Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу эмне билебиз?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу эмне билебиз?

Дүйнөдөгү эң абройлуу сайттардын бири thediplomat.com Борбор Азиядагы эң жакыр өлкөлөр Кыргызстан менен Тажикстан Кытай берген карыздарынан кантип арылат деген темада иликтөөсүн жарыялады. Анда Тажикстандын тышкы карызынын 53%, Кыргызстандын 41% Кытайга тиешелүү экени жазылган. Буга чейин жергиликтүү эксперттер дагы Кыргызстандын тышкы карызынын өлчөмү ички дүң продукциянын 60% дан ашып баратканын эскертип, бул чекке жетүү өлкө экономикасы үчүн коркунучтуу экени айтканы бар.