Сапар Исаков: Тергөө дагы канчага созулаарын билбейм

Сапар Исаков УКМКга чакыртууну саясий куугунтук катары баалады Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Сапар Исаков УКМКга чакыртууну саясий куугунтук катары баалады

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков соңку бир айда экинчи ирээт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакыртылды.

УКМКга кайрадан чакыртуу 11-майда Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайы боюнча тараткан билдирүүдөн кийин орун алды.

Билдирүүдө ЖЭБ боюнча парламенттеги талкуу элди адаштыруу аракети катары бааланып, "авариянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети" болуп жатканы белгиленген.

Өткөн жума күнү Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун карап, анда Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар кредит ысырап пайдаланылган, ошондуктан мурдакы өкмөт башчыларынын жана энергетика тармагын башкарган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керектиги айтылган эле.

" Мен билип туруп эле авария учурунда Сооронбай Шариповичти коргодум. Көбү ал мезгилде үн каткан эмес. Бишкектиктер тоңуп отурду, ал эми ЖЭБди кышка даярдагандар унчукпай, күнөөнү бири-бирине оодарышты. Менин өкмөтүм күздө келди, бирок мен саясий жоопкерчиликти өзүмө алдым.

Депутаттар "Сооронбай Шариповичтин мезгилинде жүз миллиондогон сом жумшалган ЖЭБди ремонттоо учурунда эски жабдуу эмнеге оңдолгон эмес?" деген суроону да иликтеши керек эле. Буга комиссиянын жообу жок, - делет Сапар Исаков тараткан билдирүүдө.

Бүгүн суракка кирип бара жатып экс-премьер-министр ага карата басым болуп жатканын белгиледи.

"Бул жерде саясий куугунтук болуп жатканын кыргыз эли, сиздер журналисттер жана сырттан карап тургандар баары көрүп жатат. Баары акыйкат болушу керек. Бишкек ЖЭБиндеги чырга тийиштиги бар фамилиялар аталып жатса, баары аталсын. Мен бул нерселер кайсы жакка алып барып жатканын түшүнүп жатам" - деди.

Буга чейин Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде 26-апрелде болуп, бир сааттан ашыгыраак убакыт сурак берип чыккан.

Суракта ал президенттик аппарат башчысы болуп иштеп тургандагы иштерге байланыштуу суроолорго жооп бергенин ачыктаган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар