"Арсеналга" жаңы машыктыруучу болуп келген Унаи Эмери

Лондондук "Арсенал" клубуна башкы машыктыруучу болуп испаниялык Унаи Эмери дайындалганы жарыяланды. Ал клубду 22 жыл жетектеп турган Арсен Венгерди алмаштырат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 46 жаштагы Унаи Эмери буга чейин француз клубу "Пари Сен-Жерменди" машыктырып, өткөн жылы өлкөнүн чемпиондугун уткан.

46 жаштагы Унаи Эмери буга чейин француз клубу "Пари Сен-Жерменди" машыктырып, өткөн жылы өлкөнүн чемпиондугун уткан. Андан сырткары ПСЖ Франциянын төрт кубогун жеңди.

ПСЖга чейин Эмери "Севильяны" үч жыл катарынан УЕФА чемпиону кылган.

"Арсеналдын" атактууу машыктыруучусу Арсен Венгер 1996-жылы клубдун башына келген эле. Быйыл келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу деген негизде бул кызматтан кетти.

"Арсеналга" келиши мүмкүн деп каралып жаткан талапкерлердин ичинен Эмери тандалган экен. Анын англис тили өтө деле жакшы эмес. Бирок эми ал "Арсеналдын" тарыхындагы жаңы баракты ачмакчы. 68 жаштагы Венгер машыктырган жылдарда клуб премьер-лиганы үч жол утуп, Англия кубогун жети ирет багындырган. 2003-2004-жылдардагы сезондо Венгер - премьер-лигада бир да жолу утулбаган машыктыруучу катары Англия футболунун тарыхына жазылды.

"Мага ишеним көрсөткөндөрүнө кубанычтамын. Мен бир аз толкунданып жатам. Анткени дүйнөдөгү мыкты клубдардын бирине келдим",-деди Эмери.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Апрелде Эмери ПСЖдан кетерин жарыялаган эле. ПСЖга 2016-жылы "Севильядан" келген.

Апрелде Эмери ПСЖдан кетерин жарыялаган эле. ПСЖга 2016-жылы "Севильядан" келген. 2012-жылы Эмери Орусиянын "Спартак" клубуна эки жылдык келишим менен келип, беш айдан кийин кызматынан алынган. "Динамодон" ири эсепте утулуп калганда, клубдун жетекчилиги аны бошотуу чечкен.

Бул сезондо "Арсенал" премьер-лигада алтынчы орунга илинди. Күйөрмандары сынга алган учурлар көп болду. Ошондуктан жаңы машыктыруучунун келиши команданын оюндарын өзгөртөт деп күтүлүүдө. (AbA)

Тектеш темалар