Адилет сотторду күткөн эл үмүтү

Аида Салянова акыркы инстанцияда адилеттүү чечимге үмүт артып жатканын айткан
Image caption Аида Салянова акыркы инстанцияда адилеттүү чечимге үмүт артып жатканын айткан

Жогорку Сот Аида Саляновага карата айыптоочу чечимди күчүндө калтырганы эмнени түшүндүрөт? Байкоочулар саясий чечим болгонун айтышса, айрымдары сотко эч ким киришпегенине ишенүүдө. Саясий режим алмашкан ушу учурда соттордун позициясына кызыгуу күч.

Ал тапта Жогорку Кеңеш Жогорку Сотко эки судьяны шайлады.

Салянова боюнча өзгөрүүсүз калган акыркы чечим

Мурдагы баш прокурор Аида Саляновага райондук жана шаардык соттордо жарыш сөзгө чыгуу мүмкүнчүлүгү берилбей, айыптоочу чечим чыккан. Ал эми 8-майда өткөн Жогорку Соттогу жыйында жарыш сөз сүйлөдү. Президент алмашып, ал сот реформасы тууралуу билдирүүлөр менен чыгууда. Мурунку бийлик тушунда саясатчыларга козголгон иштер куугунтук болгон деп, аларды актоо чакырыктары жүрүүдө.

Мына ушул жагдайларды эске алып, Салянованын ишин Жогорку Сот кайра териштирүүгө жиберет деген пикирлер басымдуу болгондой. Андай ойлогондордун бири саясат таануучу Алмазбек Акматалиев.

Ал Салянова боюнча чечим саясий болгону көрүнүп турат дейт.

“Салянова боюнча соттун чечиминде мурунку президенттин же азыркы президенттин таасири болдубу дегенге мен кошулбайт элем. Маселе соттордун позициясында. Алар көз карандысыз эле чечим чыгарса керек. Бирок көз карандысыз чечим калыс чечимди билдирбейт. Алардын деңгээлин көз карандысыздык менен эле өлчөгөн туура эмес. Мага судьялар биригип, мурунку тактиканы кармайлы, бир позицияда бололу деген ич ара келишимге келишкендей сезилди”,-деди Акматалиев Би-Би-Сиге.

Акматалиев соттолгон саясатчылардын ичинен Салянованын иши эң жеңили болчу деп эсептейт. Мындан улам алдыда башка саясатчылардын акталышынан күмөн санап калганын кошумчалады.

Башка саясат таануучу Марс Сариев соттордун көз карандысыз чечим чыгарганынан күмөн санайт. Кыргызстан ага жетүүдөн азыр алыс деп эсептейт. Ошондон улам Салянованын жана камактагы саясатчылардын иши бийликтен көз каранды боюнча калаарын божомолдоп жатат.

Image caption Бийлик алмашканы камактагы саясатчыларды бошотуу чакырыктары айтылууда

“Саясий максаттуулук деген азырынча жок. Ошондуктан Салянованы актап жибергенге эрте. Ошондой эле Текебаевди бошотуу тууралуу сөз болгон менен аны да таразалап жатышат. Ал саясатта калабы же кетеби, азыркы бийликтин Атамбаев менен мамилеси кандай тарапка бурулат, мына ушуларга байланыштуу болот”, - дейт Сариев.

Ал эми Салянова өзү Жогорку Соттун өкүмү угузулгандан кийин “демек президенттин сот реформасы тууралуу айткандары куру кеп же соттор өзүм билемдик менен иш алып барууда” деди.

Жогорку Сотко эки судья шайланды

Ал тапта Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына беш талапкерди карады.

Аларга суроо берүү менен парламентте сот реформасы талкууга алынды.

Депутат Жанар Акаев сунушталган беш талапкердин баары сын тагылып келаткан мурунку системанын кишилери экенин белгиледи. Эл өкүлү алар жакында президенттик аппараттын сот реформасы боюнча бөлүм башчылыгы кызматынан алынган Манас Арабаевдин буйругун аткарып иштешкен деди.

“Бул жерге келген талапкерлердин көпчүлүгү Манас Арабаевдин кадрлары. Ошол “бөрк ал десе, баш алып” жүргөн адамдар. Келгиле, жаңы адамдарды нөлдөн баштап шайлайлы. Бешөөнү тең биз жыгышыбыз керек. Сот адилеттүүлүгүн өзүбүз талап кылганга жараша башынан баштап, жаш кадрларды алып келип сотко коюшубуз керек”, - деди парламентте Акаев.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жогорку Соттун судьялыгына өткөн Кыдык Жунушпаев

Судьялыкка талапкерлер басма сөздө аларга буйрук берет деп айтылып келген Манас Арабаевди тааныбай турганын билдиришти.

Алар ошондой эле чыгарган чечимдери боюнча дайыма актанганга же төгүндөгөнгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан бир тараптуу караланып калышаарын белгилешти.

Талапкерлердин арасынан Ирина Воронцовага Аида Салянованын, “Мегакомго” тиешелүү Алмаз Абековдун иштери боюнча “мыйзам бузгансыз” деген таризде суроолорду узатышты. Ал мыйзамсыздыкка барбаганын белгиледи.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Тынчтыкбек Шайназаров ар бир талапкерден кудайдан коркосуңарбы деп сурады.

Депутат Шайназаровдун юрист, тажрыйбалуу прокурор экенин эске алганда бул сотторго айла кеткенде берген суроосубу же себеби башкадабы белгисиз.

Талапкерлер Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Кыдык Жунушбаев, Нургүл Бакирова, Айдарбек Алымкулов. Ичинен Нургүл Бакирова, Кыдык Жунушпаев экөө өттү.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат, мурдагы судья Курманкул Зулушев Жунушпаевдин 2016-жылы беш, 2017-жылы үч гана иш караганын сынга алды. Ал ошондой эле мыйзам үч жылдан эки мөөнөткө гана уруксат бергенине карабай, Кыдык Жунушпаев Судьялар кеңешине тогуз жылдан бери мүчө экенин белгиледи.

“Соттор кеңешине мени съезд тандаган, ал мыйзам боюнча үч жылда бир өтөт. Ал эми 2016-2017-жылдары Судьялар кеңешине төрага болгонума байланыштуу ошончо эле иш карагам”, - деп жооп берди судья.

Судьялыкка талапкерлерди Сотторду тандоо кеңеши конкурс аркылуу тандап, президентке сунуштайт, президент Жогорку Кеңешке берет. Президенттин сынынан бир талапкер өткөн эмес.

Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери 66 судьяны кызматтан алган. Анын 54ү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, айрымдары аты чыккан чуулу иштерди караган судьялар.

Тектеш темалар