты менен курч сындарды айтып, сөз эркиндигин кысымга алдырбаганга аракет кылуу абзел. Анткени сөз эркиндигине жасалган басым авторитаризмге алып барат. Бул биз тандаган парламентаризмдин принциптерине да каршы келет”, - деди Турдукулов Би-Би-Сиге.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Нарын Айып: Баш прокурордун президентти коргоо милдети жок

“Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакуповага, журналист Нарын Айыпка Жогорку Сот материалдык доону бөлүп төлөөгө уруксат берди. Бирок доогер экс-президент Алмазбек Атамбаев материалдык доолорунан баш тарткан жок. Анын аброюн коргош үчүн өткөн жылы Башкы прокуратура беш иш ачтырган. Нарын Айыптан тогуз, “Заноза” басылмасынан 15, анын башкы редактору Дина Масловадан үч миллион сом өндүрүү боюнча соттун чечими бар.

Журналисттик уюмдардын эсеби боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерди, жарандык активисттерди жалпысынан 60 миллион сом доого жыккан.

Талдоочулар Кыргызстанда ушу таптагы пикир билдирүү эркиндигине оң баа берип жатышат.

Ошол эле маалда сөз эркиндигинин көрсөткүчү бийлик алмашканда дайыма жакшыраарын белгилеп кетүү керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликке келген адам сынга даяр болуш керек дейт:

Сүрөттүн автордук укугу komitet.kg
Image caption Адил Турдукулов ар бир жарандын пикир билдирүү эркиндиги болуш керек дейт

“Президенттер ар дайым эле башында жакшы баштайт. Сөз эркиндигин колдошот. Бирок 3-4 жыл өтүп, бийлигин бекемдеп алгандан кийин кичинекей эле сындар оор тийип соттошуулар башталганы өкүндүрөт. Президент азыр журналисттер менен жакшы иштешем деп жатат, ушул боюнча аягына чыкса үлгү болот. Бийлигин бекемдегенден кийин сындарга териге баштаса анда, Атамбаевдин мөөнөтүнүн акыркы учурундагыдай абал кайталанат”.

Апрелдин аягында журналист Эльнура Алкановага каршы кылмыш иши, “кылмыштын белгиси жок” болгондуктан токтотулду. Ал “маалыматты мыйзамсыз алуу” жана “банктын сырларын жарыялоо” беренелери боюнча айыпталып жаткан. Ал өткөн жылы коттедждерди арзан сатууга мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тийиштигин жазган.

Мурдагы өкмөт башчы журналисттер менен соттошуунун дайыма эле сөз эркиндигине тиешеси жок деген учурунда.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жогорку Кеңештин депутаты, журналист Жанар Акаев сөз эркиндиги Кыргызстанда мындан өнүгүш керек дейт

“Жалганды адамдар дароо кабыл алат экен. Бирок ал менин аброюма шек келтирип жатпайбы. Коттеджди сатып алды делген адам менен такыр чогуу окуган эмесмин. Ал маалыматтарды текшерүү үчүн мен Башкы прокуратурага расмий кат жаздым”, - деген эле Исаков.

БУУ бекиткен басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүндө Кыргызстанда пикир билдирүү, туураа маалыматка ээ болуу укугунун келечегине үмүт пайда болуп турат дешет эксперттер.

Депутат Жанар Акаев мамлекеттик органдардан маалымат алуу жеңил эмес, алар жабык бойдон калууда дейт. Депутат ошондой эле Кыргызстанда сөз эркиндигин мындан да өнүктүрүү потенциалы бар экенин белгиледи.

Тема боюнча башка макалалар