Тасмаларга каарман болгон кыргыз мигрант кыздары

Орусиядагы кыргыз мигрант кызынын образы. "Айка" тасмасы Сүрөттүн автордук укугу festival-cannes.com
Image caption Орусиядагы кыргыз мигрант кызынын образы. "Айка" тасмасы

Канн кинофестивалында Москвадагы кыргыз мигрант кызы тууралуу тасма мигранттардын жүрүм-туруму боюнча маселени кайра козгоду. Теги казакстандык режиссер Сергей Дворцевыйдын башкы каарманы эмне үчүн Борбор Азиянын башка өлкөсүнөн эмес, Кыргызстандан?

Орусиялык кинорежиссердун Москвада кыйынчылыкка кабылган, баласын таштап кеткен мигрант каарманы кыргызстандык. Ал ролду ойногон казакстандык актриса Самал Еслямова Канн фестивалында мыкты роль сыйлыгын жеңди.

Тасма кыргызстандыктар арасында кызуу талкууга алынууда.

Режиссер “Орусияга келген кыргызстандык 250 келин балдарынан баш тартып, төрөтканаларга таштап кеткени тууралуу билдим. Мага абдан таң калычтуу болду”, - деди басылмалардын бирине.

Ондогон өлкөдөн иммигранттар бар Орусияда эмне үчүн кыргыз кыздарынын жүрүм-турумуна байланыштуу өзүнчө түшүнүктөр пайда болгон?

Москвада көп жылдардан бери мигранттар менен иштеген активист, кыргыз диаспорасынын өкүлү Жамиля Бегиева маселинин түбү Кыргызстандагы социалдык, экономикалык, тарбия маселесине барып такалат дейт:

“Албетте, көп адам жүргөн жерде көп проблема болот дешибиз мүмкүн. Бирок кыргыз кыздары, айрыкча жаш кыздар ата-энелер, коом, мамлекет тарабынан өзгөчө камкордукка алына турган топ. Көп нерсени көрбөгөн, маалыматы, билими жок кыздар сыртка чыгып жатат. Ата-энеси шарт түзсө билим алмак, мамлекет жардам берсе окумак, өз жеринде иштемек”.

Бегиева алты ай ичинде мекенине сөөгү жөнөтүлгөн кыргызстандыктардын бешөө төрөттөн жана аборттон көз жумган келиндер болгонун айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Айка" тасмасында баласын төрөп таштап кеткен кыргызстандык мигрант келиндин ролун ойногон казакстандык актриса Самал Еслямова

Буга чейин жергиликтүү режиссер Нурбек Эгендин өлкө ичинде резонанс жараткан “Ээнсиреген үй” тасмасында да Орусияга барган кыргыз кызынын адеби башкы тема болчу.

Бишкектик Айжамал Москвада алты ай иштеп келди. Ал кыргыз кыздары Орусияга барса эле жаман жолго түртчү шарт күтүп турган жок дейт. Резюмени жакшы жазып, өзүн көрсөтсө, билимине жараша жумуш табыларын айтууда. Өзү Москвадагы тил үйрөтчү борбордун администрациясында иштеген.

Айжамал кыргыз мигрант кыздары боюнча терс түшүнүктүн себептери бир нече деп ойлойт.

Бирок ал дагы негизгиси кыргыз коомундагы көйгөйлөрдөн деп билет.

“Тарбия маселесинен эле го деп ойлойм. Үй-бүлөдө тыюу салып жүрүп, сыртка чыкканда жаштар эркиндик деген ушу турбайбы деп эле өзүн чектебей калат окшойт. Маалыматы, билим жок чыгышат, сактанганды билишпейт. Эч бир клиника оңой эле аборт жасап бере койбойт. Анда мыйзамсыз иштеген клиникаларга барат, аны да билбегендер төрөп туруп таштап жатышат”.

Орусияда баласын таштаган кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу бирдиктүү маалымат жок. Орусиядагы бир гана ымыркайлар үйүнөн кыргыз өкмөтү жылда он чакты энеси кыргызстандык баланы алып келет.

Сүрөттүн автордук укугу festival-cannes.com
Image caption Орусиядагы кыргыз мигрант кызынын образы. "Айка" тасмасы

Кыргызстандын элчилиги диаспоралар, коомдук уюмдар менен бул маселенин алдын алуу аракетин көрөбүз дейт. Мунун өзү көйгөйдүн бар экенин көрсөтүүдө.

“Элчиликтин консулдук кызматынын жарандар менен иштөө багытынын негизгилеринин бири ушу. Диаспоралардын ичинде аялдар менен иштеген көптөгөн уюмдар, коомдук бирикмелер бар. Маселенин алдын алуу үчүн алар менен иштешебиз, талкуулап турабыз. Медициналык консультациялар берилип турат. Айтылган көйгөйдү жок деп айтууга болбойт, бирок ошол эле учурда бул бир гана кыргыз кыздарына тиешелүү эмес”, - деди Би-Би-Сиге Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы Гулбарчын Байымбетова.

Кыргыз кыздары сыймыктанчу тасмалардын каарманына айланса деген Жамиля Бегиева кыздар үчүн мамлекеттик программага муктаждык бар деп эсептейт. Ал маселе Орусияда жаралган жок, кыздарды татыктуу тарбиялап, билим берип, жумуш менен камсыз кыла албаган ата-энелерде, мамлекетте дейт.

Бегиева ошол эле маалда акыркы жылдары кара жумуштан жетекчилик кызматка жеткен кыз-келиндер көбөйгөнүн, абал мурдагыдай эмес экенин кошумчалады.

Орусияда расмий каттоо боюнча 700 миңге чукул кыргызстандык мигрант бар. Анын 300 миңдейи Мосвка шаары менен Москва облусуна туура келет. Ал эми кыз-келиндер болжолдуу алардын жарымын түзөт.

Тектеш темалар