Азирет: Кыргызстандын IT тармагын көтөрсөм деген кыялдын артынан жүрөм

"Кыялдын арты менен" деген түрмөктүн алдында чет өлкөдөгү алдыңкы 100 окуу жайда окуп жаткан 100 кыргызстандык тууралуу айтып беребиз.

Жыл сайын Кыргызстандагы орто мектептерди 60 миңден ашуун окуучу бүтүрүп чыгат. Айрымдар кыялына жетип, чет өлкөдөн билим алууга мүмкүнчүлүк алса, көптөр үчүн бул кол жеткис болуп калат берет эмеспи. "Кыялдын арты менен" деген түрмөктүн алдында чет өлкөдөгү алдыңкы 100 окуу жайда окуп жаткан 100 кыргызстандык тууралуу айтып беребиз. Балким алардын ийгилиги башкаларды шыктандырат, балким кантип кыялын ишке ашырууну билбей, жол таппай жүргөндөргө кеңеш болот.

Кореянын илим жана алдыңкы технологиялар университетине (Korea Advanced Institute of Science and Technology) өткөн Азирет Кенжалиев дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайга кантип өткөнүн, тажрыйбасын айтып берет.

Азирет Кенжалиев: Мектепте окуп жүргөнүмдө эле так илимдерге кызыгып, информатикадан дүйнөлүк олимпиадага катышып келгем. Компьютер менен иштөө менин хоббим десем болот. 8-классымда окуп жүргөндө эле чоң нерселерди кыялдандым - окуумду дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу жайда улантуу максатым болчу. Мисалы, Гарвард, Стенфорд сыяктуу окуу жайларда окусам дечүмүн. Ага болсо даярдык керек. Ошон үчүн тажрыйба алганга чейин деп Бишкектеги эле "Ататүрк" эл аралык университетинде окуп калдым. Окуп жүрүп Кореянын илим жана алдыңкы технологиялар университети тууралуу уктум. Бул окуу жай тууралуу бир нече булактан уктум. Биринчиси, бул дүйнөдөгү окуу жайлардын рейтингинин сап башынан көрүп калдым. Экинчиси, менин досум себепкер болду. Ал дагы дал ушул окуу жайда окуп жатат. Үчүнчүдөн, билим сапаты боюнча Кореядагы эң биринчи орундагы университет болгондуктан элдин баары билет. Алгач бул окуу жайдын сайты аркылуу жетиштүү маалымат алдым, ошондон тарта эле конкурска даярдана баштадым. Талапка ылайык, IT тармагынан жана англис тилин билүү деңгээлим боюнча тесттен өтүшүм керек эле. Күнүнө тогуз саат баш көтөрбөй окуп жүрдүм. Жалпы төрт ай даярдангандан кийин конкурска катыштым.

Би-Би-Си: Өзүңүз өткөн окуу жайга буюрса жакында кетет экенсиз. Эмнелерди үмүт этип, кандай максат коюп жатасыз?

Азирет Кенжалиев: Ал жакта окуунун баары англис тилинде болот, башынан эле ушуну план кылган элем. Анан албетте, өзүмдүн кесибимдин - IT тармагын мыктылап үйрөнүп келем. Азыр бул кесиптин баркын түшүнө элекпиз, келечек ага байланган. Буюрса профессорлордун колунда жакшы окуп, алдыңкы технологиялар менен достошом деп сүйүнүп атам. Окуу акым бекер, тескерисинче окуу жай мага ай сайын 350 доллар стипендия берип турат. Көпчүлүк жаштар сыяктуу чет өлкөдө иштеп калуу кыялым деле жок, өзүбүздүн элебизге пайдам тийсе дейм. Окууну бүтүп келсем өзүмдүн тармагымда көп иштерди алдыга жылдыруудан салымым чоң болот.

Би-Би-Си: Мына сиздин артыңызда дагы чоң максаттарды кыяландаган, сизге муундаш жаштар бар. Аларга эмне кеңеш бересиз?

Азирет Кенжалиев: Азыркы учурда мектепте окуп жаткан бардык окуучуларга, өзгөчө жогорку класстагыларга айтарым, ар бир адам максатына ишениши керек. Ар бир күндү пландоо керек. Азыркы учурда бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр бар. Аны колдонуп калуу зарыл. Ар кандай майда тоскоолдуктарга же жеңилүүлөргө карабай кайра эле аракет кыла бериш керек. Эмгектене берсеңиз бир күнү сиздин кыял кадимки турмушуңузга айланат.

  • Korea Advanced Institute of Science and Technology (KAIST) Түштүк Кореядагы окуу жайлардын ичинен экинчи орунда турат. Дүйнөдөгү окуу жайлардын ичинен алдыңкы 100 окуу жайдын ичинде.
  • Өткөн жылы Times Higher Education (THE) басылмасынын жыл сайын чыгарып келаткан рейтингинде дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайынын катарына 17 Азия чөлкөмүндөгү университеттер кирген. Көп жылдан бери THE басылмасы Thomson Reuters менен кызматташтыкта түзүп келаткан окуу жайлардын рейтинги кадыр-барктуу иликтөөлөрдүн бири саналат. Окуу жайлардын мугалимдери, студенттер жана илимий чөйрө басылманын иликтөөсүн мыкты түзүлгөн үч рейтингдин катарында деп эсептешет.
  • Азиядагы эң жогорку көрсөткүч Токио университетине таандык болгон (12-орунда), андан кийин кытайдын Цинхуа университети (18-орунда ) жана Пекин университети (21-орунда). Сингапур улуттук университетети дагы жакшы көрсөткүчтөр менен рейтингде 26-орунга чыкты.
  • The World University Rankings рейтинги жыл сайын дүйнөдөгү мыкты эсептелеген 400 окуу жайда иликтөө жүргүзүп, 13 багыттагы критерийди беш топко бириктирип аныкташат. Сабак өтүү (жалпы баллдын 30%), изилдөө (30%), илимий-изилдөөчү чөйрөдө цитаталарды келтирүү (30%), инновация жана экономикага таасир этүү (2,5%), окуу жайдын эл аралык байланыштары (7,5%).

Тектеш темалар