Текебаевдин ишин кайра кароонун жаңы жагдайлары

Никитенко Наталья Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg

«Ата мекен» партиясынын камактагы лидери Ѳмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу үчүн жаңы жагдайлар пайда болгонун бүгүн Жогорку Кеңештеги басма сөз жыйынында Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жетекчиси Наталья Никитенко билдирди. Жаңы жагдайлар жөнүндө тийиштүү арыз Башкы прокуратурага жакын арада берилмекчи.

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы туруу боюнча комитетинин жетекчиси Наталья Никитенконун айтымында, Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга негиз боло турган жаңы жагдайлар кеминде бешөө. Атап айтканда, Текебаевди миллион доллар алды деп көрсөтмө берген орус ишкери Маевскийдин тергөө документтеринде жазылгандай, анын "Хаят" мейманканасында жашаганы суроо жаратууда. Жаңы далилдүү документтер боюнча аталган мейманканада жашаган Маевский аттуу жарандын паспорттук маалыматтары башка болуп чыгууда. Экинчиден, Маевскийдин паспортунда анын чек араны кесип өткөнү жөнүндө тийиштүү жазуулар жок.

Дагы бир орчундуу жагдай, Модин көрсөткөн өкмөт үйүндөгү 306-кабинетте Текебаев эмес, Атамбаев отурганы жөнүндө болуп жатат. Президенттин иш башкармасынан мунун дагы далилдүү документтери алынды.

Маевский менен Модиндин Текебаев жана Чотонов менен сүйлөшүүлөр "Супарада" өткөн деген көрсөтмөлөрү дагы жалганга чыгууда. Жаңы далилдер 13-июнда Текебаевдин "Пинара" мейманканасында конституциялык кеңешмеде болгонун, Модиндин шаардын борборунан эч жакка чыкпаганын, ал эми Чотоновдун эртең менен Ошко учуп кеткенин көрсөтүүдө. Эң кызыгы шаардык сот ишти карап жатканда бул маалыматты такташ үчүн телефон компаниясына суроо жолдогон экен, бирок анын жообун күтпөй эле өкүмдү чыгарган. Иш Жогорку сотто каралып жатканда шаардык сот билген маалыматын ишке тиркебей да, билдирбей да, жашырып койгон.

Image caption Текебаевдин соттолушу Кыргызстанда Атамбаевдин убагындагы эң резонанстуу сот иши болуп калды

"Чыныгы акыйкат сот болуш керек, бирок тилекке каршы Текебаев менен Чотоновго карата саясий буюртма менен репрессия болду",-деди Наталья Никитенко.

Басма сөз жыйынында Жогорку Кеңештеги "Ѳнүгүү" фракциясынын өкүлү Мирлан Бакиров, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев жана депутат Жанар Акаев дагы Текебаевдин саясий буйруктун курмандыгы болгонун, анын иши кайра каралса, ак жеринен күнөөлөнүп жаткан башка саясатчылардын ишине да кезек келиши керектигин белгилешти.

"Кыргызстанда саясий режим алмашты. Миңдеген мыйзамсыз камалган адамдар үмүттүү көздөр менен соттордон, жаңы бийликтен адилеттүүлүктү күтүп жатышат. Мурда саясатчылардын, оппозициянын тагдырын бир ууч бандиттик саясий топ чечкен учурлар көп болду. Ѳмүрбек Текебаевдин иши башталса, башка саясий туткундардын ишине дагы акырындык менен кадам ташталат деп ойлойм",-деди Жанар Акаев.

Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо жөнүндө арыз Баш прокуратурага жакын арада берилерин билдирди.

Текебаевдин ишин кайра кароого өлкөдө президент алмашып, жаңы саясий кырдаал түзүлгөндөн кийин жол ачылууда. Ѳкмөт башына, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилигине президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн командасындагы адамдар келди. Баш прокурор Ѳткүрбек Жамшитов дайындалып жатканда резонанс туудурган чырлуу иштерди баары кайра караларын билдирген.

Коомчулук жаңы президенттин убагында сотторго бийликтен кысым болбой, саясатчылардын иштери акыйкат кароого мүмкүн болот деген үмүт артып турат. Жарандык коомчулуктун талабы менен жакында С. Жээнбеков президент аппаратындагы "соттордун куратору" атыккан Манас Арабаевди кызматынан алганы белгилүү.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Текебаевдин сот процесси

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясын сатууну убада кылып, орус ишкеринен бир миллион доллар пара алды деп айыпталып, бир жыл мурда сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Жакында эле акыйкатчы Кубат Оторбаев Ѳмүрбек Текебаевге кечирим берүүнү өтүнүп президент Атамбаевке кайрылган. Бирок бул вариантты эң оболу Текебаевдин өзү жараксыз жол катары четке кагып, президентке ырайым сурап кайрылбай турганын, ишти кайра карап чыгууну талап кыларын билдирген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар