Ажикулов: Сингапурдун билим берүү тажрыйбасын Кыргызстанга алып келсек

"Кыялдын арты менен" деген түрмөктүн алдында чет өлкөдөгү алдыңкы 100 окуу жайда окуп жаткан 100 кыргызстандык тууралуу айтып беребиз.

Image caption Ли Куан Ю мамлекеттик мектебинде магистратурасын окуп келген Темирбек Ажикулов.

Бул ирет Сингапурдун улуттук университетинин алдындагы Ли Куан Ю мамлекеттик мектебинде магистратурасын окуп келген Темирбек Ажикуловду маекке тартып, алгач окуу жайга кантип өткөнү тууралуу сурадык.

Темирбек Ажикулов: Бул окуу жай чоң жана абдан жоопкерчиликтүү. Атап айтканда, Азия өлкөлөрү ичинде биринчи орунда турган университет. Ал эми дүйнөдө алдыңкы он окуу жайга кирет. Анын үстүнө 40 жашымда барып окуганым мен үчүн аябай чоң жетишкендик болду.

Би-Би-Си: Темирбек мырза, Ли Куан Ю дегенде баарбыз жоктон бар кылган, бүтүндөй бир өлкөнү бутка тургузган лидерди түшүнөт эмеспизби. Сиздин окуган университет дагы анын башкаруу үлгүсүнө таянганы үчүн аталышы ушундай болсо керек. Жергиликтуү жаштар арасында дагы кадыр-баркка ээ окуу жайда окуп кетүү кыйынчылык жараткан жокпу?

Темирбек Ажикулов: Албетте, теориядан бир аз кыйынчылыктар жаралды. Бирок буга чейинки тажрыйбаларыма таянып, окуу жаатында көп кыйналган жокмун. Мен акыркы 15-18 жылдан бери эле бизнесте жүрсөм, соңку 7 жылдан бери коомдук жумушка көбүрөөк маани бере баштадым. Коомдук ишмердүүлүк менен алек болуп, ар кандай ассосацияларга мүчө болуп жүрөм. Сингапурга кеткенге чейин Кыргызстандагы эл аралык ишкерлер кеңеши бар, ал жерде аткаруучу директор болуп иштедим. Жалпы эле биздин өкмөткө, эл өкүлдөрүнө кеңеш берип жүргөн учурлар болду. Мамлекеттик башкаруу системабыз кандай болуп жатканына сереп салып, Кыргызстан кайсы өнүгүү жолун тандаш керек деген ойлор келчү. Мунун баары чет өлкөдө билим алуума түрткү болду.

Эл аралык окуу жайда окуп жүрүп, Ли Куан Ю 60-жылдары чөккөн өлкөнү дүйнөдөгү биринчи өлкөгө айландыруу ыкмалары менен мурдагыдан да жакын тааныштык. Чынында Сингапурдун тажрыйбасын көргүм келген эле, экзамен учурунда дагы эсселериме ушундай так жооптордук жазганмын.

Би-Би-Си: Сингапурда окуп келип, бул жакта билим берүү тармагына жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүрөт экенсиз. Салыштырып көргөндө, сиз окуп келген эл аралык окуу жайдын кыргыз университеттеринин эмне артыкчылыгы бар?

Темирбек Ажикулов: Эң биринчи артыкчылык- инфраструктуралар. Окутууга колдонулган материалдар заманбап, сабактарды күнүмдүк чыккан маалыматтын негизинде алып барышат. Үчүнчүдөн, окуу жайда иштеген профессорлор курамы өзгөчө. Төртүнчүсү, чет өлкөлүк студенттердин көптүгү дагы чоң артыкчылык экен, конкуренция күч болот. Анан албетте, окутуу методикасы, мында болгон окуялардын негизинде жандуу талкуулар жүрөт. Бул метод мага абдан жакты. Профессорлор дээрлик сүйлөбөйт, бир жума мурда эле чоң көлөмдөгү тапшармаларды берет. Аны окуп, кошумча булактардан маалымат алып, даяр болуп келишиң керек. Мугалим сабак башталар менен бир-эки суроо жазып коет, бүт окуган материалдага таянып жооп бересиң. Буларды биз дагы Кыргызстанга алып келсек жакшы болмок. Жалаң эле теория эмес, окуяларга анализ берип, талдоо болсо студенттер дагы кызыгат, изденет.

Би-Би-Си: Сиз студенттерге тренинг же сабак өтүп калганда, жаштар кандай суроолорду көп биришет?

Темирбек Ажикулов: Абдан жакшы суроо болду. Мен жаштар менен жолуккан сайын кандайдыр бир үмүтсүздүктү байкайм. Жумуш таппай калса же бир ийгиликсиздикке туш келип калса, эми эмне кылам дешет. Адам койгон максатка жетүү үчүн аракеттин баарын жасоо керек. Гарварда окууга тапшырган балдарды тааныйм, алар бир эмес, 4-5 жолу экзамен тапшырган. Ошон үчүн тоскоолдуктардан чөкпөй, тескерисинче сабак болушу керек.

Биздин жаштар көбүнчө тил үйрөнүүдөн жаңылат. Билген англис тили баарына жетиштүү деп, өзүнө ишенип алган учурлар бар. Эл аралык окуу жайда билим алуу аябай жогорку англис тилди талап кылат. Билбегендерге да кеч эмес, азыртан баштап окуу керек.

Тектеш темалар