Кулматов коррупция боюнча айыпталып, УКМКга сурак берүүдө

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов коррупция беренеси менен айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча комитети тарабынан суракка чакырылды.

УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылып жатканын Би-Би-Сиге ырастады.

"2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айыбы угузулду. Такталган маалыматтар боюнча Кулматов 2014-жылы Бишкек мэри болуп турганда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кытайдын TBEA ишканасы тарабынан аймактарга жаңы эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттары өкмөттүн карамыгынан мэриянын карамагына Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп куруу өтө орчундуу деген жүйө менен чыгарып кетип, мыйзамсыз колдонгон. Андан тышкары "Альто Групп" ишканасынын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, сынагы жок эле кытайлык компаниядан 1 млн доллар өлчөмүндөгү каражатты ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан тышкары мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом ашыкча бөлүнүп берилген. Учурда кылмыш ишинин алкагында жеке компаниянын жетекчилеринин бири УКМКнын тергөө камак жайында убактылуу камакта. Кулматовдун Бишкек мэриянын айрым кызмат адамдарынын жана аларга тиешеси бар жеке компаниянын жетекчиси жашаган жерде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тергөө амалдары уланып жатат",-деди УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов.

Жекшембиде соттун санкциясы менен Кубанычбек Кулматовдун үйү тинтүүгө алынган. Ошондой эле Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин үйү дагы тинтүүгө алынганы кабарланды. ММКларга берген маегинде Кубанычбек Кулматов:

"2014-жылы Калыс-Ордо конушунда мектеп салганбыз. Ошого каражат максатсыз колдонулган деп кылмыш ишин козгоп жатат. Бирок бул акчаны мэрия көргөн эмес. Кытайдын ТВЕА компаниясы өзү мектепти салган. Ошондуктан "максатсыз пайдаланылган" дегенди түшүнбөй жатам. Бул грант болчу, мэрияга акча беорилген эмес. Биз техникалык көзөмөл кылып, коммуникацияны алып барганбыз. Мэриядан чыккан акча ушул болчу. Калганын компания өзү салган",-деди.

УКМК маалыматына караганда бул иш боюнча бир киши камакка алынды. Атайын кызмат камакка алынган кишинин аты-жөнүн ачык айта элек. Өткөн жылы Кубаныч Кулматов Бажы кызматынын төрагалыгына келген. Ал буга чейин дагы 2010-2013-жылдары бул кызматты башкарып турган.

Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри 2014-жылдын башында келип кызматына эки жыл иштеген эле. (AbA)

Тектеш темалар