Атамбаев-Жээнбеков тиреши кайда алып барат?

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо атаандаштарын жеңип чыккан Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо атаандаштарын жеңип чыккан

Серепчилер барган сайын Атамбаевдин формалдуу саясий институционалдык рычагдары калбай баратканын, президент Сооронбай Жээнбеков ачык конфронтацияга чыкпаса да, экс-президент үчүн иштеген саясий күчтөрдү парламенттин колу менен, тымызын тазалап жатканын белгилеп жатышат.

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков соңку бир айда экинчи ирээт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакыртылды. Ал өзүнүн кайра-кайра суракка чакыртылышын саясий куугунтук катары баалап жатат.

Кайра-кайра суракка чакыруу саясий куугунтукпу?

Аны УКМКга кезектеги чакыруу Бишкек жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайы боюнча анын атынан КСДП 11-майда тараткан билдирүүдөн кийин орун алып отурат.

Билдирүүдө Сапар Исаков бул маселе боюнча депутаттык комиссия азыркы президенттин дагы жоопкерчилигин карашы керек экенин кыйыткан.

"Мен ойлодум эле тиешелүү комиссия адилеттүү чечим чыгарат деп. Адилеттүү чечим чыкпай жатпайбы. Ошон үчүн айтыш керек болуп жатат",- деди бул туурасында бүгүн Сапар Исаков.

Ал арада бүгүн мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов өз ыктыяры менен иштен кетти. Кулматов дагы өткөн апта соңунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган эле.

Кулматов анда Бишкек мэри болуп турган кезде TBEA компаниясы мектеп курулушу үчүн берген гранттык каражаттын максаттуу пайдаланышы тууралуу сурак бергени кийин ачыкталды.

Талдоочулар соңку кызматтык боштуулар жана суракка чакыртуулар барып эле экс жана азыркы президенттин тирешинен келип чыгып жатканын белгилеп жатышат.

Бир, эки, үч....

Соңку эки айда Баш прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев, премьер-министр Сапар Исаков, Каржы полициясынын төрагасы Болот Сүйүнбаев, эми Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов жана башка мурдагы бийликчил кадрлар кызматынан кол жуушту.

Серепчилер барган сайын Атамбаевдин формалдуу саясий институционалдык рычагдары калбай баратканын, президент Сооронбай Жээнбеков ачык конфронтацияга чыкпаса да, экс-президент үчүн иштеген саясий күчтөрдү кээде парламенттин колу менен, кээде башка ыкмаларга салып тымызын тазалап жатканын белгилеп жатышат.

Саясат талдоочу Эмир Кулов мурунку президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо алдында Жээнбеков артыкчылык берип саясий тобокелчиликке барган деген ойдо.

Пикиринде экс-президенттин оюнда формалдуу ыйгарым укуктарга ээ болбосо дагы, четтен туруп байкоо салып, Жээнбековдун саясий чечимдерине кийлигишүү пландары болгон.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Жаңы президент өзүнүн командасын түзүп жатканы саясий жагынан туптуура эле чечим"

"Президенттик ыйгарым укуктары берилгенден кийин ал абдан чоң саясий күчкө айланарын алты жылда өзү деле көрүп билген да. Оппонеттерин саясий куугунтуктаганга же журналисттерди сотко бергенге президенттин ыйгарым укуктарын эффективдүү саясий максатта колдонсо болоорун ал билген. Андыктан ал саясий келечегинин кепилдиги үчүн дагы стратегиялык бир пландарды түзсө болмок. Себеби, шайлоо өнөктүгү маалында эле ушундай кептер болгон эле да...Бирок ага карабай Атамбаев саясий тобокелчиликке барган", - деди саясат талдоочу Эмир Кулов.

Бирок ошол эле маалда жаңы президент өзүнүн командасын түзүп жатканы саясий жагынан туптуура эле чечим болуп жатканын да айтып жаткандар бар.

"Сооронбай Жээнбековдун инагурациясы өтүп же Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөргөндөн кийин экс жана азыркы президенттер ортосундагы тиреш ачык анык болуп калгандан кийин өздөрү эле арызын жазып кетип калса саясий жактан туура болмок. Келген президентке да ыңгайлуу болот эле",- дейт серепчи Алмазбек Акматалиев.

"Жээнбековдун башкаруу стили Атамбаевдикинен айырмаланат"

Талдоочу Эмир Кулов белгилегендей президент Сооронбай Жээнбековдун учурдагы башкаруу стили Атамбаевдикинен айырмаланып жатат.

"Бул киши акырын саясий кырдаалды карап, коомдук пикирди эске алып ошонун негизинде саясий чечимдерди кабыл алып жатканы байкалат. Азыр ал Атамбаевдин тегерегиндеги күчтөр менен кандай түрдө күрөшсө болот карап турат", -дейт серепчи.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жээнбековдун президент Алмазбек Атамбаев салган саясий чийинден өтө алыс кетпеси күтүлгөн

Ошондой эле Эмир Кулов мурунку жана кийинки президенттер тирешин 2020-жылда өтө турчу парламенттик шайлоонун алкагында кароо маанилүүлүгүнө да токтолду.

"Себеби кыргыз саясатында алдын ала бир нерсе болжош кыйын да. Мисалы, парламентте эгер мурда Атамбаевге каршы күчтөр эми Жээнбековго каршы чыкса, анда ал кайрадан Атамбаев менен биригүүгө барышы теоритикалык жактан ыктымал нерсе", -дейт серепчи.

Себеби президент Жээнбековдун азыр Жогорку Кеңеште таяна турган стабилдүү партия же күчү жок.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар