Каптагаев: Жапаровдун сотунан акыйкат чечимди күтүп жатабыз

Жогорку Сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кароону 5-июнга калтырды. Бүгүнкүгө белгиленген соттук териштирүү соттордун бири келбей калганына байланыштуу жылдырылганы айтылды.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында митинг уюштуруп, өкмөттүн ошол кездеги Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катыштыгы бар деп айыпталган.

Биринчи Май райондук соту 2017-жылдын 2-августунда Садыр Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси, тактап айтканда бийлик өкүлүн барымтага алуу боюнча айыптап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте камакка алуу өкүмүн чыгарган. 17-сентябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Жапаровдун адвокаттары эми доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылды.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов Би-Би-Сиге Жогорку Сотто иш адилеттүү каралат деген үмүттө турушканын айтып берди:

"Өлкө башчысы тарабынан сот жана укук коргоо органдарынын туура нукка өзгөртүү талап кылынып жатат. Андыктан соттор адилет чечим чыгарат деген үмүтүбүз чоң",- дейт адвокат.

Image caption Жогорку Сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кароону 5-июнга калтырды.

Бүгүнкү соттук отурумга катышуу үчүн өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы атайын өкүлү Эмилбек Каптагаев да келди:

"Сот кандай өкүм чыгарат ким билет, бирок эл акыйкат чечимди күтүп жатат. Бул иште боюнча айыпталып жаткан Садыр Жапаровдун күнөөсүн тастыктаган далил жок. Мен муну биринчи отурумдан бери эле айтып келе жатам. Сүрмө топ кылып, бир беренеге тактап соттой берген болбойт. Менен түшүнүгүм боюнча бул саясий буюртма эле болуп калды. Анткени көрсөтмө берип, "Садыр Жапаровдун буюртмасы менен митингди мен уюштурдум" деген Кенжебек Жумабаев тогуз жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал Жапаровго каршы арыз берип, бир жыл отурбай чыгып кетти. Бул жерде түздөн-түз соодалашуу болгон. "Сен Жапаровдун үстүнөн арыз жазсаң, бошотобуз" деген кептер айтылган. Ал эми анын көрсөтмө катары берген арызы далил болуп эсептелбейт. Ал тергөөгө негиз гана болуп саналат. Негиз болчу ишти, далил катары алып, Жапаровду он бир жарым жылган эркинен ажыраткандын өзү мыйзамсыз. Бүгүнкү күнгө чейин тергөөчүлөр кылмыш ишин толук ача алышкан жок, демек тергөө чийки болгон", - деди Каптагаев.

Садыр Жапаров өлкө сыртында жүрүп, 2017-жылы 25-мартта өлкөгө келип, чек арадан өтүп жатканда кармалган. Аны колдоп митингге чогулгандар таратылып, коомдук тартипти бузган деп бир нече киши кармалып, 12 киши "бейбаштык", "башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү" сыяктуу беренелер менен айыпталган. Камакта кармалып турган учурда өткөн жылдын апрелинде Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салганы белгилүү болгон. Садыр Жапаровдун жактоочулары муну саясый куугунтук катары баалап, ага адилетүү чечим чыгарууну талап кылып келишүүдө.

Тектеш темалар