ДСУ: Кыргызстанда жакыр жашагандар медициналык тейлөөгө көп коротот

Дүйнөлүк Саламакттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ярно Хабихт
Image caption Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ярно Хабихт

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун түзүлгөнүнө 70 жыл толду. Уюм 1948-жылы түзүлүп, ага 194 өлкө мүчө. Кыргызстандагы уюмдун кеңсеси 1994-жылы ачылган.

Би-Би-Си Уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Ярно Хабихтти кепке тартып, кайсыл багытта иш алып барып жатышканын сурады.

Ярно Хабихт: Уюм бир нече багытта иш жүргүзөт. Биринчиден, медициналык тейлөөнүн жалпыга жеткиликтүүлүгү боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Бул аркылуу ар бир жаран мыкты медициналык тейлөөгө жете алат. Ошондой эле учурда медициналык тейлөөгө сарпталган акча жарандын чөнтөгүнө туура келе тургандай болот.

Экинчиден, Уюм жугуштуу эмес илдеттер боюнча иш жүргүзүүдө. Жугуштуу эмес илдеттерге жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет дарты кирет. Ошондой эле, коомдогу ден соолукка кооптуу факторлор дагы эске алынат. Бул багытта биз эмнеге коомчулукта жугуштуу эмес илдеттер жайылып жатканын карайбыз. Мисалы, тамеки, туура эмес тамактануу, ашыкча салмак сыяктуу көйгөйлөр.

Үчүнчүдөн, саламаттыкты сактоо жаатындагы коопсуздук маселесине көңул бурабыз. Бул багытта жугуштуу илдеттер боюнча иш жүргүзүлөт. Мисалы, эмдөө боюнча көйгөйлөр жана мурда эле бар болгон ВИЧ, туберкулез, гепатит сыяктуу илдеттер. Төртүнчүдөн, биз эне жана баланын саламаттыгы боюнча иш алып барабыз.

Би-Би-Си: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга жаңы ыкмаларды жеткирүү менен алектенеби?

Ярно Хабихт: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул багыттарда ишти жалгыз алып барбайт. Уюмдун Кыргызстанда көптөгөн өнөктөштөрү бар.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун негизги максаты - глобалдык жана регионалдык ыкмаларды, билимди Кыргызстандагы коомчулукка, коомдук уюмдарга, изилдөөчүлөргө жеткирүү.

Ал аркылуу бул уюмдар жана дарыгерлер Кыргызстанда медициналык тейлөөнү оңдойт деп үмүттөнөбүз. Биз башка мамлекеттердеги мыкты тажрыйбалар жана ыкмалар менен бөлүшөбүз.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму негизинен жалпы саясатка көмөк көрсөтөт. Айрым учурда кооптуу илдеттер тез жайылса гана Уюм өлкөгө адистерин жөнөтүп, илдеттин жайылышын токтотууга аракеттенет.

Би-Би-Си: Сиз бир нече олутту тармактарды атап өттүңүз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 70 жылдык мааракесинде дүйнөдөгү лидерлерди медициналык тейлөөнүн жалпыга жеткиликтүү кылуу боюнча убадаларын аткарууга чакырууда. Кыргызстанды алсак, мамлекетте жергиликтүүлөр медициналык жардам алганда ар түрдүү төлөмдөргө туш болушат. Кыргызстан сыяктуу мамлекетти эске алганда, кандай мыкты тажрыйбалар аркылуу көйгөйдү чечсе болот?

Ярно Хабихт: Медициналык тейлөөнү жалпыга жеткиликтүү кылууда Кыргызстандын аракеттерин дагы атап өтөлү. Бул тармакта жакшы иш жүргүзүлгөнүн белгилеп кетишибиз зарыл.

Кыргызстан региондо биринчилерден болуп саламаттыкты сактоодо атайын камсыздандыруу ыкмасын киргизген. Бул өтө олутту жана чечкиндүү кадам болгон. Көп мамлекеттер бул кадамды дагы деле изилдеп келет. Коңшу мамлекет, Казакстан дагы Кыргызстанга келип, муну ишке ашыруу ыкмаларын үйрөнүп жатат. Бул жыйырма жыл мурун жасалган чечкиндүү кадам болгон. Ал аркылуу система калыптанган жана эң негизги медициналык кызмат боюнча дагы мунаса табылган. Албетте, бекер медициналык кызматты жана дары-дармектин тизмесин кеңейтүү маанилүү. Бирок жыйырма жыл мурун бул системанын пайдубалы тургузулган деп белгилеп кетким келет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ярно Хабихт: тургундар өзүнүн саламаттыгына көбүрөк көңүл бурса жакшы болмок

Би-Би-Си: Бирок бул кадам жергиликтүү калктын медициналык тейлөө боюнча талабына жооп береби?

Ярно Хабихт: Жергиликтүү тургундардын талабына токтолсок. Чынынд кыргызстандыктар медициналык тейлөөгө өз чөнтөгүнөн төлөшөт. Статистиканы карасак, медициналык кызматтын 45 пайызына бейтаптар өз чөнтөгүнөн акча коротот.

Ошол эле учурда калктын 50 пайызында медициналык кызмат үчүн жетишитүү каражаты жок. Медициналык жардам алган тургундардын бештен бири төлөмдөр үчүн абдан оор экономикалык абалга кептелет же кирешесинин 40 пайыздан көбүрөк бөлүгү медициналык кызматтарга сарпталат. Бул өтө олутту маселе. Тургундар медициналык тейлөө үчүн бара-бара азырак акча төлөшү керек. Андан тышкары бул төлөмөндөр расмий жолдор менен которулушу абзел. Бейтап эмне үчүн акча берип жатканын, кандай кызмат аларын так билиши зарыл.

Би-Би-Си: Кыргызстан сыяктуу мамлекеттин ресурстары чектелүү. Өнүгүп келе жаткан мамлекет каражат маселесин чечүүдө кандай чараларды көрүшү керек?

Ярно Хабихт: Финансалык көйгөйдү чечүү үчүн үч багытта иш алып баруу керек. Биринчиден мамлекеттик бюджетте саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражатты сактап калуу зарыл. Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин 13 пайызы саламаттыкты сактоого сарпталат. Кыргызстан региондо саламаттыкты сактоого эң көп каражат бөлгөн мамлекет. Өкмөт саламаттыкты сактоо тармагындагы убадасын он жыл бою аткарды. Кыргыз өкмөтү дагы 10-20 жыл бюджеттен каражат бөлө берсе, чоң өзгөрүүлөр болот. Мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөсө, ар бир бейтап мындан дагы көп акча төлөп кылат.

Экинчиден, медициналык кызмат үчүн коомдун кайсы катмары төлөшү керектиги аныкталышы керек. Азыр жакыр жашайт дегендердин жыйырма пайызы, башкаларга салыштырмалуу медициналык тейлөө үчүн көбүрөк акча коротот. Алардын көбү өтө кеч болгондо гана дарыгерге кайрылат. Демек, система жакыр жана аялуу катмарды коргошу керек.

Үчүнчүдөн, саламаттыкты сактоо тармагындагы эффективдүүлүктү жогорулатуу абдан манилүү. Эмнеге тургундар медициналык тейлөөгө көп акча төлөйт? Сиз ооруканалар тууралуу сөз кылдыңыз. Айталы, жарандардын эки сому болсо, анын бир сомун дары-дармекке коротот. Демек, дары-дармектин баасы көзөмөлгө алынып, төмөндөтүлүшү керек. Андан тышкары тургундар өзүнүн саламаттыгына көбүрөк көңүл бурса жакшы болмок. Мисалы, кан басымдын жогорулоосу өлкөдө кеңири тараган. Бойго жеткен тургундардын 45 пайызында кан басымдын жогорулоосу катталган. Бирок алардын беш пайызы гана дарыгерлердин көрсөтмөсүн аткарат.