Тамчыда 600 кою менен үй-бүлө карда камалды

23-24-майда айрым райондордо кар түштү Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption 23-24-майда айрым райондордо кар түштү

Тоолуу райондордо кар түшүп, Нарындын Ат-Башы, Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Ысык-Көл облустарында жүздөгөн койлор кырылды. Түп районунда да калың кар жаап, бирок кесепети оор болгон жок.

Бул райондорго кар 23-24-майда жааган.

Көп сандагы мал Ысык-Көл районунда өлдү. Райондун акими Данир Иманалиев сандар дагы өсүшү мүмкүн дейт:

"Айыл өкмөттөрдүн бизге берген маалыматына ылайык, район боюнча 1017 баш кой, 42 баш уй жана 19 баш жылкы баласы өлүп жатат. Бул кечээ эсептелген сандар. Тилекке каршы дагы өсүшү мүмкүн. Мындан сырткары Тамчы айыл аймагында бир үй-бүлөнүн малы камалып калган. Адамдар өздөрү жакшы, бирок кар үйлөп, 600 чамалуу кой түшө албай турат. Болгон чоң техникабыз барды. Жайлоодогу адамдардын баары эле жакшы".

Ат-Башынын Үч-Эмчек участогунда 800 чамалуу кой айдап бараткан чабан бурганакта калып, малдары жоголгон. Ушу тапта 200 чактысы өлгөнү болжолдонууда.

"Куткаруу иштерин жүргүзүп, түн ортосунда келдик. Малды толук саноого мүмкүн болбой жатат. Бирок көпчүлүгү табылды. Өлгөндөрүн көмүү жана башка куткаруу иштерине тиешелүү техника, жардам берилди",-деди Би-Би-Сиге Ат-Башы райондук администрация башчысынын биринчи орун басары Жумагул Тентимишов.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Кырылган малдын жалпы саны дагы такталууда

Кой сегиз үйдүкү болчу.

Үч-Эмчек участогу жайгашкан аймак деңиз деңгээлинен 3000 миң метрден ашык бийиктикте. Тентимишовдун айтымында, башка чарбалар тынч.

Ак-Суу районунда жүздөн ашык кой, ошондой эле бодо мал, жылкы карда калган.

Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова айтты.

"Тактоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары малдарды чыгарууга жардам берди", - деди Шерипова.

Кар Түп районунда да калың түшүп, 24-майда жол буулуп, кайра тазалган. Район оор кесепетке туш болгон жок. Райондун акими Элчибек Жантаевдин айтымында, жайлоолорго азык-түлүк жана чөп жиберилип жатат.

Аталган жерлерде кардын калыңдыгы орточо 20 сантиметрге жеткен.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Кардан тосулуп калган Түп-Кеген жолу 24-майда кайра тазаланды

Бирок Жыргалаң айылынын тургуну, ишкер Эмил Ибаков ал жерде кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жеткенин билдирди. Ал Жыргалаңдан Эки-Чат өрөөнүнө баратканда жолго кар көчкү түшкөнүнө бир айча болсо да ал тазалана элек дейт.

"Мунун баары эртең албетте ээрип кетет. Бирок бийикке чыгып кеткен малчыларга абдан оор болот", - деген ишкер отуну, меши же калың боз үйү жок чыгып алгандар кыйналаарын жазган Фейсбукка.

Тоолуу райондордогу карды метеорология кызматы эскертип жаткан. Алдыдагы күндөргө андай коркунуч жок. Ат-Башы өңдүү бийик жерлерде бул маалда кардын жаашы демейдегидей көрүнүш болсо, мисалы, түптүктөр мынчалык калың түшкөн кар көптөн бери каттала элек болчу дешүүдө.

Тектеш темалар