Талантбек Исаев: Канатбек Исаев боюнча адилет чечим күтүп жатабыз

Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов өзүнө коюлган оор беренеге макул эмес
Image caption Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов өзүнө коюлган оор беренеге макул эмес

“Мамлекетти күч менен басып алуу аракетине” айыпталып, соту жүрүп жаткан Дастан Сарыгулов ишин териштирүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул күндөрү депутат Канатбек Исаев боюнча экинчи инстанциянын чечими чыгуу алдында турат.

Садыр Жапаровдун сотун утурлай Саруу окуясына байланыштуу күбө Наристе Калчаев билдирүү таратты, анын соту 29-майда башталат.

Дастан Сарыгуловдун кайрылуусу

Шарттуу кесилип, териштирүү учурунда үй камагында отурган саясий ишмер Дастан Сарыгулов ишин адилет териштирүү өтүнүчү менен башкы прокурорго кайрылды.

Ал тергөөдөгү жана соттук териштирүүдөгү мыйзам бузууларды келтирип, башкы прокурордон чара көрүүнү суранган.

Дастан Сарыгулова Би-Би-Сиге мурдараак берген маалыматында башкы прокуратура ишти кайра териштирип чыгууга укуктуу экенин белгилеген:

“Башкы прокурордун укугу жетиштүү. Мурда тар чөйрөгө гана белгилүү болуп, калың калкка жетпей, жашырылып келген бир топ жагдайлар азыр айтылып, ачыкка чыгып жатат. Башкы прокуратуранын саясий өңүттөгү тергөө иштерин, соттук териштирүүлөрдү кайра кароого же аларды жокко чыгарууга көзөмөл жүргүзүүчү уюм катары толук укугу бар”.

2018-жылы февралда Бишкек шаардык соту Сарыгулов боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал “өзгөчө оор кылмышты жашыруу” беренеси боюнча айыптоочу чечим.

Дастан Сарыгуловдун адвокаты Нина Зотова Жогорку Сотко арызданышканын, иш 4-июнда карала баштаарын билдирди. Ал прокуратуранын аныктамасын алган жокпуз деди. Ал эми басылмаларга чыккан маалыматка ылайык, прокуратура да Сарыгуловдун жана аны менен бирге кармалган соттолуучулардын жазасын күчөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Садыр Жапаровдун иши Жогорку Сотто каралат

Ал тапта мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши Жогорку Сотто каралганы турат. Мунун алдында териштирүүдө күбө катары өткөн Наристе Калчаев Садыр Жапаров Саруу окуясын каржылагынын көргөн эмесмин деп маалымат таратты.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICAL
Image caption Камактагы Садыр Жапаров өзүнө кол салганы айтылган

Ал өзү да Саруудагы митингге байланыштуу 2013-жылы кармалып төрт жыл жазасын өтөп чыккан.

“Мен 2016-жылы Башкы прокуратурага жана УКМКнын төрагасына биздин ишти кайра карап бериңиз деп арыз жазгам. Ал арызды 2017-жылы Садыр Жапаровдун ишине тиркеп коюшкан. Эмне максатта экени белгисиз. Балким Жапаровго далил чогултуу максатындадыр. Бирок мен төрт жыл түрмөдө отурган жылдары да башынан эле Жапаровду күнөөлөгөн көрсөтмө берген эмесмин”, - деген Наристе Калчаев өзүнүн ишин да кайра каратуу үчүн материалдарды чогултуп жатканын кошумчалады.

Калчаев Саруу чыры боюнча кармалган отуз чакты кишинин бири. Алардын алтоо азыр камакта.

Садыр Жапаров өкмөттүн облустагы өкүлүн 2013-жылы барымтага алуу боюнча айыпталып, 2017-жылы 11 жарым жылга эркинен ажыратылган. Жогорку Сотко 2018-жылы арызданышты.

"Исаевдин иши боюнча адилеттикти күтүүдөн башка аракетке барган жокпуз"

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин мэр болуп тургандагы кызматына байланыштуу шаардык соттогу териштирүүсү жыйынтыкталуу алдында. Бүгүнкү жыйында тараптар жарыш сөзгө чыгышты.

Кийинки отурумда акыркы сөз айтылат.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Канатбек Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеген

Анын бир тууганы Талантбек Исаев саясий абал өзгөргөндүктөн бул жолку жыйын мурункулардан айырмаланганын байкаган:

“Мурда Биринчи май райондук соту соттоду. Анда шашып жатышканы байкалып жатты. Судья дагы адвокаттардын дооматын уккан жок. Шаштырып, сөз бербей же башка жака буруп кетип атканы байкалып турчу. Азыр андай болгон жок”.

Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаты катары Коопсуздук кеңешине кат жазып, тергөө материалдарындагы мыйзам бузуу деп эсептеген учурларды келтирген.

Ал Токмоктун мэри болуп турганда муниципалдык жерди өз кызыкчылыгында саткан деп “Коррупция” беренеси боюнча айыпталууда. Өткөн жылы райондук сот 12 жылга эркинен ажыраткан.

2017-жылдын аягында “Бийликти күч менен басып алууга камдануу” беренеси боюнча ачылган экинчи иши тергелип бүтүп, райондук сотко өттү.

Улуттук коопсуздук комитети Исаевди башка мүлктөрдү сатууда да айыптаган. Комитет Сарыгуловдун иши да далилденгенин мурда билдирген.

Ал эми Башкы прокуратура иштерди кайра кароо боюнча азырынча Өмүрбек Текебаевдин арызы гана келип түшкөнүн маалымдады.

“Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча адвокаттарынан арыз келип түштү. Ал каралып жатат”, - деген Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Алманбет Абдраманов арызды кароо мөөнөтү боюнча айта албай турганын билдирди.

Дастан Сарыгулов оор кылмыш боюнча айыпталуусуна макул болбой, баш прокурордон кайра териштирүүнү суранса, Исаевдин агасы адилеттикти күтүүдөн башка аракетке барышпаганын билдирди.

Алардын баары саясий негизде айып коюлду деп эсептешет.

Тектеш темалар