"Чоң Евразиянын" кичине Кыргызстанга мүмкүнчүлүктөрү

Астанадагы келишимге Евразия Экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен Кытайдын эл аралык соода өкүлү министр Фу Цзыин жана ЕАЭБдеги ар бир өлкөнүн өкүлү кол коюшту. Сүрөттүн автордук укугу Eurasiancomission.org
Image caption Астанадагы келишимге Евразия Экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен Кытайдын эл аралык соода өкүлү министр Фу Цзыин жана ЕАЭБдеги ар бир өлкөнүн өкүлү кол коюшту.

ЕАЭБ менен Кытайдын ортосунда кол коюлган соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдин алкагында Кыргызстанга ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү Бишкекте эксперттер талкуулады. Кеп "Чоң Евразия" деп аталган экономикалык интеграциялык стратегияны пайдаланып, Кытай менен жалаң эле соода эмес, биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруу, Кытайдын өзүнүн базарына активдүү кирүү жөнүндө болуп жатат.

"Эбегейсиз океан"

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары туңгуч президент Акаев АКШга барганда журналисттердин деңиз жолдорунан алыс, темир жолдору жок, географиялык туюкта турган Кыргызстан кантип өнүгөт деген суроосуна, "Кыргызстан Кытай деген эбегейсиз океандын жээгинде турат" деп жооп кайтарган эле. Кыргызстан чынында эле миллиард калкы кайнаган чоң кошунасынын арзан товарын алып сатып, 20 жыл бою реэкспорттун пайдасын жакшы эле көрдү. Бирок эми Кытай менен болгон соода-экономикалык мамиленин башка деңгээлдеги жаңы мүмкүнчүлүктөрү эми ачыла баштагандай. 17-майда Астанада ЕАЭБ менен Кытайдын ортосунда кол коюлган соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө келишим бул бирикмедеги өлкөлөр үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн дагы өнүгүүнүн жаңы багыты катары каралууда.

«Бул маселе боюнча акыркы үч жылдан бери сөз болуп келатат. Биз ЕАЭБке кирген убакта эле Кытайдын президенти Си Цзинпин ушул демилгени көтөргөн. Дүйнөлүк экономикада чоң мамлекеттер бири-бири менен интеграция болуп, ошол аркылуу өсүп-өнүгүүгө шарттарды түзүп жатат. Ошонун бири "Бир жол- бир кур" концепциясы менен ЕАЭБдин кызматташтыгы болуп жатат. Астанада болгон экономикалык форумда келишимге кол коюлду. Бул башкача айтканда "Чоң Евразия" деп аталып жатат. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Биздин өлкө өзүнө кандай пайда табат, кандай жолдорду колдонуп инвестиция алып келип, туура саясат жүргүзөт деген суроолор бүгүн көтөрүлүп жатат",-деди Кыргызстандын Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин бөлүм башчысы Нурадил Баясов.

"Чоң Евразия" жөнүндө сөздү Путин дагы 2016-жылы Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда баштаган. Астандагы келишим бул идеяны ишке ашыруу жолундагы маанилүү этап болуп калды. Эркин соода жөнүндө келишим Иран менен түзүлдү, Кытай менен кол коюлган келишим соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө болду. Буга чейин ушундай эле келишим Вьетнам менен болгон. Сингапур, Израиль сыяктуу башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мунун баары ЕАЭБдин конкуренттик потенциалын жогорулатуу максатында болуп жатат.

ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмү өткөн жылы 100 миллиард долларды түздү. Ошол эле убакта ЕАЭБден Кытайга экспорт 40% өскөн. Кытай өз кезегинде ШКУнун алкагында регионалдык экономикалык зона түзүүнү сунуштап жатат. Бул ЕАЭБдин кызыкчылыгына туура келген саясат болуп саналат.

Астанада Кытай менен кол коюлган келишим пошлиналардын өзүн жойбойт, бирок соода эрежелерин жеңилдеткен ийкемдүү жолдорду карайт деп айтылууда. Башкача айтканда экономикалык бирикмедеги тарифтерге байланбай, ийкемдүү иштегенге жол ачылат дейт эксперттер. Ошондуктан кеп эң оболу соода жүргүзүү эле эмес, биргелешкен ишканаларды, өндүрүштүк долбоорлорду түзүү жөнүндө болуп жатат.

Стратегиялык максаттар

Борбордук Азия региону башынан эле Россиянын салттуу рыногу катары каралып келген, бирок соңку жылдары бул жакта Россияга Кытайдын атаандаш саясаты активдүү боло баштады. Анын үстүнө, Кытайдын стратегиялык максаты эркин соода менен чектелип калбай турганы түшүнүктүү.

"Орусия бүгүнкү учурда, албетте, стратегиялык шерик болуп жатат. Кытай менен болгон мамиле дагы 2010-жылы эң жогорку шериктештик деңгээлине көтөрүлгөн. Ал деле бизге стратегиялык шериктеш болуп жатат азыр. Эми анын максаты жөнүндө коркуп ар кандай пикирлерди айтышат, бирок АКШнын, Орусиянын деле максаты ошондой экенин, ар бир чоң өлкөнүн чоң стратегиялык максаты бар экенин эске алышыбыз керек",-дейт саясий эксперт Шерадил Бактыгулов.

Кыргызстандын Чыгыштагы ири кошунасы менен алака-катышынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө талкуулар президент Жээнбековдун Кытайга расмий сапарынын алдында болуп жатат. Июндун башында боло турган анын Бээжиндеги жолугушуулары эки өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыгындагы маселелерди чечип алуунун эң сонун убагы жана мүмкүнчүлүгү болуп калмакчы.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар