"Акыркы коңгуроо": бүтүрүүчүлөр 15-20 миң сомго чейин чыгымдайт

Кыргызстандагы орто мектептер акыркы коңгуроо салтанатына даярдык көрүүдө. Билим берүү министрлиги бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салганына карабастан, чегинен ашкан оюн-зоокторду койдура албай келүүдө.

Быйылкы бүтүрүү салтанаттары кандай өтөт?

Жасмин жана Бекмамат быйыл калаадагы мектептердин биринде 11-классты аяктап жатат. Учурда алар бүтүрүү кечелерине катуу камданып жаткан экен. Кийе турган көйнөк, костюмдары даяр.

"Костюм, көйнөктөрдү алып аябай катуу даярданып жатабыз. Мугалимдерди, ата-энелерди кошпой эле шаардагы көңүло ачуу жайларынын бирине барып отурсак деген план бар. Андан тышкары, 25-майда шаардын кооз жерлерин айланып, көңүл ачышыбыз мүмкүн. Ошонун барын кошкондо мен өзүмдүн керектөөлөрүмө 10 миң сомдой каражат сапталат экен",- дейт Бекмамат.

"Мамлекеттик экзаменге мектеп эч кандай акча чогулткан жок. Болгону ижарага көйнөк алсам кымбат болуп калат деп, беш миң сомго сатып алдым. Андан тышкары кафеге отурганга үч миң сомдон чогултуп жатабыз. Ушул сыяктуу чыгымдарды эсептегенде менден 15-20 миң сомдун тегерегинде каражат кетти",- дейт Жасмин.

Атын атагысы келбеген Бишкектин тургуну каражаты тартыш болгон үчүн өткөн жылы кызы мындай кечеге катыша албай калганын айтып берди:

"Биз курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыктан бүтүрүү кечесинен баш тарттык. Кафелерде бүтүрүү кечелери тойдой эле өтөт. Айрым ата- энелер чыгымы 12 миң сомго чейин чыгып кеткенин айтышты", - деди ал.

Image caption Өлкө боюнча 11-классты 62 миңдей окуучу бүтүп жатат.

Бүтүрүүчүлөр арасында "ким кандай кийинет" деген атаандаштык өтө курч деп айтып беришти. Кыздардын үлпөт көйнөктөрүн алсак, материалын эске албаганда эле аны тиктирүү же ижарага алуу 5-10 миң сомдон. Эркек балдардын костюмдары 7 миң сомдун тегерегинде:

"Бизге бир гана бүтүрүүчүлөр эле эмес, алардын ата-энеси дагы кайрылат. Күнүнө төрт-беш бүтүрүүчүнү кабыл алабыз. Жалпысынан май, июнь айларында жүзгө жакын бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата энесине кызмат көрсөтөбүз",- дейт Бишкектеги кийим тигүүчү жайлардын биринде иштеген Бермет Ысманова.

Маселен, Бишкектеги бүтүрүүчүлөр кафе-ресторандарды азыртан эле ээлеп коюшкан.

"Бизде 20-июндан 30-июнга чейин бүтүрүүчүлөрдүн кечеси өтөт. Киши башына болжол менен 1500-2500 сомдон айланат. Ар бир мектептен 40-50 киши келет. Ошондо орто эсеп менен бир мектептен 90 миң сомдун тегерегинде каражат түшөт. Анын ичинде тамак-аш жана музыкалык аппаратурасын биз камсыздайбыз. Ал эми тамада жана ырчы-чоорчуларын өздөрү таап келет. Азыр көп эле мектептен буюртма алдык",-деди баш калаадагы ресторандардын биринин директору Кыялбек Рустамов. Бул

Болжолу баш каладагы бүтүрүүчүлөр 15-20 миң сомдун тегерегинде коротушат экен. Өлкө боюнча 11-классты 62 миңдей окуучу бүтүп жатат. Айыл жерлеринде көп каражат деле чыгымдашпайт, шаарлардагы мектептер жылдагыдай эле уу-дуу менен шаңдуу майрамдачудай даярданып жаткан экен.

Өткөн жылы айрым шаарларда окуучулар кымбат баалуу унааларды жалдап алып, ызы-чуу салып унаа жолдорунда ойноп жүргөнү ММКларга чыгып кеткен. Андан алдын эле андай унаа кербендерине катуу тыюу салынган. Себеби унаа кырсыгына кабылган учрлар дагы катталган эле. Бүтүрүүчүлөрдүн шаң-салтанатын тыйып, салабаттуү өткөруүгө жасаган агартуу министрлигинин аракетинен майнап чыгар бекен.

Тектеш темалар