Милициянын курчоосунда кыйылган өмүр

милиция бөлүмү Сүрөттүн автордук укугу FRANCOIS GUILLOT/AFP/Getty Images

Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө жаш кыз бычакталып өлтүрүлдү. Кызды ала качып бараткан таластык адам милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында өзүнчө бөлмөгө бекинип алып, кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урган.

Бычакталган кыз ооруканага жетпей жан берген. Бул кылмышка жол берген милиция кызматкерлеринин жоопкерчилиги да кошо каралган жатат.

Жайыл райондук милициясынын ичиндеги кандуу окуя жекшембиге караган түнү саат эки жарымдарда болгон. Кырчындай адам өмүрү кыйылган түрү суук кылмыштын чоо-жайын Би-Би-Сиге ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

"Атасы милицияга телефон чалып кызын ала качып кеткенин билдирген. Жалал-абадддык кызды Таласка ала качып баратышкан. Кызды ала качып бараткандардын автоунаасы Сосновкадан кармалып, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишет. Бала менен анын теңтушу короонун ичинде калышкан. Кызды өзүнчө бөлмөгө алып кирип арызын жаздырып башташкан. Кезметтеги милиция кызматкери рапортту жазып жатканда кыз отурган бөлмөгө сырттан ана ала качкан бала кирип келип, анын ичинен бекитип алып, ызы-чуу башталып кеткен. Ал кызга бычак сайып, өзүн да кошо сайган. Аларды ооруканага алып барганча кыз каза болуп калган",-деди Бакыт Сейитов.

Бул жерде милиция кызматкерлери карап туруп кантип бул кылмышка жол беришти деген суроо болуп жатат. Анын үстүнө милиция бөлүмү режимдүү объект, ал жерде кармалган адамдар сөзсүз милициянын көзөмөлүндө болууга тийиш эле. Ошондуктан тийиштүү милиция кызматкерлеринин шалаакылык мамилеси боюнча жоопкерчилик каралышы керек болууда.

"Бул жерде милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы, өзүнчө көзөмөл кылбагандыгы боюнча сөзсүз түрдө жоопкерчилиги каралат. Анткени эшикти тосуп турган милиция эч кимди киргизбеш керек эле. Кирсе да милициянын коштоосунда кириши керек эле.

Милиция бөлүмүнүн өзүнүн ичинде адам өлтүрүү кылмышына жол берилген бул, балким, элге белгилүү болуп жаткан биринчи окуя. Бул ансыз деле көп сын угуп жаткан милициянын беделин ого бетер түшүрбөй койбойт. Ошондуктан милиция жетекчилиги бул кылмышка эмнеге жол берилген, ким жол бергенин тыкыр иликтеп, тийиштүү чараларды көрүшү керек деп жатышат.

Бычакталып өлтүрүлгөн кыздын ата-энеси азыр кайгыга батып турган учуру, алар дагы өзүнчө бир арыз менен кайрылышы мүмкүн. Бирок ага чейин эле милиция өзүнүн ичинде иликтөө иштерин баштаганы айтылууда.

Тектеш темалар