Улуттук тарых музейи: коррупция маданият тармагын дагы каптадыбы?

"Барсбек" деп аталган жыгач инсталляциясынын 58 даанасынын ар бир жыгачы 600 долларга алынган
Image caption "Барсбек" деп аталган жыгач инсталляциясынын 58 даанасынын ар бир жыгачы 600 долларга алынган

Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөө иштери мыйзам бузуулар жана коррупциялык схемалар менен коштолгону тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары атайын көчмө жыйында билдирди.

Эл өкүлдөрү имараттын ремонту создуктурулганы аз келгенсип, ага сатылып алынган эмеректер өз баасынан 4-5 эсе кымбат сатылып алынган деп сындашууда.

Депутаттар алгач музейди кыдырып, аягына чыгып калган курулуш иштери жана ташылып келген эмеректер менен таанышып чыкты.

Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, тарых музейин оңдоп-түзөө үчүн 2014-жылы Түркиянын ТИКА агенттиги менен кыргыз тарап 15 миллион доллар болгон гранттык макулдашууга кол койгон. Ага ылайык Түркия музейдин ичи-сыртын кошуп, эки этап менен оңдоп бермек.

Image caption Эмеректер өз баасынан 4-5 эсе кымбат сатылып алынды деп айтылууда

Макулдашуунун негизинде, музейди оңдоо иштери Үркүндүн жүз жылдыгына карата 2016-жылы аягына чыгарылмак.

Бирок ошол учурда кыргыз-түрк мамилесинин солгундап кеткенине байланыштуу сырты бүткөрүлгөн соң, экинчи этабы токтоп калган. Арийне, Түркия оңдоо иштеринен баш тарткан эмес. Акыркы жоопту күтпөстөн өкмөт ремонт иштерин аягына чыгаруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 569 миллион сом бөлгөн.

"Музейди оңдоп-түзөөдө үч жерден мыйзам бузуу катталган. Биринчиден, Түркия өкмөтү бекер беребиз деген каражаттан баш тартып, Кыргызстандын бюджетинен 1 миллиард 569 миллион сом алып жатышат. Буга биз жок дегенде жыйырма мектеп куруп алмакпыз. Экинчиден, тендер өткөн эмес. Үчүнчүдөн, эмеректер чет мамлекеттен өтө чоң акчага сатылып алынган", -деди Иманалиев.

Image caption Иманалиев: музейди оңдоп-түзөөдө үч жерден мыйзам бузуу катталган

Ал эми Маданият министрлигинин берген маалыматына ылайык, музейди оңдоп-түзөө боюнча келишимге 2016-жылы кол коюлган. Ага ылайык министрликке музейдеги экспонаттарды демонтаж кылып, башка жерге жайгаштыруу, музейдин жаңы концепциясын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Жетекчилик аларга жүктөлгөн тапшырманы так аткардык деп эсептейт.

"Бизге жүктөлгөн тапшырманын барын аткардык. Ошондой эле тиешелүү тараптар менен бирге жаңы музейдин концепциясын иштеп чыктык. Ремонт иштери учурунда бизге ушул гана тапшырма жүктөлдү", - деди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов.

"Биздин тиешебиз жок"

Тарых музейинин жетекчилигинин айтымында, имаратты оңдоп-түзөөгө кеткен эсеп- кысап маселесине алардын жана Маданият министрлигин түздөн-түз тиешеси жок.

Анткени өкмөттүн токтомуна ылайык, акча каражаттары жана келишим түзүү маселелери толук Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан чечилген.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Мамлекттик тарых музейинин жаңы директору Кеңешбек Алмакүчүков

"Ремонт иштери боюнча тендер жарыялоо жана ошондой эле эмерек маселеси аталган агенттик тарабынан жүргүзүлгөн. Биз музейдин дизайны боюнча гана өз пикирибизди билдиргенбиз", -дейт Улуттук тарых музейинин жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүков.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Урмат Кокочаровдун айтымында, музейдин курулуш иштерине 560 миллион 30 миң сом кеткен. Ал эми витрина, эмерек сыяктуу жабдыктарына, бажы төлөмдөрү менен бардык салыктарды эске алганда 891 миллион 900 миң сом сарпталган. Курулуш иштерин сынактан жеңип алган СМУ 3 курулуш компаниясы жүргүзсө, эмерек жана башка жабдыктар менен германиялык компания камсыз кылган.

"Курулуш компаниясын тандоо үчүн тендер өткөрүлгөн эмес. Анткени долбоордун жалпы наркы бизге белгисиз болгон. Бул боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, сынактын негизде жеңүүчү аныкталсын деген өкмөттүн токтому чыккан. Сынакка 5 ишкана катышкан. Курулуш компаниясын тандоону бир гана Мамлекеттик курулуш агенттиги чечкен эмес", -дейт ал.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Тарыхчылар мумия тууралуу эмне дейт?

"Аттиштерге" салыштырылган жыгач инсталляциясы

Ошондой эле жыйын учурунда "Барсбек" деп аталган жыгач инсталляциясынын 58 даанасынын ар бир жыгачы 600 долларга алынганы, андан тышкары консультативдик-дизайнерлик кызмат үчүн 394 миң евро сарпталганы белгилүү болду.

Депутаттар мунун Бишкек ЖЭБи үчүн сатылып алынган аттиштер менен салыштырып сынга алды.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү каржы полициясына жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына аталган маселе боюнча күзгө чейин иликтөө иштерин жүргүзүп, маалымат берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Башкы прокуратура айтылган бардык маалымат текшерилерин билдирди. Эскерте кетсек, музей 2018-жылдын 31-августунда ачылаары пландалууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар