Жогорку Сот Салянованы күнөөлүү деп тапты

"Жогорку Сот мындай мыйзамсыздыкка барбайт деп ойлогом, чечим күтүүсүз болду", - деп билдирди Салянова.
Image caption "Жогорку Сот мындай мыйзамсыздыкка барбайт деп ойлогом, чечим күтүүсүз болду", - деп билдирди Салянова.

Жогорку Сот Аида Саляновага карата мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Салянова анын алдында адилеттүү чечимге үмүт артып жатканын билдирген. Өкүм угузулгандан кийин демек азыркы президенттин сот реформасы тууралуу айткандары куру сөз экен деди.

Жогорку Соттун соттор коллегиясы мурдагы баш прокурор, юстиция министри жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аида Салянованын көзөмөл арызын канааттандырган жок.

"Чечим акыркы, даттанууга жатпайт", - деди соттор коллегиясынын төрагасы.

Аида Салянова жыйындан кийин журналисттерге "демек президенттин сот реформасы тууралуу айткандары куру сөз же соттор өзүм билемдик кылууда" деди.

"Жогорку Сот мындай мыйзамсыздыкка барбайт деп ойлогом, чечим күтүүсүз болду", - деп билдирди Салянова.

Анын коомдук адвокаты Рабига Садыкова акыркы отурумда бир жарым сааттай сүйлөдү.

Image caption Аида Салянованын иши боюнча акыркы инстанциянын өкүмү угузулду

Ал тергөөнүн айыптоо материалындагы жүйөөлөрүн абсурд, логикасы жок, укуктук нигилизмдин көрсөткүчү деп атады.

"Бир дагы далил жок туруп Кыргыз Республикасынын атынан күнөөсүз жаранга айыптоо өкүмү чыкты. Президент Жээнбеков дагы бул мыйзам бузууларга көңүл бурат деп ишенем. Бизде соттордо адилеттик орнойт жана саясий атаандаштарга каршы куугунтук токтойт деген үмүт пайда болду. Айтылгандардын негизинде Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарууну жана Аида Салянованы жүрүм-турумунда кылмыш болбогондуктан толук актоону суранам", - деген болчу Садыкова.

Буга чейинки сот жыйыны 8-майда өтүп, прокурор биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, жазаны күчөтүүнү суранган. Ал отурумда Салянова жарыш сөзгө чыккан.

Акыркы жыйында прокурор сүйлөгөн жок, Салянова сөз алып, аргумент менен эмес алсыздык менен күрөшүү кыйын экенин айтты:

"Соттун чечими адилеттүүлүк уттубу же Атамбаев уттубу деген суроого жооп болот. Ким утту, адилеттүлүкпү же Атамбаевби? Урматтуу, соттор мен сиздерден бир гана нерсени - мыйзамдуу чечимди суранам."

Бишкек шаардык соту менен райондук сотто Саляновага жарыш сөзгө мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Экс-президент Роза Отунбаева Аида Салянованын сот ишинин адилет териштирилүү зарылдыгы боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы тууралуу маалымат соцтармактарга тараган.

Ал тапта Салянованын партиялашы, "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин сот ишин кайра кароо боюнча адвокаттары Башкы прокуратурага арыз берүү алдында турганын айтышты.

Анткен менен айрымдар коомдук пикир аркылуу сотторго басым жасап, иштерди кайра каратуу же камактагыларды бошотуу аракетин туура эмес деп баалашууда.

Ал эми Атамбаев жетектеп жаткан Социал-демократтар партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева саясатчылардын соту боюнча мындай билдирди:

"Бул соттордун иши. Биз соттор эч кандай чагымчылдыкка алдырбай, басымга карабай мыйзам чегинде чечим кабыл алат деп ишенебиз".

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев Салянованын иши боюнча жаңы жагдайларды таап чыгууга укуктук негиз бар экенин билдирди:

"Ал үчүн адвокаттар териштирүү учурунда кайсы жагдайлар эске алынбаганын таап чыгыш керек. Адвокаттын айткандарынан мамлекет адамды канчалык мазактаганы көрүнүп турат. Негизи Саляновабы же башка бирөө болобу мамлекет жаранын коргош керек".

Салянова жана анын партиялаштары бул соттук иштерди мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин аларга каршы саясий куугунтугу деп эсептешет.

Каныбек Иманалиев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, Салянова баш прокурор болуп турган жылдары эмес, Атамбаевдин башкаруусунун акыркы эки жылында куугунтук орун алганын белгиледи.

Ленин райондук соту 2017-жылы октябрда чечим чыгарып, аны "Кызматынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмү угузулган. Аны күчүндө калтырган шаардык соттун чечиминен кийин 2018-жылы мартта Салянова депутаттык мандатынан ажыратылган.

Жазаны баласы он төрт жашка толгондо аткарат.

Аида Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин жакын санаалашы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн мыйзамсыз узарткан деп айыпталууда.ди.

Тектеш темалар