Президенттин басма сөз катчылары: Ким, кандай иштеген?

Бишкектеги маалымат жыйыны.
Image caption Бишкектеги маалымат жыйыны.

Кишилер маалыматтын артынан кубалап калган азыркы доордо президенттин басма сөз катчысы деген кызматтын мааниси канчалык?

АКШда Трамптын же Орусия президентинин басма сөз катчылары өзүнчө бир саясий фигурага айланып, алардын ысымы ММКларда көп аталары белгилүү.

Ал эми Кыргызстанда бул кызматты кандай кабыл алабыз, басма сөз катчысы эмне кызмат аткарат? Ушул тууралуу сурамжылап көрөлү.

2010-2011-жылдары өткөөл мезгилдин президенти катары иштеген Роза Отунбаеванын маалымат катчысы Султан Каназаров:

Image caption 2010-2011-жылдары өткөөл мезгилдин президенти катары иштеген Роза Отунбаеванын маалымат катчысы Султан Каназаров.

“Басма сөз катчынын эң негизги миссиясы - президенттин же өкмөт башчынын атынан чыгып билдирүү жасашы керек. Сөзсүз эле журналисттер чалганда гана жооп бериштин кажети жок. Бир окуя болдубу, демек дароо билдирүү менен чыгышы керек. Өздөрүнүн атайын аянтчасы болуп, кандайдыр бир брифинг өткөрүп туруу керек. Балким бир жумада бир, же бир айда бир. Мисалы, Алмаз Атамбаевдин Жанар Акаевден мурда иштеген басма сөз катчысы, жаңы эле өкмөттөн кеткен Сапар Исаковдун басма сөз катчысынын ысымдарын эч ким деле билбей калды. Эч билдирүү менен чыккан эмес”.

Бул жагынан орус президенти Путиндин катчысын мисал тарта кетели. Ооба, Дмитрий Песков экономикадан тарта геосаясатка чейин билдирүү жасап, өлкөнүн, президенттин кайсыл бир окуяга же кырдаалга карата көз карашын билдирип турат.

2011-2017-жылдары президент болуп турган Алмазбек Атамбаев менен алты ай иштешкен Жанар Акаев учурда ЖК депутаты:

Image caption ЖК депутаты Жанар Акаев

“Негизи басма сөз катчы ачык болушу керек, бирок өзүнүн оюндагысын, оозуна келгенди айтууга болбойт. Анын сөзү президенттин позициясын билдирет. Андыктан ар бир билдирүүсүн сөзсүз түрдө президенттин өзү же аппараты менен акылдашып туруп айтышы керек. Учурда социалдык тармактар коомдун күзгүсү болуп калды. Ал жактагы талкууларды президентке окутууга, аны ачык-айрым болууга үйрөтүп, көндүрүш керек. Атамбаев жеңил-желпи пиарды жакшы көрчү эмес. Өзүнүн чай ичип атканын, эс алып атканын көп чыгара берчү эмес. Мисалы, футболдук курама команда менен стадиондо селфи кылууга араң көндүргөм. Бул азыр мода, интернетке аябай жайылат деп атып көндүргөм”.

ЖК депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстандын туңгуч президенти, 2005-жылдагы март окуяларынан кийин бийликтен сүрүлүп, чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон Аскар Акаевге басма сөз катчы болуп иштеген:

Image caption ЖК депутаты Каныбек Иманалиев

“Биз бир нече багытта иштедик. Эсептеп көрсөк, биз үч жыл ичинде 300дөй басма сөз жыйынын өткөрүппүз. Ар бир дүйшөмбү күнү саат 11де президенттин иш жумалыгын айтып турат элек. Ал жыйында журналисттерге президент ким менен жолугат, кандай иштерди жасайт деген маалыматтар берилет. Журналисттердин баары жумалыктан кабары бар эле. 1996-жылдары биз Эл аралык "Фридом Хаус" уюмунун рейтинги боюнча Чехиянын деңгээлине жеткенбиз. Ал учурда эркин мамлекет катары басма сөздүн милдети жалгыз президенттин иш багытын чагылдыруу эмес, Кыргызстанды тышкы дүйнөгө таанытуу болчу. Ошондой эле 1996-1999-жылдары ар бир элчиликке тапшырма берип, дүйнөлүк маалымат каражаттары аркылуу маалымат бергенбиз”.

Курманбек Бакиевдин учурунда Нурлан Шакиев менен Надыр Момунов басма сөз катчы кызматын аткарган.

Экс-президент Атамбаевдин бийлигинин соңку жылдары басма сөз катчынын үнү угулбай, анын ордуна маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчилери билдирүү жасаган учурлар көп болду. Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Толгонай Стамалиева бир эле учурда президенттин маалымат саясаты бөлүмүн башкарып, басма сөз катчы болуп дагы иштеп жатат.