Бишкекте Жеңиш күнү белгиленди
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргызстанда согуш ардагерлердин саны суюлуп, учурда 475и эле калды.

Кыргызстанда дүйнөлүк экинчи согушка катышкан ардагерлердин саны суюлуп, учурда 475 калды. Ала-Тоо аянтына келген ардагерлер 1945-жылы 9-майды кантип тосушкандыктарын Би-Би-Сиге эскерип беришти.

Согушта Сталинградда эки бутунан ажырап Кыргызстанга келип, жарааты айыгары менен протез кийип Москвага жөнөп, тылда иштеген Жумабек Абировдун, кан кечип Берлинге жол тартып, бирок ортодо Чехославакияда жеңиш даамын таткан Түркөнакун Бейшенбаевдин жана тирүү каларына көзү жетпей согуш бүткүчө үйүнө бир да кат жолдобогон Асад Гасановдун эскерүүлөрүн бул жерден көрүнүз.

Дүйнөлүк экинчи согушка Кыргызстандан 365 миңдей адам катышып, 152 миңден ашууну каза тапкан.