Өлкө лидери эки жылда же эки аптада эмнени өзгөртө алат?

Президент Сооронбай Жээнбеков, Шавкат Мирзиёев, Никол Пашинян

Президент Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланганына жарым жыл болду. Айрым серепчилер мамлекет башчы кыска убакыт аралыгында постреволюциялык саясаттан четтеп, башкаруунун жаңы системасын колго алгандыгын айтып, аны маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири катары баалоодо.

Бирок мамлекеттик ички реформа жүргүзүүдө алты ай жетиштүү убакыт экенин айтып, сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоодо жана жемкордук менен күрөшүүдө олуттуу өзгөрүүлөр байкалбай жатканын сындагандар дагы жок эмес.

Жээнбеков башкарган жарым жыл: өзгөрүүлөр жана жаңылануулар

Сооронбай Жээнбековдун башкаруусу адаттагыдай эле өзүнүн командасын түптөп, жогорку кызмат орундарынын жетекчилерин алмаштыруу менен башталды. Президенттин мындай кадамы коомдо кызуу талкууланып, айрымдар муну саясатта болуп келген нормалдуу көрүнүш катары бааласа, башкалары Жээнбеков мурдагы президент менен болгон достук мамилесин четке жылдырып, алардын ортосунда кандайдыр бир ажырым жана кадрдык тирешүү пайда болду деген баасын берип жатты.

Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Президенттин жарым жылдык ишине баа берген оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков, өлкө башчысынын мындай кадамын көпчүлүк күтпөгөн маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири катары баалады. Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү болсо дагы экс-президент учурунда аткарылган иштердеги бир топ коррупциялык элементтердин ачылышына шарт түзүп жатканы мактоого арзыйт дейт экс-депутат.

"Биринчиден, Бишкек жылуулук электр борборундагы, Ысык-Көлдөгү ат майданынын курулушундагы, Улуттук тарых музейиндеги коррупциялык схемалардын ачылышына шарт түзүлүп жатканы, кандайдыр бир деңгээлде жасаган иштери тууралуу маанилүү көрсөтмө берүүдө. Экинчиден, сөз эркиндиги багытында журналисттерге, жарандык коомдун өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүп, президент катары "сөз эркиндигин колдошубуз керек" - деген билдирүүсү Жээнбековдун алгачкы жакшы көрсөткүчтөрүнүн бири катары баалоого болот. Үчүнчүдөн, демократияны колдоп, ошону менен бирге Европа мамлекеттери менен эки тараптуу кызматташтык мамилени түзөм деген көз карашын айтсак болот",- деди Равшан Жээнбеков.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан

Легендарлуу парламенттин депутаты Мукар Чолпонбаев Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин программасын улантам деп убада бергенин жана анын өзүнүн жеке программасы болбогонун чоң кемчилик катары баалады. Саясатчы жарым жыл аралыгында президент аткарган олуттуу бир өзгөрүүлөрдү же жаңыланууларды байкаган эмес. Ал өлкө башчысы сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоо багытында конкреттүү кадамдарды жасай албай жатканын сынга алды.

Сүрөттүн автордук укугу official

"Февралда Коопсуздук кеңешинин отурумунда коррупцияга каршы күрөшөм "мен достукка, тууганчылыкка карабайм"- деген сөздөрү жакшы нерседен үмүттөндүргөн. Бирок ошол сүйлөгөн сөзүнөн башка президенттин аткарган жакшы иштерин көрө элекмин. Маселен, Сотторду тандоо кеңешине оппозициячыл маанайдагы депутаттардын, бийлик тарабынан көрсөтүлгөн жөнөкөй адамдар кирүүсү- абсурд. Сот системасында бир күн иштебеген, иштин көзүн билбеген кишилер кантип сотту тандайт?",- деди Чолпонбаев.

Ошондой эле саясатчылар Сооронбай Жээнбековдун жарым жылдык башкаруу системасында өлкөнүн эң негизги тармагы болгон экономика жаатында деле олуттуу өзгөрүүлөр байкалбаганын айтат. Учурда өлкө экономикасында чоң кыйынчылык бар экенин жана бюджеттин абалы дагы мактанаардык эмес экенин айткан саясатчы Равшан Жээнбеков, азыркы тапта Кыргызстандын тыштан жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү аз экенин белгилейт.

"Тыштан келчү айрым донорлор, эл аралык уюмдар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурундагы терс мамиленин негизинде бизге мамилесин өзгөрткөн. Маселен, Орусиянын мүмкүнчүлүгү кескин түрдө азаят. Себеби, алардын өздөрүнүн кыйынчылыктары аябай көп. Кытай тараптан болсо Бишкек жылуулук электр борборундагы жана "Датка-Кемин" электр линиясынын маселесиндеги чатактардан кийин насыя берүү, биздин экономиканы колдоо шартынан баш тартуу мүмкүнчүлүгү жогору. Ал эми мамлекеттин ички экономикалык абал тууралуу айта турган болсок, тилекке каршы бүгүнкү күндө өкмөт бул багытта алсыз. Эмне саясат жүргүзөөрүн билбей жаткандай", - деп кошумчалады Жээнбеков.

"Учурда Кыргызстандын, Казакстан, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен болгон мамилеси жакшырды. Бул дагы мамлекет башчысынын ишинин жетишкендиктеринин бир",- деди серепчи Бакыт Бакетаев.

Кыргызстанда жаңылануу процесси башталуу этабында экенин айткан серепчинин пикиринде алты ай аралыгында мамлекет башчынын ишине оң же терс баа берүү эртелик кылат. Ошондой болсо дагы президенттин достук мамиле менен саясатты экиге бөлүп кароосу анын саясий эрктүүлүгүнөн кабар берет.

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев эки жылда эмне кылды?

Сүрөттүн автордук укугу PAVEL GOLOVKIN/AFP/Getty Images

Mындан эки жыл мурун Өзбекстанда бийлик алмашып, өлкөнү 27 жыл башкарган Ислам Каримов каза тапкандан кийин премьер-министр кызматындагы Шавкат Мирзиёев бийликке келген эле.

Башында Мирзиёевдин өлкөнү өзгөртүүгө умтулган кадамдарын популисттик, убактылуу кадам деп ишенбей карагандар болду. Кийин эксперттердин көпчүлүгү дүйнөдөгү эң жабык жана авторитардык мамлекет бүтүндөй өлкөнү өзгөртө турган прогрессивдүү реформаларды баштады деп баалады.

Сүрөттүн автордук укугу VALERY SHARIFULIN/TASS

Өткөн жылы сентябрь башынан өкмөт валюталык рынокту либералдаштыруу боюнча реформаны баштады. Ѳзбекстанда көп жылдардан бери биринчи жолу чет элдик валютаны банктарда легалдуу түрдө алмаштырып калышты. Бул реформага чейин алмашуу курсу кандай болорун рынок эмес, мамлекет аныктап келген, акча алмашуу саналуу адамдар гана энчиси болгон.

Сүрөттүн автордук укугу BRENDAN SMIALOWSKI/AFP/Getty Images

Валютаны конвертация кылууну чектөө тышкы инвесторлорду тартууга чоң тоскоолдук жаратып келген, анткени инвесторлор өздөрүнүн кирешесин чыгара албай убара болушчу. Мирзиёев күч органдарынын башчыларынын позициясын алсыратуу үчүн ушундай реформаларга барып жатканы дагы айтылган эле. Эксперттердин баамында, күч органдарынын жетекчилеринин саясий капиталы алардын финансы булактарын кармап турушу менен тыгыз байланыштуу болгон. Ошондуктан валютаны либералдаштыруу биринчи кезекте алардын позициясына сокку урду. Өлкөдөгү эң таасирлүү киши - Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятов кызматтынан кеткенде, ушул реформага байланыштырышкан.

Валюта менен кошо административдик реформага да старт берилди. Андагы башка максаттар - мамлекеттик башкарууну борборлоштуруудан кетүү болуп саналат. Мындай түшүнүктүн өзү бардык бийликти бир колго топтоп алган Ислам Каримовдун тушунда ойго да келчү эмес. Ѳзбекстандын коңшу өлкөлөрү Кыргызстан, Тажикстан менен Каримовдун учурунда бузулган мамилелер жакшыра баштады.

Бирок адам укугу жаатындагы жылыштар азырынча белгилеп айта турган деңгээлде жасала элек.

Эки аптада Малайзияны дүңгүрөткөн иштер

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Махатхир Мухаммед 10-майда кайрадан Малайзиянын премьер-министри катары ишке киришти. Махатхир мурда премьер-министр кызматын 1981 - 2003-жылдары ээлеп турган.

92 жаштагы Махатхир Мухаммеддин 15 жылдан кийин саясатка кайтып келгенине көптөр кубанып, өлкө кайрадан тез өнүгүү жолуна түшөт деп үмүттөнүшүүдө. 1988-96-жылдары Малайзиянын экономикасы жылына 9-10 пайызга өскөн. Бирок ошол эле учурда эксперттер Махатхир Мухаммеддин авторитардык ыкмаларын, улутчулдук саясатын жана сөз эркиндигин чектегенин эске салып турду.

Махатхир Мухаммед бийликке келгенден кийин дароо коррупция менен күрөштү баштады окшойт. Ал "мурдагы өкмөттөн өч алууну көздөп жаткан жокмун" дегени менен, өзүнүн шакирти деп саналган Нажиб Разак коррупция боюнча айыпталып, тинтүү иштеринен кийин анын үйүнөн 29 миллион доллар табылды. Бул каражатты полиция үч күндөн кийин гана санап бүткөнү айтылууда. Нажиб Разак болсо дооматтарды четке кагып келет.

Жаңы өкмөт Нажиб Разак түзгөн 1MDB аттуу инвестициялык фонддун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алмакчы. Айрым маалыматтарга ылайык, инвестициялык фонддон 4.5 миллард доллар уурдалган.

Экинчиден, Махатхир Мухаммед оппозициячыл саясатчы Анвар Ибрагимге мунапыс берип, ал абактан бошотулду. Анвар Ибрагим жакын арада Махатхир Мухаммеддин оордуна премьер-министр катары дайындалат деп жоромолдонууда. Ал 2015-жылы абакка кесилген.

Үчүнчүдөн, жаңы өкмөт жергиликтүү калкты нааразы кылган сатуудан алынуучу салыкты июнь айынан баштап жоймой болду. Алты пайызды түзгөн салыкка тургундар каршы болгону менен, 2017-жылы бул ыкма аркылуу 11 миллиард доллар бюджетке түштү. Эми өкмөт бул акчаны башка жолдор менен топтоону караштырат.

Төртүнчүдөн, Махатхир Мухаммед 14 миллидар долларлык темир жол долбоору боюнча келишимди кайра карап чыгууну Кытайга сунуштап жатат. Жаңы премьер-министр бул долбоор Малайзиянын экономикасына "эч кандай киреше деле алып келбейт" деп маалымдады. Махатхир Мухаммед чоң долбоорлордон баш тартып, өлкөнүн карызын 50 миллиард долларга кыскартууну көздөйт. Бул долбоор 2026-жылы жыйынтыкталмак.

20 күндө өзгөргөн Армения

Сүрөттүн автордук укугу Tass

Арменияда апрель айында миңдегендер нааразылык акцияга чыгып, өлкөнүн премьер-министри Серж Саргсян кысым алдында кызматтан кеткен.

Нааразылык акциялар башталып жатканда оппозициячыл саясатчы Никол Пашинян демонстрацияларды тынч мүнөздөгү "баркыт ыңкылабы" деп атаган. Армениянын парламенти Пашинянды 8-майда премьер-министр кызматына бекитти.

Пашинян бийликке келгенден кийин бир топ министрлерди кызматтан алды. Финансы министринен тарта, ички иштер министри жана Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы дагы алмашты.

Image caption Пашинян бийликке келгенден кийин бир топ министрлерди кызматтан алды.

Пашинян кадрларын дайындагандан кийин бажыдагы коррупциялык схемалар ачыкталды. Айрым маалыматтарга ылайык, бул схемалардан улам мамлекеттин бюджетине жети миллион доллар түшпөй калган.

Пашинян ар бир кадамын "Фейсбук" баракчасы аркылуу бүтүндөй өлкө жарандарына кабарлап жазып жатканы дагы жылуу кабыл алынууда дейт байкоочулар. (AbA\AT\VA)

Тектеш темалар