ЖЭБ боюнча депкомиссиянын корутундусу өзгөрөт

Бишкек жылуулук электр борборун оңдоо үчүн насыя алуу жараяны 2010-жылы башталып, ал 2017-жылы ишке берилген Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Бишкек жылуулук электр борборун оңдоо үчүн насыя алуу жараяны 2010-жылы башталып, ал 2017-жылы ишке берилген

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеген депутаттык комиссия корутундусуна каршы болуп жаткан эки мүчөсүнүн пикирин кошмой болду. Буга чейин иликтөөнүн жыйынтыгы даяр экени жарыяланып, бирок эки депутат ага кол коюудан баш тарткан эле.

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны жана ага Кытайдан алынган кредиттин колдонулушун иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу толукталмай болду.

Мурдарак ага кол коюудан эки депутат баш тарткан эле. Алардын бири, “Республика-Ата-Журт” фракциясынан Акылбек Жамангулов азыр да кол коё электигин билдирди.

“Позициямы өзгөрткөн жокмун. Азыр кошумчалар болот, ошолордун баарын эске алып туруп бир чечимге келет болушубуз керек”, - деди кыскача журналисттерге Жамангулов.

Жамангулов корутундуга кимдин күнөөлүү экени жазылбай, туюк болуп калганы үчүн ага каршы чыккан эле.

Ал эми депутаттык комиссинян төрагасы Улан Примов корутунду эми даяр болоорун бышыктап, комиссия ичинде пикир келишпестик жок экенине басым жасап жатат:

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Депутат Акылбек Жамангулов комиссия ЖЭБди оңдоодо коррупция бар экенин айткан соң, күнөөлүүлөрдү да аташ керек дейт

“Сунуштар негиздүү болсо, алардын баарын киргизе турган болду. Документ менен тастыкталбаган сунуштарды биз киргизбешибиз керек. Биз факт, кагаздар менен гана иштеп жатабыз. Толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизебиз дегенден кийин депутаттардын баары макул болушту”.

Комиссияга 12 депутат кирсе, бүгүнкү жыйынга 7-8 киши катышты.

Комиссия Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча күнөөлүү тараптарга саясий баа берилиш керек жана модернизациялоого алынган Кытай кредити сарамжалсыз колдонулган деген жыйынтык чыгарган.

Ага кол коюудан баш тарткан экинчи депутат, “Кыргызстан” фракциясынын өкүлү Алмаз Токторов комиссия мүчөлөрүнүн баары кредит алууда коррупция бар дегенге макул дейт.

Ал корутунду жалпысынан жумшак жазылып, көп фактылар камтылбай калган деген Би-Би-Сиге:

“Мисалы, ошол учурдагы президенттик администрациядан ведомсвтолор аралык комиссияга TBEA менен келишим түзгүлө деген кат болгон экен. Кыргызчылыкты билебиз, администрациядан көрсөтмө болсо, ошону туу тутуп, сөзсүз аткарышат”.

Убактылуу комиссиянын дагы бир мүчөсү Исхак Масалиев иликтөөдө табылган негизги жыйынтык “кредит Кыргызстандын кызыкчылыгына колдонулбаганы”, бул коррупциядан да чоң күнөө дейт.

Би-Би-Си андан депутаттык комиссиянын корутундусунун укуктук күчүн сурады.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов (КСДП) комиссия саясий гана орган экенин эске алыш керек дейт

“Тийиштүү органдар берилген көрсөтмөлөрдү сөзсүз түрдө караш керек. Коррупция бар же жок деп кагаз түрүндө жооп бериш керек. Коорупция бар болсо иш козгойт, эгер жок болсо, бул жерде кылмыш жок деп бизге жооп бериш керек. Анда биз башкы прокурордун өзүнө баа беребиз”, - деди Масалиев.

Комиссиянын иликтөөсүнөн кийин Кытай менен келишим түзүлгөн учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен ошол мезгилдеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин гана аты аталууда. Сатыбалдиев келишимде коррупциянын изи жок экенин комиссиянын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал эми Артыкбаев жылуулук борборунун чуусу башталганда Би-Би-Сиге маек куруп, бул маселеде анын жоопкерчилиги болбогонун билдирген:

“Бишкек жылуулук электр борбору тендери жок модернизацияланган деген сөз туура эмес деп ойлойм. Анткени мен материалдарды карап чыктым. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун алдында ушу коркунучту эске алып, тез аранын ичинде ЖЭБди жаңылоо боюнча чоң тапшырма турган. Ар кандай беш компания боюнча сунуш берилген. Алардын ичинен шарты эң жакшы, баасы арзан компания менен иш кылышкан. Муну мага беришкен материалдардан көрүп жатам”.

Убактылуу депутаттык комиссиянын Бишкек ЖЭБ боюнча корутундусунун акыркы үлгүсү даяр болсо Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Жылуулук борборунда кышкысын катуу суукта, 26-январда кырсык болуп, шаардын көп бөлүгү 4-5 күнчө жылуулуксуз калган. Авария эски бөлүгүндө катталган. Бирок 2017-жылы жаңыланган бөлүгү шаарды жылытып кеткен жок деп, ага Кытайдан алынган 386 млн доллардын колдонулушу боюнча талаш-талкуулар башталган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар