Залкар: Кыргызстандык жаштар IT тармагында атаандаштыкка туруштук берсе

Залкар Зияидин уулу.
Image caption Залкар Зияидин уулу

"Кыялдын арты менен" деген түрмөктүн алдында чет өлкөдөгү алдыңкы 100 окуу жайда окуп жаткан 100 кыргызстандык тууралуу айтып беребиз. Бул жолу Америкадагы Bennington College окуу жайына өтүп, билим алууга камынып жаткан Залкар Зияидин уулу биз менен ой бөлүшөт.

Залкар Зияидин уулу: Мен окууга өткөн окуу жай АКШнын Вермонт штатында жайгашып, Америкадагы эң алдыңкы жүз коллеждин бири болуп саналат. Бул окуу жайды тандаганымдын негизги себеби – окуу жайда IT тармагында билим берген белгилүү профессор бар. Аны менен жолугуп, колунан билим алгым келет. Ал киши интернет аркылуу тааныгам. Эң кызыктуусу Андреа Сентинио атактуу “Microsoft” компаниясында иштеп келген. Ал “Bing” деген издөөчү программанын негизги ойлоп табуучусу. Адамдар бул программа аркылуу миллиондогон маалымат тапса болот.

Би-Би-Си: Ушундай атактуу профессорлор эмгектенген Bennington Collegeне кантип өтүп калдың?

Залкар Зияидин уулу: Мен мектепте окуп жүргөндө эле Америкада окуу негизги максатым болчу. 8-классымда Kyrgyz Leaders Academy, башкача айтканда АКШга окуу жайга даярдаган организацияга кирип, билим алгам. Эки жылдай англис тилимди жакшыртып, атайын тесттерден өтүп, 10-классымда Bennington Collegeне өттүм. Ал жакта 4 жылдык бакалавр окуйм, буюрса 2022-жылы бүтөм. Негизги максатым - IT тармагындагы көп билимди өздөштүрүү. Кыргызстанга келгенден кийин Unicode – компютердик программалоочу академияда ишимди улантып, жаштарга көбүрөөк маалымат бергим келет.

Image caption IT тармагы боюнча билим алып жаткан жаштар.

Би-Би-Си: Ал эмне болгон академия, кыргызстандык жаштар бул тууралуу канчалык кеңири билет?

Залкар Зияидин уулу: Бул академиянын негизги максаты - кыргызстандык жаштарга IT тармагы боюнча жеткиликтүү билим берүү. Анткени көпчүлүк жаштар университеттерден аябай эскирип калган система менен билим алат. Бул кесиптик рыноктун талаптарына жооп бербейт. Ошондуктан окууну бүтүп алып жумуш таппагандар көп болот. Билим сапатын жакшыртуу үчүн интернет аркылуу билим алса болот, бирок ал курстар аябай эле кымбат. Ошондуктан биз сапаттуу, ошол эле кезде финансылык жактан оор эмес кошумча билим берүүнү максат кылганбыз. Көбүнчөсү алдыңкы жылдары муктаждык жараткан программаларды билип, ошого карата адис даярдайбыз. Анткени биз жаштарга жумуш таап беришибиз керек. Бизге төлөгөн акчасын кийин жумушунда 10-100 эсе актай алгандай болушу керек. Бул академияны 2017-жылы Америкада иштеп жүргөн Сейитбек Усманов экөөбүз негиздегенбиз.

Би-Би-Си: Сиздерге көбүнчө кимдер билим алганы келет? Окуу акысы канча турат?

Залкар Зияидин уулу: Орточо айтканда 20-25 жаш курактагылар көп келет. Учурда элүүдөн ашык жаштар бар. Окуу жарым же бир жылга созулат, ай сайын 4-5 миң сомдон төлөшөт. Андан ары жумуш таап иштеп кетишет. Бизде жалпы ондой мугалим иштесе, алардын айрымдары 8-10 жылдан бери ушул тармакта иштеген дасыккан адистер. Азыр бир эле борбордо иш алып барып жатабыз, жакында башка шаарларда дагы ачылуу планыбыз бар. андан сырткары, программисттерден сырткары, мектеп окуучулары үчүн дагы курстарды даярдап жатабыз. Анткени 5 жаш болобу, он жаш болобу, азыркы доордун адамы компьютер менен бир тилде сүйлөгөнду билиши керек. Бул замандын талабы. Мисалы, 50 жыл мурда китеп окууганды сөзсүз билиши керек болгондой эле, азыр компьютерди чукулап, программа жазууну билүү керек.

Би-Би-Си: Жергиликтүү окуу жайларды бүткөн көпчүлүк программисттер эмгек рыногунун талабына жооп бербейт деп айтып өтүңүз. Муну кандай негиздейсиз?

Залкар Зияидин уулу: IT тармагында иштеген көпчүлүк адистер мени менен макул болушса керек. Биздин окуу жайлардагы программаны өзгөртүү аябай эле кыйын. Муну ал жерде иштеген профессорлор дагы билет. Мамлекеттик окуу жай болгон үчүн бир жерди өзгөртүү үчүн 4-5 жыл убакыт кетип калышы мүмкүн, анткени бири-бири менен байланыштуу, чырмалышкан. Андыктан IT тармагында билим берүү дүйнөдөн бир аз артта калып жатат.

Image caption Залкар Зияидин уулу: Өзүмө жаккан профессордон билим алуу үчүн АКШга баратам.

Би-Би-Си: Бул тармакка өтө кызыкканыңыз байкалып турат. Адатта кыргыз коомунда жаштар ата-энесинин тандоосу менен кесип тандаган учурлар көп эмеспи. Буга көз карашың кандай?

Залкар Зияидин уулу: Жок, ата-энем экөө тең жөнөкөй ишкерлер. Бул тармактан алыс. Мен өзүм эле кызыгып калгам. Мектепте информатика боюнча олимпиадага катышып жүрүп, компьютерге кызыгуум күчөгөн. Азыр болжол менен 10 саатка чейинки убактым компьютер менен өтөт. Андан ашыкча болсо ден-соолукка зыян экенин билим, кээде өзүмдү чектеп турам.