Баланы эрте өнүктүрүү: канчага чейин жетишүү керек?

Баланы эрте өнүктүрүү: канчага чейин жетишүү керек? Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Күчтүү коом, гүлдөгөн мамлекет түзүүнүн балдарды эрте куракта өнүктүрүүгө түз байланышы бар. Кыргызстанда балдардын жыйырма пайыздан ашыгыраагы гана мектепке чейин билим алат.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, баланын өнүгүүсүнө коротулган бир доллар жети долларлык пайда алып келет.

Бул эл аралык уюм Кыргызстанда он жыл мурда беш баланын бири гана мектепке чейинки билимди алчу дейт. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин айтымында, азыр балдардын 20 пайыздан ашыгыраагы эрте куракта билим алып жатат.

Маселе муну дагы жогорулатууда турат.

Анын аракетин көрүп жаткан эксперттер баланы эрте өнүктүрүү зарыл деген түшүнүктү жайылтыш керек дешет. Андан сырткары тиешелүү адистер менен каражат маанилүү.

Британиянын эрте өнүктүрүү фондунун директору Чарльз Оппенгей балдардын сүйлөшүү жөндөмү өтө маанилүү дейт: “Эрте куракта мамиле кылуунун өзгөчөлүктөрүн үйрөнгөн балдар жөн гана акылдууларга караганда кийин жакшы жумуш жана көбүрөөк акча табат”.

Баарлашуу жана сүйлөө жөндөмдүүлүгү баланы өнүктүрүүнүн бир бөлүгү.

Ал эми тил үйрөнүүнү алсак, айрым изилдөөлөр төрт жашка чейин бала эки тилди бирдей үйрөнүп кете алат дешет. Лондондогу Королдук колледждин жана Браун университетинин окумуштууларынын иликтөөсү балдардын мээси төрт жашка чейин тынымсыз өсүп, ийкемдүү болоорун аныкташкан.

Ишкер, Sony компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Масару Ибука өнүгүү үчүн эң ыңгайлуу учур үч жашка чейин деген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эрте жашта балдардын мээси бардык нерсени сиңирип алары далилденген дешти адистер

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева да баланын эң жакшы кабыл алуусу үч жашка чейин калыптанып бүтөөрү далилденген деди.

“Эгер илимий далилдөөгө келсек, баланын мээсинин калыптанышы, адам менен баарлашуусу, дүйнө таануусу, жакшылык менен жамандыкты ажырата билүүсү үч жашка чейин калыптанып бүтөт. Көп эне атадан “бала биринчи тамганы тааныйбы же тыбыштыбы” деп сурасаң, тамганы дешет. Андай эмес, бала тамганы тааныганга чейин эле “апа, ата, алма” деп айтып жатпайбы”, - деди Би-Би-Сиге Кендирбаева.

Ал миграциядан балдарын таштагандардын көп болушу коомдун келечегин корукунучка кептеп жатат дейт:

“Махатма Гандинин сөзү бар, “балаң душман болсун десең, башка бирөөгө бактыр” дейт. Мээрим көрбөгөн бала эртең кантип ата-энесине мээримин берет. Мен сени баккам, кийинткем, тамак ичиргем, үй салып бергем деши мүмкүн. Бирок жан дүйнөсүндөгү адамга болгон жылуу мамилени көрсөтпөсө болбойт. Мындай боло берсе биз социалдык жоопкерчиликтүү атуулду тарбиялоодо кеч калабыз”.

Кендирбаева мына ушундан улам балдарды эрте тарбиялоо түшүнүгүн Кыргызстанда жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Юкиэ Макуо эрте өнүктүрүү бала эненин курсагындагы кезден башталат дейт.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргызстанда балдар үчүн жалгыз илимий интерактивдүү музей иштеп жатат.

Ал балдарды кичинесинде өнүктүрүү кийинки билим алышына, жакшы жумушта иштөөсүнө шарт түзүп, кылмыштын аз болушуна түз таасир этерин айтууда.

“Эгер өкмөт балдардын саламаттыгына, билимине, тамактануусуна, социалдык коргоосуна инвестиция кылса, балдар менен үй-бүлөлөрдү сактайт. Ошондой эле үй-бүлөдө бир нан, бир китеп дагы бала үчүн маанилүү. Андыктан баланы өнүктүрүүдө сөз жок акчанын мааниси чоң”, - деген Макуо бирок бул колунда жок үй-бүлөлөр балдарына такыр жардам бере албайт дегенди түшүндүрбөйт дейт.

Ал мисалы, бир шишкебек сатып жегендин ордуна балага бир китеп алып берүү балага узак мөөнөттүү инвестиция болуп саналырын кошумчалады.

Эрте өнүктүрүү сөзсүз жакшы бала бакчага берүү эмес, эне менен атанын балага үйдө кам көрүүсү, окутуусу болуп эсептелет.

Баланы өнүктүрүү аны бир нерсеге үйрөтүү гана эмес, ага туура көңүл буруу, курсактагы кезден тарта ага мээрим төгүү. Мына ошондуктан изилдөөчүлөр баланы өнүктүрүү менен анын бактылуу болушу эки башка нерсе эмес дешет.

Кыргызстанда мектепке чейинки балдардын өнүгүүсү, тарбиясы менен алектенген орган жок деп айтууга болот. Мына ушул жылчыкты толтуруу жолун издеп, өлкөдө биринчи жолу балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча улуттук форум өткөнү жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Колдо жок болсо, адистер баланы өнүктүрүүнү башка муктаждыктардын арасынан артыкчылык кылып алууну сунуштайт

Билим берүү жана илим министрлиги маселени колго алып, изилдөөлөрдү жүргүзө баштады дейт министрдин орун басары Кудайберди Кожобеков:

“Изилдөөдө балдардын өнүгүшү кайсы компоненттен аксап жатат же эмнеге эң көп көз каранды экени аныкталат. Мисалы, тойбой жатканынанбы же үй-бүлөдөгү шарттанбы, зарыл болсо он компонентин да тактап чыгыш керек. Натыйжада резолюция кабыл алып, айыл өкмөттөн көз карандысын аларга, билим берүү мекемесине же ата-энесине айтабыз”.

Бирок бала үч жаштан же беш жаштан ашып кеткен болсочу? Аны өнүктүрүүгө кечиктим деп дүрбөлөң түшүүнүн кажети барбы?

Cognition журналында жакында жарыяланган иликтөө жогорудагы тилди төрт жашка чейин үйрөтүш керек изилдөөгө карама-каршы келүүдө. Журнал он жашка чейин бала чет тилди өз тилиндей үйрөнүп кете алат деген изилдөөнү жарыялады.

Канча жашка чейин эмнени өздөштүрөт деген маселе талаш болушу мүмкүн, бирок адистер колдон келишинче балага эрте көңүл буруунун натыйжалары далилденген дешет.

Тема боюнча башка макалалар