Tолкунбек Турдубаев: этикага жатпаган маалымат тараткандардын рейтингин чыгаруу керек

Бишкекте "Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги жана жоопкерчилик" деген теманын алкагында эксперттик талкуу өттү. Ага бир катар журналисттер, юрист, укук коргоочулар катышты.

Би-Би-Си аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, белгилүү журналист Толкунбек Турдубаевди маекке тартып, жыйында талкуланган негизги маселе туралуу сурады.

Толкунбек Турдубаев: Бүгүнкү эскперттик талкууда негизинен журналисттик этикага дал келбеген маалымат жарыялоо тууралуу сөз болду. Ошондой эле мындай журналисттерге таасир этүү жолдору талкууланды. Дагы бир урунттуу маселе, ар кайсы ээлерге таандык болгон ММКлардагы журналисттердин тилектештиги, тигил же бул окуяга көз-карашы жана чагылдырылышы жөнүндө айтылды. Ар кайсы чөйрөдөн эскперттер катышкандыктан, албетте, пикир келишпестиктер дагы болду. Негизи, этикалык кодекске дал келбеген маалыматтар жарыяланып жатпайбы. Мунун түбү ондогон жылдар болбосо дагы, он жыл мурда пайда болгон, ошондой кырдаал түзүлгөн. Тигил же бул басылмаларда социалдык катмарларга, категорияларга, калктын кайсы бир бөлүгүнө, улуттук азчылыктарга асылмай, аларды шыбамай, чукума маалыматтар көп жазыла баштады. Бирок тилекке каршы, ошол кзедеги бийлик же мамлекеттик органдар бул маселеге кийлигишкен жок. Ошондой кабарларды маалымат деп эсептеген журналисттер андан ары тайкы түшүнүк менен, этикага да, адамгерчиликке да дал келбеген көз-караштарын чагылдыра баштады. Анын баары кандай кесепеттерге алып келгени азыр баарыбызга белгилүү.

Би-Би-Си: Жалган, этикага туура келбеген маалымат жазган журналист же сайттарга таасир этүү маселесин каралганын айттыңыз. Кандай жол менен таасир этүү?

Толкунбек Турдубаев: ЖМКларга болгон даттанууларды талкуулоо, иликтөө боюнча атайын комиссия бар. ал мындан он-он беш жыл мурда түзүлгөнү менен таасир этүүчү орган боло алган жок. Комиссиядан кандайдыр бир чара же чечим күтүү дагы негизсиз болчу, анткени аларда ыйгарым укуктар болушу да мүмкүн эмес эле. Ал прокуротура же укук коргоо органы эмес да. Менин оюмча бул комиссия өз ишин аткарышы керек. Муну бүгүнкү талкууда дагы айттым. Керек болсо алар айрым иштерди сотко жеткирбестен, көйгөйдү жөнгө салуучу орган болушу керек. "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова көпчүлүк иштерди сотко жеткирбей, ага чейинки иш-чараларды көрүү иш тартыбин киргизиш керек деди. Бул эми ЖКнын мыйзам чыгаруу ыйгарым укугуна тийиштүү. Менинимче, муну дагы өнүктүрүп, иштиктүү аракет көрсө болот. Мисалы, мониторинг жүргүзүп, маалымат каражаттарындагы макалаларга кайрылып, өзөгүн ачып көрсөтүш керек. Андан сырткары, рейтинг киргизсе болот. Мисалы, бул айда бул жерге мындай маалымат чыкты, анын бул жеринде журналисттик этика бузулган деген рейтинг чыгарса, бул да өз таасирин бермек.

Би-Би-Си: Кыргызстанда соңку кездери бийлик өкүлдөрү журналисттерди сотко берген учурлар болду. Көпчүлүгүн серепчилер сөз эркиндигине жасалган кысым катары баалашты. Чечим чыгарууда сотторго бийлик сөзсүз таасир эткен деген пикирлер болду. Сиз кандай баа берет элеңиз?

Толкунбек Турдубаев: Бардыгынын өз чындыгы бар, бирок акыйкат бир дейт эмеспи. Бул дагы ошондой эле кырдаал. Эгерде, кайсы бир журналист же ЖМК редакциясы тарабынан кээ бирөөлөр терс деп кабыл алган маалымат чыкса, албетте, сотко кайрылуу туура эле иш. А бирок сот жараянынын артында ким тургандыгын аңдап билишибиз керек. Соттун өзү ким, кандай судьялар ошол ишти карап жата? Биз соттор тарабынан "Бул менин таанышым же бул адамдын аке-жотосун таанып калгам, ошон үчүн мен бул сот жараянын алып бара албайм" дегенди эч укпайбыз. Эски доордо башкача болчу да. "Мен бул кишинин же өзүн же үй-бүлөсүн эзелтен бери билем" деп ишти такыр четтетип койгон судьялар бар болчу. Муну көрүп, нечен жолу угуп да калчубуз. Азыр мындай эч жок. Ошондуктан бул коррупция маселесине, сот адилеттигинин акыбалына келип такала турган маселе.