"Кредитке бүткөн курулуштарды бүт текшерүү керек"

Парламент ЖЭБ чуусу боюнча токтом кабыл алып, президентке жолдоду Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Парламент ЖЭБ чуусу боюнча токтом кабыл алып, президентке жолдоду

Жогорку Кеңештеги ЖЭБ талкуусу ички саясатта өтө чоң өзгөрүүлөргө алып келери анык болуп калды. Депутаттар ЖЭБден тышкары насыя эсебинен курулуп жаткан башка объектилерге да аудит жүргүзүүнү демилгелеп жатышат.

Датка-Кемин энергетикалык долбоорунда жана түндүк-түштүк альтернативдик жолун курууда коррупцияга жол берген алешемдиктер болгонбу же жокпу аныктоо үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушу берилди.

Жолдорду куруудагы чыгымдын айырмасы суроо жаратты

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын өкүлү Зиядин Жамалдинов ЖЭБ чуусунун аркасы менен насыяга курулуп жаткан башка объектилерге да назар буруу керектигин айтты :

«Мындай көрүнүштөр ЖЭБде эле эмес, насыя эсебинен курулуп жаткан башка объектилерде деле бар. Түштүк-түндүк альтернативдик жолдо да. Ошол жакта бир чакырым асфальт жолдун баасы 2 миллион долларга чыгып атат. Салыштармалуу ирээт белгилейли, Балыкчы-Корумду жолунда бир километр жолу 850 миң долларга эле курулуп атат. Айырмасын карап көрүп, бул жерде дагы текшерүү иштерин жүргүзүү керек», -деген шеги менен бөлүштү депутат парламенттин бүгүнкү жыйынында.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Депкомиссия ЖЭБди жаңылоо үчүн алынган жабдыктардын баасы бурмаланганын иликтеп чыкты

Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария жана аны модернизациялоого кеткен каражаттын максаттуу сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун эки күн катары менен талкуулады.

«Эл аралык келишимдер кош текшерүүдөн өтсө»

Шаршемби күнү өткөн жыйында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев сырттан алынган кредиттердин ысырап болушуна эл аралык келишимдерди демилгелөөнүн тартиби жана кошумча көзөмөл жок болуп жатканын себеп көрсөттү.

«Бизде эл аралык келишимдер өкмөт тарабынан гана демилгеленет жана ага депутаттар өзгөртүү киргизе албайт. Же кабыл аласың же албайсың. Ошентип ушул чакырылыш 46 ратификацияны өткөрдүк. Анын жалпы баасы 1 миллиард 790 миллион доллар болду. Ким кепилдик бере алат ошолор уурдалган жок деп?...Кумтөр, Датка-Кемин, Түштүк-түндүк альтернативдик жолу боюнча да комиссия түзүлсүн», -деп суроо салды Каныбек Иманалиев.

Пикиринде насыя болобу же башка мазмунда эл келишимдер өкмөт алдындагы атайы комиссиядан өткөндөн кийин гана парламент кароосуна жөнөтүлүшү туура болот.

Ошондой эле эл аралык келишимдерге кыргыз тараптын фискалдык органдары текшерүү жүргүзө алгандай укук алып берүү зарыл.

Кредиттин кереги барбы?

Депутат Каныбек Иманалиев Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Кыргызстан эң аз өлчөмдө насыя алган өлкө болгону менен, бирок карыз акчанын желип кеткени боюнча өлкө алдыга чыкканын айтты.

Мындан улам парламентте максаттуу колдонулбай ысырап болгуча кредит албай эле кою сунуштары да чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Депутат Каныбек Иманалиев эл аралык келишимдерди ратификациялоодон мурун тыкыр текшерүүнү сунуштады

Эске салсак былтыр да Жогорку Кеңеште мындай мазмунда сөздөр жаңырып, бирок ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев депутаттарды бул үчүн катуу зекигени бар.

«Энергетика, жол өңдүү инфраструктуралык долбоорлор Кыргызстанга абдан зарыл нерселер. Парламенттин депутаты Зиядин Жамалдинов деген неме кредит албай эле коелу деп атат, ал Кыргызстандын душманы. Убагында парламент депутаттары ачуу айкырык көтөрбөгөндө өкмөт насыя алып алтернативдик жолу куруп, алтернативдик рынок пайда болот эле...Парламентте кыйкыргандарга карабай насыя алыш керек», -деген эле экс-президент.

Ал ошондой эле эгерде Жогорку Кеңеш өнүгүүгө жолтоо болсо, андай парламенттин кереги жок деген.

Насыялардын 21% энергетика тармагына туура келет

Жогорку Кеңештеги ЖЭБ боюнча талкууга катышкан Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Кыргызстан эгемендик жылдары энергетика тармагына баш-аягы 2,77 миллиард доллардан ашык насыя алганын билдирди.

Бул өлкө четтен алган жалпы насыялардын 21% түзөт.

Image caption ЖЭБ курууга бөлүнгөн кредит боюнча Жогорку Кеңеште мурдакы премьерлердин үчөөнө жоопкерчилик түшүп жатат.

Жалпысынан Кыргызстан бул жылдары түрдүү тармактарга эл аралык елишимдердин нешизинде 9 миллиард доллардан ашык кредит алган.

Учурда Кыргызстандын тышкы карызы 4,6 миллиард доллардан ашып, карызды кантип төлөйбүз санаасы күч алды.

Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун негиз кылып токтом кабыл алып, президентке жолдоду.

Токтомдо "ЖЭБ боюнча келишимди даярдаган, иштеп чыккан жана мамлекеттик кабыл алууга катышкан кызматкерлердин иш-аракетине укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлсүн. Башкы прокуратура, УКМК жана Эсеп палатасы үч айлык мөөнөт ичинде Жогорку Кеңешке маалымат берсин" деп жазылды.

Тектеш темалар