Адам укугун тебелеген чиновниктердин тизмеси түзүлөт

Былтыр 25-апрелде Бишкектеги Евробиримдик кеңсесинин алдында өткөн митингден сүрөттөр
Image caption Былтыр 25-апрелде Бишкектеги Евробиримдик кеңсесинин алдында өткөн митингден сүрөттөр

Бир нече кыргыз саясатчылары АКШнын өкмөттүк жана демократиялык уюмдарынын көмөгү менен кошмо штаттарына барып келишти.

Алар адам укуктарын бузган кыргыз жетекчилерин дүйнөлүк Магнитский тизмесине киргизүү механизмдерин жана анын юридикалык негиздерин талкуулап келишкенин билдиришүүдө.

АКШда кыргыз саясатчылары Мамлекеттик департаменттин, АКШнын демократияны колдоо фондунун, Эл аралык республикалык институт (IRI) жана Улуттук демократиялык институт (NDI) өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөргөнүн Би-Би-Сиге экс-депутат Равшан Жээнбеков ачыктады.

Магнитский тизмеси

"Биз бир маанилүу маселе койдук. Азыр адам укугу жаатында АКШда дүйнөлүк Магнитский мыйзамы кабыл алынган. Дүйнө өлкөлөрүндөгү чиновниктер, президенттер, премьер-министрлер адам укугун тебелеп, коррупцияга аябай аралаша турган болсо, ошол атайы тизмеге киргизилип, ошол тизме аркылуу мамлекеттик башкаруучуларга, өкмөттөргө басым жасоо мүмкүнчулүгү пайда болду. Биз ошо Магнитский тизмесин Кыргызстанга дагы тараталы деп атабыз"- деди Равшан Жээнбеков.

Айтымында азырынча Кыргызстандан кайсы адамдарды бул тизмеге киргизүү маселеси ачык турат. Себеби тизмени жарандык коом жана ММК өкүлдөрү түзүшү керек. Бул үчүн алар атайы окуудан өтүшү абзел.

Равшан Жээнбеков билдиргендей кыргыз саясатчыларынын АКШга болгон бул сапарында жарандык коом өкулдөрүн бул багытта окутуп берүү маселесине басым жасалды.

Image caption Былтыр 25-апрелде Бишкектеги Евробиримдик кеңсесинин алдында өткөн митингден сүрөттөр

Америка кошмо штаттарында "Магнитский мыйзамы" 2012-жылы кабыл алынган. Адегенде мыйзам 2009-жылы Орусиянын тергөө абагында каза тапкан Сергей Магнитскийдин өлүмүнө катышы бар бийлик адамдарга каршы багытталган.

Айыптуулар тизмесине түшкөн адамдарга карата жеке визалык жана каржылык санкциялар киргизилген.

Кийин Магнитский тизмеси түшүнүгү кеңейип, ага мыйзым улуктугун көзгө илбей, адам укугун тебеледи деп шектелген бардык дүйно бурчундагы адамдар киргизилип калды.

Акунов тизмеси

Кыргызстанда адам укугун тебелеген чиновник, саясатчылардын тизмесин түзүү аракети буга чейин деле болуп келген. "Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети" менен "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бир жарым жылдан бери адам укугун бузган, мыйзамды тебеледи делген мамлекеттик кызматкерлерди "Акунов" аталган тизмеге киргизип жатышат.

Алар ушундай жол менен мыйзам бузуп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүп, Кыргызстан менен дипломатиялык келишими бар өлкөлөргө тизмедегилерди киргизбөөнү максат кылышууда.

2017-жылдын 25-апрелинде "Саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитетинин" 20га чукул мүчөсү Бишкектеги Евробиримдиктин өкүлчүлүгү алдында акция өткөрүшкөн.

Активисттер ошол күндөрү Кыргызстанда иш сапар менен жүргөн ЕБдин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриандын өлкөдөгү камактагы саясий ишмерлердин абалына көңүл буруусун талап кылышкан эле. Бирок алар ЕБ өкүлү менен жолугуша алган эмес.

"Биз эмнени талап кылуудабыз? Саясий куугунтук менен 25 адамды түрмөгө отургузган режим үчүн алар миллиондогон акчаларды берип жатышат. Камактагылардын төртөөсү ал тургай эч кандай негиздемеси жок эле кесилип да кетти. Саясий куугунтукка тиешеси бар адамдарга Европага виза бербеш керек. Комитет куугунтукка тиешеси барлардын "Акунов" тизмесин тизмектөөдө, ушул нерсени эске алууну суранабыз",- деген эле анда Зульфия Марат.

"Саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитети" Акунов тизмесине оппозиция лидерлерине жалган жалаа менен иш ачкан прокурор, ишти мыйзамсыз караган сот жана саясий каршылаштарына кызматтык абалынан пайдаланып басым жасады деп өздөрү эсептеген бийлик өкүлдөрүн киргизүүдө.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар